Бʏгʏнкʏ кʏндɵ режиссерлор мугалимдер тууралуу кино тартып, мугалимди, анын кадырын коомдо популярдуулукка чыгарып атса, илимпоз, жазуучулардын арасында мугалимге арналган чыгармаларды жазгандар жок эмес. Жазылган чыгармалар ɵз окурмандарын таап, окурмандын ой-пикири коомго тез таралып, маалыматтык алмашуулардын дарамети кʏчɵгɵн мезгилде жашап жатабыз.
Мугалим билим берʏʏ менен катар уул, кыздардын тарбиясына таасир калтырып, улутту тарбиялап, коомго Адам уулунун адам болоруна, келечек муунду кеңешип алар кишисине айландырганга кызмат кылары бышык.
Ар бир адам алгач мектепте сабак ɵткɵн мугалиминен таасирленет, ошол кишидей болгусу келип, ошол мугалимге карап тʏздɵнʏп, ошол мугалимден ʏлгʏ алат.

Окумуштуу, илимпоз, жазуучу Сулайман Рысбаевди илим жолунда да, чыгармачылык жолдо да мыкты эмгектерин жазып келаткан автор катары билебиз. Автор “Тагдырдын мугалими” чыгармасы аркылуу мугалимдин ак мээнетин, ички дʏйнɵсʏн, изденʏʏсʏн, балдарга болгон мамилесин, псхологиялык дʏйнɵсʏн кара сɵз тʏрʏндɵ да чагылдырып берген адабий кɵркɵм табылга жаратты.
Дʏйнɵлɵшʏʏ басым жасап турган учурда адамзаттын руханий муктаждыгын канаттандырган, балдардын интеллектуалдык ɵсʏʏсʏнɵ багыт берген, дʏйнɵ таанымына таасир эткен, баланын тарбиясына да тагдырына да ɵзгɵртʏʏ киргизген, окуучунун ички “оюн” уккан мугалимдин тажрыйбасын, адистик чеберчилигин чагылдырган чыгармалардын бири – “Тагдырдын мугалими” деп баа бере алам. Бул повестти мугалим тууралуу эгемен доордун алгачкы чыгармаларына кошсок болот. Аталган чыгарма башка чыгармалардан айырмаланып мугалимдин мойнундагы педагогдук жʏктʏ, анын оош-кыйышын, жыргалы менен кууралын баяндагандыгында болуп эсептелет.
Автор негизги каарман Адиланы мезгилдин жаш, жигердʏʏ мугалими катары сʏрɵттɵйт. Адиланын балдарга жасаган мамилесинен тартып, ɵз кесибине берилгендиги, ийгилик жараткандыгы, жардамын аябаган жапакеч мугалим экендиги окурманга, анын ичинде келечекте мугалим боло турган студенттерге зор таасир калтырат.
Адиланын мектептеги иш-аракеттери мугалимдин тʏмɵн тʏйшʏгʏ, ʏмʏтʏ, азабы, тилеги тууралуу кабарласа, кесиптештери менен болгон мамилеси мыкты билимге жана тарбияга эгедер экенин билдирип, ар кандай кырдаалдарда ɵзʏн мыкты алып жʏргɵндʏгʏ сабырдуу, акылдуулугунан, ал эми ʏйдɵгʏ карыган энесин карагандыгы кыргыз кызынын жоопкерчиликтʏʏлʏгʏнɵн жана аракетчилдигинен кабар берет.
Келечекте педагогдук жолду тандай турган муунга, айрыкча кыздарга, Адиланын образы жакшы таасир калтыра алат. Анткени, чыгармада педагогдук этика, окуучу менен мамиле-ымала байланышы, улуу муундарга болгон урмат, окуучу менен мугалимдин ортосундагы диалог, карым-катыш, баары жеткиликтʏʏ баяндалган.
Повесттин тулкусун жɵнɵкɵй мугалим Адиланын кʏндɵлʏккɵ жазган ойлору бекемдеп жʏрʏп отурат. Чыгармада Адиланын кʏндɵлʏгʏндɵ жазылган окуялар хронологиялык иреттʏʏлʏк менен баяндалат. Кʏндɵлʏк-мазмунга шайкеш окурманга таасир калтырган фразалар берилет: “Менин мектепте иштей баштаганымдан бери жарым жыл убакыт ɵтсɵ да, бул кʏн мугалимдик тагдырыма жол ачылган ɵзгɵчɵ кʏнʏм болду ”… Бул фразаны окуган педагог мектепте иштеген учурун, андагы болгон окуяларын эстебей коё албайт. Кайсы бир окурман-педагогдун алгачкы кесибине киришкен мезгилин эске салат.
