8 сентября, 2024

“Жер тилкесинин ʏчʏнчʏ ээсимин, документи жок, кайда кайрылам?”

Айланабызда жер, турак-жай маселелерине байланыштуу документ иштеринин кɵйгɵйлɵрʏ чечилип, чечилбей жʏргɵн нечендеген адамдар бар. Айрымдары ар тараптан маалымат алып, маселесин бат жана жеңил, ошол эле учурда мыйзамдуу жолдорун таап, убагында документ иштерине кɵңʏл бɵлсɵ, кээ бирлер кайдыгерлик же дагы тʏшʏнбɵстʏктɵн улам алданып, чоң суммадагы акчага кʏйʏп, же чыгашасы бʏтпɵгɵн маселелерге туш болушат. Биз ушундай жагдайларга туш болгон жарандар ʏчʏн “Документ иши” аттуу рубрикабыз аркылуу жооп алып берʏʏнʏ улантабыз. Бул ирет Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ош филиалына багытталган суроолорго каттоо бɵлʏмʏнʏн башчысы Турдуев Абдималик Жеңишбекович  жооп берет.

Суроо:

-Шаардагы жаңы курулган кɵп кабаттуу ʏйлɵрдɵн батир алганбыз. Бирок, ʏйдʏн документи жок, кирип жашап жатабыз. ʏйдʏн документи жок болгондугуна байланыштуу техпаспорт да ала элекпиз. Документтерди толук бʏтʏрʏʏ ʏчʏн кантип, кимге, кайда кайрылуум керек?

-Шаар ɵнʏгʏп, кɵп кабаттуу ʏйлɵр курулууда. Алардын айрымдары мыйзам бузууга да барышууда. Буга чейин мыйзамсыз курулуштар боюнча маселе кɵтɵрʏлʏп келгени баарыбызга маалым. Азыр кээ бир курулуш компаниялар жерди алып эле, дароо кɵп кабаттуу ʏй куруп коюп, кирип жашап жаткан жарандар да бар. Бирок, алар ʏйʏнɵ каттоого тура алышпайт, балдарын мектепке бере алышпайт же коммуналдык кызматтарды кошо алышпайт. Мындай маселелер компания менен келишим тʏзʏʏдɵ келишимдердеги пункттарга толук кɵңʏл бурулбагандыктан, келип чыгууда. Мыйзам боюнча курулуш компания ʏй бʏткɵндɵн кийин бизге келип, биринчи техникалык паспорт алат. Аталган паспортту алгандан соң тиешелʏʏ кызматтардан эксплуатациялоо ʏчʏн текшерʏʏлɵрдɵн ɵтʏшɵт. Алардын корутундусу оң болгон учурда комиссия тарабынан берилген документти куруучу компаниянын юристи техпаспорттору менен бизге алып келип, каттатат. Андан соң биз ар батирге техпаспорт даярдап беребиз. Кийин компаниянын юристи менен батир алган жаран мамлекеттик каттоо кызматына келет да, сатып алуу келишимин тʏзʏшɵт. Сатып алуучу жубайы же жолдошу менен келип, ʏйдʏ ɵзʏнɵ каттатып алат. Демек, сиз документти куруучу компаниядан талап кыла аласыз.   

Суроо:

-Биз Кең-Сайдан жер сатып алган элек, жерди сатып алганда кызыл китеби жок болчу. “Кызыл китеп 3 жылдан кийин берилет, азырынча бул келишим документ катары жарактуу” деген болчу бизге саткан киши. Ал киши жердин экинчи ээси, биз ʏчʏнчʏ ээси болдук. ʏч жыл ɵттʏ, биз жакында жерди сатып жибердик. 

Эми жерге документ жасоодо эмнеден баштоо керек? Жердин алгачкы ээсин табуу керекпи же акыркы саткан жана сатып алган эки адамдын ортосунда эле бʏтɵбʏ кызыл китеп?

-Кең-Сай массиви боюнча КР Ɵкмɵтʏнʏн 2012-жылдын 2-июнунда №354 токтому чыккан. Анда Араван районунун жана Ош шаарынын жашоочуларынын жашоо-шартын жакшыртуу максатында Кең-Сай массивинен алган жер тилкелеринин жеке менчик ээлерине укугу катталгандан кийин эч кандай укуктук жарандык келишимдерди жʏргʏзʏʏгɵ тыюу салынсын деп жазылган. Ушул токтомдун негизинде биз бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин иш алып баруудабыз. Кең-Сайдагы жер тилкелеринин мындай маселелери менен кайрылгандар кɵп, мында кайрылган жаран тɵртʏнчʏ адамга сатыптыр, онунчу адамдын колуна ɵтʏп кеткендер да бар. Жогорудагы токтом кʏчʏндɵ болгондуктан, алгач жер тилкесин алган биринчи ээси ɵзʏнʏн укугун каттатып, андан кийин жерди алган адамга ɵткɵрʏп берсе болот. Негизинен маселе алгачкы ээси жана акыркы ээсинин ортосунда эле бʏтɵт. Документ иштери жогоруда аталган эки адамдын ортосунда эле бʏтɵт дегенге да кепилдик жок. Анткени азыр жер кымбаттап, кээ бирлери убактылуу сатканын айткандар бар. Эгер алгачкы ээсин таба албаган же документ иши такыр бʏтпɵгɵн учурда, ал жерге ʏй салып жашагандан 15 жылдан кийин гана сот мыйзамдуу тʏрдɵ чечим чыгарып берет. Бирок, азыркы маселеде ɵкмɵттʏн токтомуна ылайык, соттор да аралаша албай калат. Себеби токтомду аткарууга баарыбыз милдеттʏʏбʏз. Андыктан, жарандар азыркы ɵкмɵткɵ токтомду кайтаруу же ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ киргизип берʏʏ боюнча кайрылышса, балким ɵзгɵртʏʏ киргизилип, жарандык укуктук келишимдерди ɵз нугунда жʏргʏзʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк болмок.

Суроо:

-Атам мага жер алып койгон эле, бирок мен кɵп кабаттуу ʏйдɵн батир сатып алдым. Жер тилкесин иниме белек катары тартууласам болобу? Кандай документтерди даярдайм жана жол-жобосун кеңири тʏшʏндʏрʏп бере аласызбы?

-Эгерде атасы жерди бардык документтери, кызыл китеби менен алып, уулуна каттатып койгон болсо, ал жаран жубайы менен филиалга келип эле инисине ɵткɵрʏп берʏʏ боюнча арыз калтырат, ал эми жубайы каршы эместигин билдирип кол коёт. Башка маселе жок. Эгерде кайсы бир документтери жетишсиз болсо, биздин кызматкерлер аларга тʏшʏндʏрʏп, толуктоолорду жʏргʏзʏʏсʏн сунушташат. Ошондой эле салык кодексине ылайык, жеке тараппы же юридикалык жакпы, ɵзʏнʏн атындагы мʏлктʏ башка бирɵɵгɵ сатып же белекке берʏʏдɵ ошол кʏнгɵ чейинки салыгын тɵлɵɵсʏ милдеттʏʏ болуп саналат. Салык кодексин аткаруу максатында бизге кайрылган ар бир жаранды салык мекемесине жɵнɵтʏп, салыктан карызы бар же жоктугун тактап келʏʏсʏн ɵтʏнʏʏдɵбʏз. Салык кызматы карызы жоктугун кɵрсɵткɵн маалымкат жазып беришет. Ал маалымкаттын кɵчʏрмɵсʏн жаран бизге тапшырат.

Суроо:

-Ипотекага ʏй алайын деп документ даярдап жаткам, бирок менин атымда жер тилкеси бар болуп чыкты. Кɵрсɵ, тага журтум мага деп жер тилкесин алышкан экен. Студент кезимде документтерге кол коюп жʏрдʏм эле, бирок маани бербеген экенмин. 

Ошол жер тилкесин менин атымдан кантип чыгарам? Сатып же бирɵɵгɵ белекке берʏʏ документтерин жʏргʏзсɵм кадастр мекемесинен жери жок деген справка берилеби же базада сакталып кала береби мурунку жер тилке? Канча убакытта базадан ɵчɵт?

-Сиз жерди алып, кайра саттыңыз. Биздин базага катталдыңыз дейли. Кийин бул 3 же 5 жылдан кийин жок болуп кетет деген тʏшʏнʏктɵ жашашат кɵбʏ. Бирок, бул маалымат туура эмес. Жер тилкесин алып, кайра саткандыгы боюнча маалымат базада кала берет. Ал эми бʏгʏнкʏ кʏндɵ мамлекеттик, муниципалдык ипотекалык насыяларды алууда кайрылган жарандын атында эч кандай мʏлк, жер тилкеси менен катышкан маселе болбоосу талап кылынат эмеспи. Кɵпчʏлʏк жарандар документ иштерине маани бербегендиктен, убагында кандайдыр бир шарттан улам бирɵɵнʏн жерин ɵзʏнɵ ɵткɵрʏп, кийин кайра ээсине бергендигинин натыйжасында ипотекалык насыя ала албай калышат. “Базадан ɵчʏрʏп бергилечи” деп кайрылгандар, сурангандар да кɵп. Бирок, ал биздин милдетибизге кирбейт. Мында атайын комиссия карап кɵрʏп, ʏй-бʏлɵнʏн шартын эске алып, ипотекалык насыя берʏʏ же бербɵɵ тууралуу чечимди чыгарат.   

Суроо:

-Келинчегим ʏч эм тɵрɵгɵн жылы жергиликтʏʏ администрация тарабынан бир бɵлмɵлʏʏ батир беришкен. ʏйдʏн техпаспорту гана бар, ʏй эч кимдин наамында эмес. Мен атасы катары ʏйдʏ ɵзʏмдʏн атыма ɵткɵрɵ аламбы? Балдар мектепке барып калышкан, кɵп балалуу ʏй-бʏлɵбʏз, каражат жактан кыйналып жатам. Кредит алууга мажбурмун, ошого документ керек болууда?

-ʏй жергиликтʏʏ администрация тарабынан берилгендиктен, бул жаран документ иши боюнча мэриянын турак-жай департаментине кайрылуусу керек. Алар токтом чыгарып беришет. Токтомду ʏч эмге чыгаруу же атасынын атына чыгаруу маселеси ошол жергиликтʏʏ бийлик ɵкʏлдɵрʏнɵн кɵз каранды. Алар кимдин атына токтом чыгарып берсе, биз ошол жарандын атына каттоого милдеттʏʏбʏз. 

Жумагʏл 

Кочкорбай кызы