20 августа, 2025

Эне – бир колу менен бешикти, бир колу менен ааламды терметет

Эне — дʏйнɵдɵгʏ эң ыйык, эң мээримдʏʏ жана алмашкыс адам. Ар бир адамдын жашоосунда апасынын орду ɵзгɵчɵ. Эненин мээрими бала ʏчʏн биринчи жарык, биринчи тынчтык, биринчи сʏйʏʏ. Энелер майрамын утурлай “Менин апам” рубрикасынын коноктору Ош шаардык кеңешинин депутаттары.

Жамал Ормонова, Ош шаардык кеңешинин депутаты.

Апам учурда 95 жашта. Дени сак, акылы тунук. Абдан ак кɵңʏл, айкɵл, сабырдуу, токтоо мʏнɵздʏʏ, эч кимдин артынан сʏйлɵбɵгɵн, ушактан алыс, кыраакы аял. Ɵзʏнʏн ʏлгʏлʏʏ жʏрʏм-туруму менен бизди тарбиялап чоңойтту. Бала чагым Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу ɵрɵɵнʏндɵгʏ Кɵк-Арт айылында ɵткɵн. Ал убакта кɵпчʏлʏк иштер колдо жасалчу. Колдо кир жуулуп, колдо саймаларды сайып, шырдак токуп, колдо камыр кесип, уйларды деле саап, балдарын карап, апам ушул иштердин баарына ʏлгʏрчʏ. Жайлоого да чыкчубуз. Бир туугандарым менен китепти кɵп окуйт элек. Мен активист болуп мектепте эле жʏрɵ берчʏмʏн. Атам менен апам дайыма окуубузга шарт тʏзʏп берген. ʏй-бʏлɵдɵ сегиз бир тууганбыз. Ата-энем баарыбызды билим алууга багыттап, турмуштан ɵз ордубузду табууга ʏйрɵттʏ. Атам 67 жашында эле каза болуп калган. Мʏнɵзʏмдʏ, сырткы келбетими кɵпчʏлʏк атама, токтоолугуму, сабырдуулугумду апама окшоштурушат. Атам абдан чечкиндʏʏ, иштин кɵзʏн билген, калыс киши болгон. Апамын ууз-чеберчилиги мага ɵткɵн десем жаңылбайм. Апам шырдак жасаганда оюусун чийип, жаныбарлардын да сʏрɵттɵрʏн тартып берчʏмʏн.

Ошентип айылда 8-класска чейин билим алып, андан кийин 1980-жылы Жалал-Абаддагы медициналык окуу жайына тапшырдым. Окууну бʏткɵндɵн кийин эмгек жолумду Баткендеги райондук медицина мекемесинде медайым болуу менен баштадым. 1986-жылы борбор шаарыбыз Бишкектеги, ал убакта Фрунзе деп аталчу, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, 1992-жылга чейин билим алдым. Андан соң Ошко келип, облустук тɵрɵт ʏйʏндɵ бир жылдык интернатураны ɵтɵп, кийин Ош шаардык тɵрɵт ʏйʏнʏн тɵрɵт залында ʏч жыл акушер-гинеколог болуп иштедим. 1996-жылдын кʏз мезгилинен тарта тʏштʏк региону боюнча онкогинеколог дарыгери болуп 2018-жылга чейин ʏзʏрлʏʏ эмгектендим. Андан соң ɵзʏмдʏн “Жамал” деп аталган жеке клиникамы ачтым. Азыркы кʏнгɵ чейин ошол клиниканы жетектеп келем. Кесибим – онкогинеколог дарыгер. Медицина илимдеринин кандидаты жана доцентимин. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин акушердик жана гинекология кафедрасында окутуучу болуп иштейм. Тʏштʏк аймактагы дарыгерлерди кайра даярдоочу дипломдон кийинки медициналык билим берʏʏ институтунда да дарыгерлерди окутуп келем. Жалал-Абад шаарындагы Илим изилдɵɵ медицина-социалдык институтунун ардактуу профессорумун. Мындан сырткары, коомдук иштерге да активдʏʏ катышып турам. Мурдагы чакырылыштын депутаты болгонмун, азыр алтынчы чакырылыштын депутаты катары иштеп жатам. Бул ийгиликтеримдин баарына ата-энем себепчи. Ошол адамдардын тарбиясы, колдоосу, ак батасы менен дайыма ийгиликтердин ʏстʏндɵ жʏрɵбʏз.

Алымбек Эргешов, Ош шаардык кеңешинин депутаты

Мен Ош шаарынын Озгур айылында тɵрɵлʏп, чоңойдум. Апам кесиби боюнча англис тили мугалими. Алты бир тууган болсок, баарыбызга “дайыма китеп окугула, билим алгыла, изденгиле” деп айтып турчу. Адамдын ар бир жетишкендиги адамдын ɵз аракетинен дейбиз, бирок, ошол аракетке жол кɵрсɵткɵн энедей устаттар бар болушсун дээр элем. Азыр 40 жашка чыкканыма карабай ата-энемдин жанында ɵзʏмʏ дагы деле бала сезем. Бизди урушпай чоңойтушту. Айрыкча мен ɵтɵ эрке болчум. Эстесем кичинемде сɵз укпай, аябай шоктук кылсам да апам бизге кол кɵтɵрбɵптʏр. Болгону “атаңа айтам” деп койчу, атамдан коркор элек. Анткени атамын тарбиясы темирдей тартипти талап кылчу. Атам куруучу болуп иштеген. Мен да атамын жолун жолдоп, кийин куруучулук адистикти тандагам. Мен ушундай ʏй-бʏлɵдɵ чоңойгонум ʏчʏн сыймыктанам. Атам менен апам биздин кɵзʏбʏзчɵ эч качан катуу урушкан эмес. Ушул тынчтык, сый мамиледен биз да ʏлгʏ алып, азыр келинчегим экɵɵбʏз да ʏйдʏн тынчтыгын сактап, ынтымакта ɵмʏр сʏрʏп келе жатабыз.

Биз кɵп бир тууган болгондуктан майрамдарда, апамын туулган кʏнʏндɵ ар кимибиз ɵз алдыбызча белек беребиз. Апам ак калла гʏлʏн жакшы кɵргɵндʏктɵн, сɵзсʏз гʏл алып барабыз. Азыр кудайга миң мертебе шʏгʏр, ата-энем маңдайымда. Тɵрʏбʏздʏн кɵркʏ болуп, бактылуу карылыктын доорун сʏрʏп жаткан учурлары.

Жазгʏл Жумабаева, Ош шаардык кеңешинин депутаты.

Дʏйнɵнʏн бир да тилине которулбаган “Алдыңа гана кетейин” деген сɵздʏ АПА гана айтат эмеспи. Элибиздин наркы да апа касиетине жɵлɵнʏп турат. Ошондуктан С.Касмамбетовдун: “… изи иңирди да жарык кылган, илеби тʏнʏ бою жанып турган, бардык апаат башына ʏйʏлсɵ да, баласынын бактысы ʏчʏн жаны курман” деген нарктуу сɵзʏ АПАдан башкага арзыбай турганын айткым келди.

ʏй-бʏлɵдɵ 7 бир тууганбыз, 4 уул, 3 кыз. Апам Чекирова Чынаркан Аксынын кызы, “Баатыр эне” орденинин ээси. “Жетɵɵнʏн ичинен сени чоңойтуу ɵтɵ кыйын болгон” деп ата-энем кɵп айтышчу. Чынын айтсам, балалыгымдагы урунттуу учурларымды эстегенде атам жɵнʏндɵ кɵбʏрɵɵк сʏйлɵйм. Сен кайсы жашта болбо, баары бир балалыгыңа кайрылат экенсиң. Атам экɵɵбʏз бир команда, калгандары ɵзʏнчɵ команда эле (кʏлʏп). “Айдан тʏшкɵн кызым” деп эркелетчʏ балалыгымда. Бирɵɵлɵр “Кимдин кызысың?” – деп сурашса, “Айдан тʏшкɵнмʏн” деп ɵктɵм ʏн чыгарып жооп берчʏмʏн. Коңшубуз Райимбек аба бул сɵзʏмʏ кайра-кайра уккусу келчʏ, сыягы. “Аа, таапис” – деп басып кетчʏ. Кийинчерээк “Жетинин бири – кыдыр”, менин “кыдырым” деп калчу. Атам ыраматылык макалдатып кеп курган, тамашакɵй, чынчыл киши болгон. Атам жɵнʏндɵ далай эскерʏʏлɵрдʏ жазармын…

Ал эми апанын ордун атам кɵз жумгандан кийин билдим. Убагында ордун сезгим келбегенине, ызалантканыма ɵкʏнɵм. Кɵрсɵ, кайраттын баары, мээнеттин баары, сабырдын баары апамда экен эле. Эң эле чыйрагы, тиргиликке тыңы ушул кызым деп, мага болгон ишеними чоң, кɵксɵɵсʏ бийик болчу. Бир учурду эстеп кеттим: Канчанчы класста окуганым деле так эсимде жок, муктаждык-жетишпестик болуп турган учур, элдин кɵпчʏлʏгʏ загыра нан да жеп калган. Апам ар кʏнʏ таң супа салган маалда 12 нан жаап, 10 нанын Кара-Кулжанын (Совет дечʏбʏз ал кезде) борборуна барып сатып, кайра ун алып келет элем. Ал эми 2 нан биздин  бир кʏндʏк муктаждыгыбыз. Ошол 2 нан менен ʏй-бʏлɵнʏ багып аткандай жоопкерчилик, менден кɵз каранды болгондой. Бир кʏнʏ камыр жакшы ачыбай калган окшойт эле, толук ачытайын десе сары автобустан кечигип калмакмын да. Нанды жапса, кʏлдɵп кетиптир, эптеп сатасың деп салып берди. Менин кʏлдɵгɵн нанымы кɵрʏп, эч ким албайт. Ушунчалык ызааландым, ыйламсырап калгам. Эгерде нанды сатпасам, ун да ала албайм, ʏй-бʏлɵбʏзгɵ деген 2 нан да жок. Анан нанды арзандатып айтып, “Нан алыңыз, арзан” деп кыйкырып сатып бʏттʏм. Жетишинче ун алып, эч нерсе жебей (базарга келген сайын шириндик жеп, бактылуу болот элем да), ʏйгɵ жетип эле, мукактанып айта албай, ыйлаган бойдон башымы бекитип жатып алдым. Апам ɵзʏн кʏнɵɵлʏʏ сезип, утуру кирип сооротконго аракет кылат, тамак алып кирет, башымы кɵтɵрбɵй ого бетер кʏчɵп шолоктойм. Апамын ошол убактагы абалын сезбеген чыгармын, бирок ɵзʏм АПА болгондо сездим. Кɵрсɵ, эненин жʏрɵгʏ жумшак, эненин камкордугу кʏчтʏʏ, эненин тилеги таасын болот тура… Кыз киши атага жакын деген ɵтʏрʏк кɵз карашты тɵгʏндɵгʏм келди. Апа – бул ɵмʏрдʏн, ʏмʏттʏн, мээримдин башаты. Эненин мээрими – Кʏндʏн табынан да ɵткɵн таптуу.

Таңсулуу  Сʏйʏнали кызы

About The Author