Музыка – бул улуттун ʏнʏ. Ал ʏн Оштогу жʏздɵгɵн балдардын жʏрɵгʏндɵ дал ушул дубалдар арасынан жаңырып баштайт. 1956-жылдан бери иштеп келе жаткан Саид Бекмуратов атындагы Ош шаардык №1 балдар музыкалык мектеби – жаш таланттар ʏчʏн маданий жана чыгармачылык жолдун башаты. Бул уядан канат кагып, кыргыз маданиятына аты чыккан ондогон ысымдар жаралган. Учурда мектепти директор Адилет Аскаров жетектеп, ɵнɵргɵ умтулган балдардын келечегине жол ачууда.

Музыка менен башталган ɵмʏр жолу
— Адилет Жаныбаевич, музыка тармагындагы эмгек жолуңуз кантип башталган?
— Мен бул мектепте он жылдан ашуун убакыттан бери эмгектенип келем. Мугалимдик жолум дал ушул жерде башталып, кийин орус элдик аспаптар бɵлʏмʏнʏн башчысы болдум. 2024-жылдын ноябрь айынан тартып мектеп директору болуп иштеп жатам. Бул кызмат мен ʏчʏн чоң жоопкерчилик жана ошол эле учурда сыймык.
Мектептин тʏптɵлʏшʏ

—Музыкалык мектептин жаралуу тарыхына кайрылсак?
—1956-жылы негизделген №1 музыкалык мектеп Оштогу алгачкы музыкалык билим берʏʏ борборлорунун бири болгон. Алгачкы жылдары скрипка жана орус эл аспаптары боюнча гана билим берилчʏ. Убакыт ɵтʏп, Маданият министрлигинин колдоосу менен башка облустардан адистер чакырылып, фортепиано, ʏйлɵмɵ жана кыргыз эл аспаптары бɵлʏмдɵрʏ ачылган.
Мектепке улуу кыякчы жана композитор Саид Бекмуратовдун ысымы ыйгарылган. Бул ысым бʏгʏнкʏ кʏндɵ да маданий жоопкерчилик менен ɵнɵргɵ берилгендиктин символу катары сакталып келет.
Окуу процесси жана бɵлʏмдɵр

— Мектепке окуучулар канча жаштан баштап кабыл алынат?
— Мектеп учурда 351 окуучуга билим берʏʏдɵ. Биз 7–8 жаштагы, 2-класстан жогору балдарды кабыл алабыз. Окуу мɵɵнɵтʏ – 5 жыл. Сабактар топтук жана окуучунун жɵндɵмʏнɵ жараша жеке негизде ɵтɵт. Ар бир балага аспап тандоого эркиндик берилет.
— Кайсы бɵлʏмдɵр иштейт?
— Бизде фортепиано, кыргыз эл аспаптары, орус эл аспаптары, ʏйлɵмɵ жана кыл аспаптар бɵлʏмдɵрʏ бар. Ар бир бɵлʏм ɵзʏнчɵ отчеттук концерт ɵткɵрɵт. Мындан тышкары, мектеп жалпы майрамдык иш-чараларга, мисалы, 8-Март, Нооруз, Улуу Жеңиш кʏнʏнɵ арналган концерттерге активдʏʏ катышат.
Мугалимдер жамааты – маданий кɵпʏрɵ
—Жамаат жɵнʏндɵ учкай кеп болсун.
— Мектепте 64 жогорку квалификациялуу мугалим эмгектенет. Жамаат кɵп улуттуу: кыргыз, ɵзбек, орус, украин, татар, немис жана башка улуттун ɵкʏлдɵрʏ иштешет. Бул маданияттар аралык ынтымакты, толеранттуулукту кɵрсɵтɵт. Сабактарды болсо мʏмкʏн болушунча сапаттуу ɵткɵрʏʏгɵ аракет кылабыз. Таланттуу баланын жɵндɵмʏн ачуу менен катар, жɵндɵмʏ жокторду ойготууга да басым жасайбыз. Биринчи кадам – психологиялык баарлашуу, андан кийин баланы музыкалык деңгээлге жеткирʏʏ.
Жетишкендиктер жана сыймыктар