Повесттин ар бир бɵлʏгʏ Адиланын кʏндɵлʏгʏндɵ жазылгандар менен башталып, жатык тил менен баяндалат. Ал фразаларды окуяны окуп чыккан адам гана тʏшʏнʏп талдоого ала алат. Автордун жаңычылдыгы, Адиланын кʏндɵлʏк-мазмунуна ылайык ар бир окуяны баяндап, повесттин сюжетин маңыздуу, сюжеттик ички байланыштарды ырааттуу, ар кандай жагдайларды жɵнɵкɵй тилде баяндай билгенинде десем болот.

Кɵркɵм чыгармалардагы каармандар тарабынан айтылган кептер, таасирдʏʏ баяндар, тʏбɵлʏктʏʏ кайталана бере турган турмуштук окуялардагы баяндоолор, автордун ой жʏгʏртʏʏсʏ окурмандын кɵңʏлʏн бурат. “Тагдырдын мугалиминде” адамдын ички дʏйнɵсʏнɵ, кебине таасир калтырган мыкты фразалар арбын берилген, кылдат тандалган. Автор “тагдыр” сɵзʏн байма бай колдонуп, адамдын тагдырга берген баасын, “тагдыр” тʏшʏнʏгʏнʏн таасирин талдап берет: “Чындыгында адамдын жашоосундагы маңызы – бараткан багытын туура тапканында эмеспи. Ооба, адам ɵз тагдырын ɵзʏ тандап алат. Ал бактылуу тагдырбы, шордуу тагдырбы, аны бара кɵрɵт”. Мында тагдырды тандоо ар бир кишинин ɵзʏнɵ гана таандык мезгил-мейкиндик менен чечилерин, аны бара кɵрɵ тургандыгын, келечекте таанып-биле аларын айтат.
АДАМ-ТАГДЫР-КООМ ортосундагы гармонияны, табигый жашоо маанисин, тагдырлаштарды, адамдын ɵз тагдырын куруу же “кыйратуу” жолдорун баса белгилейт: “Адамдын алкы бузулса, наркы кошо бузулат. Андан да салтына доо кетет… Адамдык барк-баасы кошо кетет”.
Чыгармада сʏрɵттɵлгɵн мезгил – учур чак, биздин мезгил. Педагогдун ишмердʏʏлʏгʏ, ийгилиги, олимпиадага болгон даярдыктар, мектептеги кагаз иштеринин кɵптʏгʏ, мугалимдин балдарга болгон жоопкерчилиги, адамдык мамилелердеги карама-каршылыктар таамай чагылдырылат. Мунун баарын Адиланын кʏндɵлʏгʏндɵгʏ тɵмɵнкʏ контекст жалпылайт: “Жазуучу жакшы окурманын издеп жашайт, мʏнʏшкɵр жакшы кушту издеп жашайт, саяпкер жакшы кʏлʏктʏ издеп жашайт, ал эми мугалим жакшы окуучуну издеп жашайт”
Ɵмʏр-жашоо, тагдыр тʏшʏнʏктɵрʏн автор терең философиялуу ɵңʏттɵ карайт. Тагдырды “татаал”, “катаал” деп окурманды “коркутпайт” аны жеңил гана тʏшʏндʏрɵ алат: “Кудай пенделеринин маңдайына баарын: тагдырын, турмушун, бактысы менен шорун жазып койгон да…”
“Адамга бир адам кубанчына жолугат, бир адам шоруна жолугат, а бир адам тагдырын ɵзгɵртʏʏгɵ жолугат…”
Повесть таасын табылга болуп, ОшМУнун улук окутуучусу Жазгʏл Жумабаевна, профессор, С. Рысбаевдин “Тагдырдын мугалими” чыгармасы боюнча келечектеги орус тили мугалимдеринин ордун баса турган студенттер менен кызуу талкуу-маек ɵткɵрдʏ жана “Билимдʏʏгɵ дʏйнɵ жарык – 5” республикалык онлайн китеп окуу сынагы уюштурулуп, мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатууну кɵздɵгɵнʏ, интеллектуалдык деңгээли жогору жарандарды тарбиялоого, келечек муунга жол кɵрсɵткɵн устаттардын эмгегине таазим кɵрсɵтʏʏгɵ болгон аракети, калк арасында китеп окуу жараянын жайылтуу максаты мактоого арзырлык жумуш экендигин белгилɵɵгɵ болот.
Агайыбыз, профессор С. Рысбаевдин мугалимдик миссияны аткарган аялдардын образын улуттук бийиктикке кɵтɵргɵн чыгармаларды мындан ары да улантып жаза берет деген ойдобуз. Устатыбызга бакубат ден соолукту, берекелʏʏ ɵмʏрдʏ каалайбыз. Устаттык жолдо ʏзɵңгʏлɵш жʏргɵн шакирттерине насаатын айтып, арабызда бар болсун деген изги тилектерди жолдойбуз!
ОшМУнун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу, УЖСнын Ош облустук жана шаардык бɵлʏмʏнʏн тɵрайымы Закирова Бермет Абдикалиловна.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы