элдик салт менен заманбап илимдин айкалышы
Табыпчылык – муундан муунга ɵткɵн салттык тажрыйба, ал балдарды, аялдарды жана чоң кишилерди дарылоодо ɵзʏнчɵ роль ойнойт. Айрымдар табыпчылыкты «кыргызчылык» деп да коюшат. Табыпчылык – бул денени массаждоо, эмдɵɵ, чɵптɵр менен дарылоо, кайсы бир учурда иттин, жыландын же кумурсканын бɵлʏктɵрʏн колдонуу аркылуу ооруларды айыктыруу салты. Ал ʏй шартында жана коопсуз колдонулганда натыйжалуу. Кɵп учурда балдардын буту баспай калган, башы чоң тɵрɵлгɵн же жʏрɵгʏ тʏшкɵн учурларда жардам берет. Бул ыкма кɵп учурда ʏй шартында кол менен дарылоону жана табигый чɵптɵрдʏ колдонууну камтыйт, ал эми замандын медицинасы ооруну диагностика кылып, клиникалык далилдерге негизделген дарыларды колдонот. Бул макалада табыпчылык кылган Кʏлбайра Топчубаеванын тажрыйбасы, айрым адамдардын окуялары, ошондой эле дарыгердин кɵз карашы аркылуу элдик жана заманбап медицинага болгон мамилени кɵрсɵтɵбʏз. Окурман табыпчылыктын ролу менен далилденген медицинанын ортосундагы айырмачылыкты жана ɵз ара толуктоочулукту тʏшʏнɵт.
КʏлбайраТопчубаева:
“Кайненемден алган тажрыйбамды улантып келем”

-Мен кɵп жылдан бери элдик медицина — табыпчылык менен алектенип келем. Бул ɵзгɵчɵлʏк мага кайненемден жана ɵз апамдан ɵткɵн. Ушундай жɵндɵм бар экен, муну кармап калуу, дагы да болсо ачуу менин милдетим болду. Бул боюнча атайы окууларга да окуп келгем. Кудайга шʏгʏр, азыр кɵп жылдык тажрыйбам бар.
Мага кɵбʏнчɵ балдардын буту ооруп баспай калганда, же башы чоң болуп, жʏрɵгʏ тʏшкɵндɵ келишет. Мындайда аркар оту менен жады куурайды буулап, иттин сɵɵгʏ менен эмдеп дарылайм. Бул нерсенин жардамы сɵзсʏз тиет. Башы нормада эмес тɵрɵлгɵн балдар болсо башын калыбына келтиребиз. Жʏрɵгʏ тʏшкɵндɵргɵ жʏрɵк мончок куюп берем. Кɵпчʏлʏк ата-энелер балдарын айыктырып, ыраазы болуп кетишет. Кээде коркуп калган балдар жʏрɵгʏ тушʏп, анын кесепетинен ар кандай ооруларга дагы дуушар болушат. Мындай учурларда медициналык каражаттардан айырмаланып, “кыргызчылык” аркылуу дарылоо натыйжалуу болот. Кээде ʏй шартында эле чɵптɵрдʏ чай катары демдеп же буулоо жолу менен колдонгондо дагы балдардын абалы тез оңолот. Ошондой эле массаж жана кол менен эмдɵɵ жардам берет.
“Элдик дары чɵптɵрдʏн касиети”
-“Бизде кɵптɵгɵн дары чɵптɵр бар. Ар биринин ɵзгɵчɵ касиети бар. Мисалы, аркар оту ич ооругандарга, кан коюлуп кеткендерге жардам берет. Ал эми жады куурай бут ооругандарды дарылап, баспай калган буттарды калыбына келтирет. Алтын тамыр болсо, балдардын жɵтɵлʏн, жʏрɵк ооруларын айыктырат. Кɵк жорунун сɵɵгʏ денени бекемдеп, бутту басууга жардам берет, бознач кан басымды нормалдуу сактайт.
“Чɵптɵрдʏ чай катары демдеп берʏʏ же буулоо жолу менен колдонуу абдан натыйжалуу. Мисалы, алтын тамырды спиртке чылап, 10 кʏн караңгы, салкын жерге коюп, балдарга жɵтɵлгɵндɵ берсек, тез эле айыгат”. Ошондой эле ак жыланды жеп, майдалап кɵкʏрɵккɵ тартуу, кɵкʏрɵк рагынан айыктырганга чоң жардам берет. Ɵзʏбʏздʏн жашообузда болгон окуяны эле айтайын, кайненемдин кɵкʏрɵгʏ шишип, кɵгɵрʏп калганынан, рак деп коюшкан. Биз жыланды майдалап берип, анан ысык жерде тердетип жатып айыктырып алганбыз.
Негизи эле табыпчылыкта аялдардын жана балдардын ден соолугуна кам кɵрʏʏнʏн кɵптɵгɵн ɵзгɵчɵ жолдору бар. Аялдар боюнда болгондо, ылдый бʏтʏп калуу коркунучу болсо, биз кол менен массаж жасап, эмдеп, дарылоо жʏргʏзʏп, кɵтɵрʏп беребиз. Балдар кичине кезинде ооздору кɵгɵрʏп, кɵбʏк чыгып ыйласа, эмдеп койсок, тез эле айыгышат.

“Менин дарылоомо ыраазы болуп кетишет”
-Бир ата-эненин баласынын буту басбай баштаган экен. Ошондо иттин сɵɵгʏ менен эмдеп, жады куурайда буулап, эки жума эмдеп дарылап бергенимден кийин, буту баса баштады. Ата-энеси аябай сʏйʏнгɵн. Мындай окуялар, ыраазы болуп кеткен ʏй-бʏлɵлɵр бизде кɵп болот.
Жаш балдар кɵбʏнчɵ ымыркай кезинде оозу кɵгɵрʏп, кɵбʏк чыгып, кыйналып ыйлашат. Муну дагы «кыргызчылык» кылып, эмдеп-домдоо менен тез эле айыктырам.
Чоңдор кɵбʏнчɵ кан басымдын жогорулашы менен жабыркашат эмеспи. Мындай учурда аркар оту жана жер чай менен чай демдеп,абалды жакшыртса болот.
Бул окуялар табыпчылыктын натыйжалуулугун ʏй-бʏлɵлʏк тажрыйба аркылуу кɵрсɵтʏп турат.
“Бейтап ооруканага барыш керек болсо, эч качан кармабайм”
-Эгерде бейтап ооруканага барууга тийиш болсо, эч качан кармап олтурбайм. «Сен ооруканага барышың керек» деп эле айтам. Албетте дарыгерге муктаж болгон учур болсо. Эгерде ʏй шартында дарылоо мʏмкʏнчʏлʏгʏ болсо, жардамымды аябайм.
“Салттуу медицина менен медицина бирин-бири толуктап турат”
-Табыпчылык менен медицина бирин-бири толуктайт. Ооруканага баруу зарыл болгон учурларда медициналык жардам биринчи орунда турат, ал эми ʏй шартында чɵптɵр жана массаж аркылуу дарылоо коопсуз жана натыйжалуу жолдордун бири. Албетте дарылоого мʏмкʏн болгон учурда гана.
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары Тʏгɵлбай Асанов:
“Далилденген медицина — негизги дарылоо, табыпчылык же “кыргызчылык” – кошумча жардам”
-Биздин клиникалык тажрыйбада дары чɵптɵр ооруканаларда негизги медикаментоздук дарылоого кошумча гана колдонулат. Мисалы, жʏрɵк оорулары, жогорку кан басымы же ичеги-карын оорулары сыяктуу жеңил ооруларда айрым чɵптɵрдʏн, массаждын жана элдик ыкмалардын жардамын алууга болот. Бирок оорулардын олуттуу тʏрлɵрʏндɵ, мисалы жʏрɵк-кан тамыр оорулары, рак же башка курч инфекциялык ооруларда гана медициналык ыкмалар биринчи орунда турат. Медицинада дартты аныктоодо заманбап жабдууларды, лабораториялык тесттерди жана клиникалык далилденген дарыларды колдонот. Бул коопсуздукту камсыз кылат жана дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатат.

Элдик медицина ʏй шартында, коопсуз жана жеңил учурларда колдонулса болот. Бирок ар дайым пациент медициналык текшерʏʏдɵн ɵтʏшʏ керек. Биз ар дайым бейтаптарга коопсуздукту жана далилденген медициналык ыкманы сунуштайбыз. Элдик ыкмалар медицинага кошумча жардам катары гана каралышы зарыл. Мисалы, чɵптɵрдʏн чайын, массажды же буулоону колдонуп, балдардын буту баспай калган, башы чоң тɵрɵлгɵн же жеңил жʏрɵк кɵйгɵйлɵрʏн дарылоодо натыйжалуу болот. Бирок ооруканага барышы керек болгон учурларда, клиникалык жардам биринчи орунда турат. Кɵп учурда биз элдик тажрыйбаларды баалайбыз, анткени алар бейтаптарга психологиялык жана физикалык жардам берет. Бирок медициналык кɵз караштан алганда, дарыгердин кеңеши жана клиникалык дарылоонун негизинде чечим кабыл алуу абзел. Элдик ыкмалар менен заманбап медицинаны айкалыштырганда, бейтаптар тезирээк жана коопсуз айыгышат.”
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Тарыхый лидер Алымбек даткага эстелик тургузулду
Ош: 6 паласалуу проспект жана 3 кɵчɵ ачылды
“Ата-энелер эмдɵɵдɵн баш тарткан учурлар азайып жатат”: Балдардын жугуштуу оорулар ооруканасында абал кандай?