— Акыркы жылдардагы ийгиликтерге токтолсоңуз?
— Соңку жылдары окуучуларыбыз ар кайсы деңгээлдеги сынактарда мыкты жетишкендиктерди кɵрсɵтʏп келе жатышат. 2024-жылдын март айында “Обон” эл аралык конкурсунда Тойчуева Айдай (фортепиано), Королятин Максим (фортопиано), Абдиллаев Алихан, Нурахунов Мухаммадзаир(флейта) жана башка окуучулар диплом жана ардак грамоталар менен сыйланышты.
Апрель айында “Жаш талант – 2024” мектептик сынагында Чкалова Адеми, Абидова Жасмина, Чугуй Тимур жана башка окуучулар жеңишке жетишти. Ал эми ноябрда ɵткɵн “Мезгил жаңырыгы – 2024” республикалык конкурсуна 21 окуучу катышып, алардын басымдуу бɵлʏгʏ I жана II даражадагы дипломдорго жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Дагы бир жетишкендигибиз –Тʏркияда ɵткɵн “Зимние мелодии – 25” онлайн эл аралык конкурсу. Бул сынакта 24 окуучубуз ийгиликке жетишип, алардын ичинен жети окуучу I даражадагы диплом менен сыйланды. Мындан башка конкурстарга активдʏʏ катышкан окуучуларга директордук фонд аркылуу да сыйлыктар ыйгарылып, алар ʏчʏн кошумча мотивация болду.
Кɵйгɵйлɵр дагы эле ордунда
— Ийгиликтер менен катар кɵйгɵйлɵр да болсо керек?
— Тилекке каршы, кɵйгɵйлɵр бар. Мектептин имараты 1930-жылы курулган, фундаменти жок, авариялык абалда. Капиталдык оңдоо акыркы ирет 2016-жылы жасалган. Концерттик залыбыз жок болгондуктан, концерттерди театрлардан ижарага алып ɵткɵрɵбʏз. Айрым окуу бɵлмɵлɵрʏ соода жайларына ижарага берилгендиктен, кошумча класстар жок, бул болсо жаңы окуучуларды кабыл алууга тоскоол болууда. Бирок суроо-талап жылдан жылга ɵсʏʏдɵ. Музыкалык аспаптар эскирген. Окуучуларга бир кʏндʏн ичинде 3–4 саат машыгуу талап кылынгандыктан кээ бир аспаптарды ата-энелер кɵп учурда ɵздɵрʏ да сатып алып беришет. Негизинен окуу бюджеттик негизде.
— Жаңы окуучуларды кабыл алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ кандай ?
— Эгерде шарттар жакшыртылса, 570ке чейин баланы кабыл ала алмакпыз.

Биздин иш — милдет эмес, миссия
— Ар бир баланын жан дʏйнɵсʏнɵ кирʏʏ ʏчʏн кандай ыкмалар колдонулат ?
— Музыка менен иштɵɵ – жɵн гана кесип эмес, чоң миссия. Биз ар бир балага чыгармачылыкка жол ачып, жɵндɵмʏ билинбегендердин да ичинен талантты ойготууга аракет кылабыз. Биринчи кадам – ишеним жана баланын жан дʏйнɵсʏнɵ кирʏʏ. Андан кийин гана музыкалык билим берʏʏ ɵз жыйынтыгын берет. Мектепти бʏтʏргɵндɵрдʏн басымдуу бɵлʏгʏ кайра ушул эле тармакта иштɵɵ ʏчʏн кайтып келет. Бул – салттын уландысы, ɵнɵрдʏн ʏзʏлбɵй келаткандыгынын айкын белгиси.
Ɵнɵр жолу колдоого муктаж
— Коомчулук мектепке кандайча жардам кɵрсɵтɵ алат?
— Саид Бекмуратов атындагы музыкалык мектеп – бул жɵн гана билим берʏʏ мекемеси эмес, бул – руханий жана маданий очок. Бул жерден миңдеген балдар чыгармачылыкка жол ачып, сахнага болгон алгачкы кадамын таштаган. Музыка – бул улуттун ʏнʏ. Биз ошол ʏндʏ эртеңки муунга жеткирʏʏ ʏчʏн аракет кылып жатабыз. Бул ишти улантуу ʏчʏн музыкалык мектеп мамлекеттик жана коомдук деңгээлде колдоого муктаж. Таланттардын жолун тоскон эмес, ачкан коом бололу!
Айнура Валижанова
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы