Дени сак тиштер — ишенимдʏʏ жылмаюунун кепилдиги. Тиш оорулары дайыма ыңгайсыздык жаратып, убакытты алат. Кɵпчʏлʏктʏн кɵйгɵйʏ болгон тиш темасын улай шаардыктардын саламаттыгына кам кɵрʏп келе жаткан Ош шаардык №1 тиш дарылоо бейтапканасы жɵнʏндɵ айтып беребиз.
Уланбек Токтомушев, Ош шаардык №1 тиш дарылоо бейтапканасынын башкы дарыгеринин убактылуу милдетин аткаруучу.

“Негизги максатыбыз – калкка сапаттуу кызмат кɵрсɵтʏʏ”
Тиш дарылоо бейтапканабыздын негизги максаты – калкка сапаттуу кызмат кɵрсɵтʏʏ. Ошондуктан дарыгерлерибиз заманбап ыкмаларды колдонуп, жаңы аппараттык жабдуулар менен иштеп келишет. Керектʏʏ дары-дармектер менен убагында камсыздайбыз. Ɵткɵн жылы эки бɵлʏмгɵ жаңы креслолорду алууга жетиштик. Жалпы ʏч бɵлʏмʏбʏз бар. Алар: алдын алуу, дарылоо жана тиш салуу бɵлʏмдɵрʏ. Мындан сырткары жардамчы бɵлʏмдɵргɵ тиш жасоочу лаборатория, физкабинет, рентген кабинеттери жана борборлоштурулган залалсыздандыруу борбору кирет.
Жоомарт Абдивасиев, башкы дарыгердин орун басары.

“Адистерибиз чет ɵлкɵдɵн да билимин жогорулатып келишет”
Азыр бардык тармакта конкуренция кʏчтʏʏ. Кʏндɵн-кʏнгɵ жаңылануулар болуп жатат. Ошого жараша биздин бейтапкана да дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча тынбай иш-аракеттерди жасайт. Жылда ишкананын планына адистердин билимин жогорулатууну сɵзсʏз киргизебиз. Дарыгерлерге Кыргызстанда эле эмес чет ɵлкɵдɵ билимин ɵркʏндɵтʏʏгɵ жолдомолорду алып берʏʏгɵ аракет кылабыз. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ чет ɵлкɵдɵн билимин жогорулатып келген адистерибиз кɵп.
“Электрондук кезекти киргизʏʏнʏн ʏстʏндɵ иштер жасалууда”
Ар бир ишкананын жетишкендиги менен бирге кɵйгɵйʏ да болот. Кɵйгɵйлɵрдʏ чечʏʏ баарыңыздарга белгилʏʏ болгондой финансы маселесине келип такалат. Саламаттыкты сактоо министрлигине жана жергиликтʏʏ бийликке жаңы заманбап панорамалык рентген аппараттарын алуу боюнча кат жолдоп келебиз. Ушул маселе чечилип калса бизге да калкка да пайдалуу болмок. Жайгашкан имаратыбыз 1982-жылы курулган. Бɵлмɵлɵрдɵ аба тазалагыч орнотулган эмес. Негизи заманбап ооруканаларда аба тазалагыч болуусу керек. Албетте, бул кɵп каражататты талап кылат. Каражатка карап эле отуруп калбастан биз да кемчилдиктерди толуктаганга колдон келген аракетибизди жасап жатабыз.
Электрондук кезекке 2019-жылы ɵткɵнбʏз. Бирок ушул кʏнгɵ чейин бул ыкма толук ишке аша элек. Пилоттук негизде кабыл алынган бойдон калып кеткен. Кɵптɵн бери тиешелʏʏ жерлерге кат жолдоп, электрондук кезекти киргизʏʏнʏн ʏстʏндɵ иштер жасалууда.
“Жарандардын кɵбʏ тиш оорусун ɵтʏштʏрʏп жиберишет”
Бактыкан Илязова, жогорку категориядагы врач-стоматолог.

Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бʏткɵндɵн бери тиш дарылоо багытында иштеп келем. Жалпы эмгек тажрыйбам 33 жыл. Жарандардын кɵбʏ тиш кɵйгɵйлɵрʏ жаңы башталганда эмес оору ɵтʏшʏп кеткенде кайрылышат. Тиштерди сактап калуу ʏчʏн жылына эч болбосо бир жолу стоматологго келип консультация алып туруу зарыл. Анткени тиш оорусун ɵтʏштʏрʏп жибергенден кɵрɵ алдын алган кыйла жеңил.
Ошондой эле мага “тишти кɵпкɵ дарылабай жʏрсɵ гайморитти пайда кылабы, кош бойлуу аялдар тиш дарылатса болобу?” деп кɵп сурашат. ʏстʏнкʏ 5-6-тиштер мурун кɵңдɵйʏнɵ жакын болгондуктан бул тиштерди кɵпкɵ дарылабай жʏрʏʏ гайморит оорусуна алып келʏʏсʏ мʏмкʏн. Ал эми кош байлуу аялдар тиш дарылоонун бардык тʏрʏн колдоно алышат. Бирок косметикалык багытта тиш агартуу, брекет койдуруу жана оор хирургиялык операцияларды жасатууну сунуштабайм. Анткени кɵпчʏлʏк дарыларыбыз токсиндик болгон ʏчʏн тʏйʏлдʏккɵ терс таасирин тийгизиши мʏмкʏн. Кош бойлуу аялдар экинчи ʏч айлыкта (триместр), тагырагы тʏйʏлдʏктʏн 13-аптасынан 24-аптасына чейин кайрылганы жакшы. Биринчи ʏч айлыкта тʏйʏлдʏк кичине болгондуктан дары-дармектер бир аз кооптуу. Ошондуктан кош бойлуу аялдарга тиштеги таштарды тазалоодо жана мʏлк канаганга кɵбʏнчɵ дары чɵптɵрдʏ пайдаланабыз. Ал эми кош бойлуулуктун акыркы ʏч айлыгында да тиш дарылоону сунуштабайт элем. Себеби аялдын ичи чоң болгондуктан креслодо отурганда кыйналат. Тиш дарылоо эң аз дегенде жарым саат убакытты талап кылат. Эгер тиш оорусу чыдатпай келген болсо, албетте тиешелʏʏ жардамдарды кɵрсɵтɵбʏз.
Тишти талкалоочу азыктар
Севара Каримова, алдын алуу бɵлʏмʏнʏн бɵлʏм башчысы.

Тиштин бузулушуна газдалган суулар, энергетик ичимдиктер, шириндиктер, тез татымдар себеп болот. Аталган азыктар организмге киргенде кандагы кальцийди жок кылуу жɵндɵмʏнɵ ээ.
Жаш балдардын тишиндеги кɵйгɵйлɵрдʏ алдын алуу ʏчʏн кош бойлуу аялдардын ден соолугун жакшы карашыбыз керек. Себеби сʏт тиштердин оорусуна 80-90 пайыз эненин организми таасир этет. Эгер кош бойлуу аялдар аз кандуулук менен жабыркаса, кальций жетишпесе, токсикозу оор болсо, мунун баары баланын сʏт тиштерин кошо жабыркатат. Бала тɵрɵлгɵндɵн кийин да пайдалуу, витаминдерге бай тамак-аш бериш керек. Эки жарым жаштан баштап тишин эки маал жууганга ʏйрɵтʏʏнʏ сунуштайм. Баланын минералдык жана кальций анализдерин тапшыртып, эгер минералдык кальций витаминдер жетишсиз болсо комплекстик витаминдерди маал-маалы менен берип туруу зарыл.
“Санариптештирʏʏ алкагында эсеп иштери бир топ жеңилдеди”
Бурмакан Алемова, башкы эсепчи.

Буга чейин эсеп бɵлʏмʏ “1С 8.3” программасы менен иштеп келген. Учурда дагы эле 1С 8.3 программасы менен бирдикте, санариптештирʏʏнʏн алкагында ɵткɵн жылы жаңы “Бухɵкмɵт КЖ” борборлоштурулган бирдиктʏʏ эсептɵɵ системасы киргизилди. Башка мамлекеттик кызматтарга караганда, ББЭС программасына саламаттыкты сактоо тармагындагы эсеп жʏргʏзʏʏ бир аз оор болуп, биздин мекеменин эсеп бɵлʏмʏ 90% жаңы системага ɵтʏп, иштеп жатат. Санариптештирʏʏ – эсеп иштерин да бир топ жеңилдетти. Мурда банкка барып, кезек кʏтʏп, убактыбыз кетчʏ. Кийин “Казына Ɵкмɵт” системасы менен иштегенде да женил болду эле, ɵткɵн жылдан бери “Бухɵкмɵт” борбордук бирдиктʏʏ бухгалтердик эсептɵɵ системасы андан да женил болууда. Бухɵкмɵттʏн ɵзгɵчɵлʏгʏ — каалаган жерде туруп операцияларды онлайн аткаруу мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар.
Биздин бɵлʏмдɵ менден башка эки кызматкер эмгектенет. Полотбек кызы Талмыз – материадлдык бухгалтер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис болуп иштейт. Ал эми Мойдунова Эркинай эмгек акы боюнча эсепчи бухгалтер.
Тиш протездɵɵ жана калыбына келтирʏʏ бɵлʏмʏ
Адилет Акунов, тиш салуу бɵлʏмʏнʏн башчысы.

Ортопед тиш доктур — тиш протездɵɵ жана аны жаңылоо, калыбына келтирʏʏ менен алектенет. Бул тʏшʏнʏктɵр бири-биринен айырмаланат, анткени, тамыры бар, соо тиштин бетин жаңыртууга болот, бирок, тамыр оорулары болгон учурда тиштерди протездɵɵ же имплантациялоо зарыл. Дарылоо башталганга чейин пациент текшерилет. Анын ичинде ортопантомограмма, томография, моделдɵɵ жана башка жогорку адистештирилген текшерʏʏлɵр жʏргʏзʏлɵт. Диагноз коюлгандан кийин атайын дарылоо планы тʏзʏлɵт. Ал сɵзсʏз тʏрдɵ тиш же протезди жаңыртуу ʏчʏн ооз кɵңдɵйʏн даярдоону, ошондой эле керектʏʏ ортопедиялык чараларды, протездин тʏрʏн камтыйт.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы