19 апреля, 2024

Витаминдерди дарыгердин кɵрсɵтмɵсʏ жок ичʏʏ туура эмес

Калк арасында акыркы учурда ɵз ден соолугуна кам кɵрʏп, оорубайлы деп витаминдерди ичкендер кɵбɵйдʏ. Социалдык тармактарда белгилʏʏ адамдардын витамин ичип атканын кɵргɵндɵр да аларды ээрчип ичип атышкан сыяктуу. Бʏгʏн биз витаминдер тууралуу адистерге кайрылып суроо узаттык.

1. Азыркы учурда калк арасында витаминдерди жɵн эле аптекадан, кээ бир витамин саткан дʏкɵндɵрдɵн алып эле ичип жатышат, ушул туурабы?

2. Витамин ичʏʏдɵ сɵзсʏз дарыгер менен макулдашуу керекпи? Американын витаминдери деп айрымдары таанышы сатып аткан ʏчʏн, ошонун кɵрсɵтмɵсʏ менен ичип аткандар да кездешет.

3. Альхадая — кара зире майы деп кɵп жерде жарнама кылып, элди ушуга ʏгʏттɵп жатышкан сыяктуу. Мен ɵзʏм адис эмесмин, бирок билгим келет, бул витаминби же БАДбы?

4. Витаминдердин балдарга арналган тʏрʏ, чоңдор ʏчʏн да атайын тʏрʏ болсо керек, бɵлʏнɵбʏ же ɵлчɵмʏнɵ карап жаза берсе болобу?

Бекжан Турабеков, жалпы практикалык врач:

“Адамдардын витаминдерге болгон “сʏйʏʏсʏ” кʏчɵп кетти”

1. Азыр эл арасында витамин, БАДдарды конфет сыяктуу эле алып, дарыгердин кɵзɵмɵлʏсʏз ичип калышты. Бул албетте, туура эмес, анын бирден бир себеби катары адамдардын медициналык сабаттуулугунун тɵмɵндʏгʏ деп айтат элем. Ошол витаминдерди ɵз алдынча ичкендердин баары кошунасынын же тууганынын айтканына ишенип эле “ии сени айыктырса демек мени да айыктырат болуш керек” деп ичип жатышат. Бул нерсе адам баласы ʏчʏн, анын ден соолугу ʏчʏн абдан кооптуу. Витамин, БАДдарды сатууда мамлекет тарабынан эч бир орган кɵзɵмɵлдɵбɵй келет. Ошого да калк аны кеңири алып колдонуп жатат. Витаминдер тʏрдʏʏ химиялык каражаттар тарабынан жасалат. Айрым витаминдерди адал дарылар деп сатылган жерде, дарыканада, дʏкɵндɵрдɵ айтор, кайсы гана жерде сатылбасын алардын тʏрʏ аябай кɵбɵйʏп, ошонун айынан кɵп адамдардын ден соолугу талкаланууда. Витаминдер бул качан гана адамдын организминде конкреттʏʏ жетишсиз болгон учурда, лабораториялык жактан тастыкталып, дарыгердин кɵзɵмɵлʏнʏн негизинде, ɵлчɵмʏн аныктап, организмге терс таасири барбы-жокпу, кандай таасир берип жатат баарын изилдеп, дыкаттык менен байкап туруп, сунуштала турган нерсе. Анан бизде тармактык маркетинг менен алектенгендер да адамдардын башын айландырып бʏттʏ, “аптекада сатылган витаминдер алар химия, бул биз саткан витаминдер табигый чɵптɵрдɵн жасалат” деп тʏшʏндʏрʏп жатып, адамдардын витаминдерге болгон “сʏйʏʏсʏ” кʏчɵп кетти. Ушул “сʏйʏʏнʏ” жок кылуу ʏчʏн бир жыл мурун “Витаминдер тууралуу чындык”  деген 412 беттен турган китеп да чыгаргам. Негизги максатым – калкты кичине болсо да медициналык маалымат алсын деген ойдо.

“Ар бир ичкен таблетка боор ʏчʏн зыян”

2. Албетте, ар бир витаминди ичʏʏдɵ адам конкреттʏʏ кɵрсɵтмɵнʏн негизинде ичʏʏсʏ керек. Анан негизи адам дайыма ичʏʏчʏ 5-6 эле витамин бар. Калган жанагы тʏрдʏʏ аттар менен, кошулмалар менен чыгып аткандардын баары пайдасыз. Ар бир ичкен таблетка боор ʏчʏн ɵтɵ зыян. Дары негизи боорду, бɵйрɵктʏ талкалайт. Ошон ʏчʏн таанышы айтса эле чуркап барып иче калган туура эмес. 5-6 жылдан кийин адам кантип боордун циррозу, кантип дары гепатити (лекарственный гепатит) болуп калганын байкабай калат. Азыр моюнга алыш керек, кээде айрым дарыгерлер да тактабай туруп эле витамин жазып коет, бул да кɵйгɵй. 

“Кара зиренин майын эч качан адамдарга сунуштабайм”

3. Альхадая бул БАД. БАД деп тасыкталган сертификат алган. Ислам динибизде Пайгамбарыбыздын медицинасында «кара зире деген урук келген, ошол урук ɵлʏмдɵн башканын баарына даары, колдонгула» деп айтылат. Анан азыр адамдар ошол уруктун майын сыгып, аны капсула кылып сатышууда. Негизи мен кара зиренин майын эч качан адамдарга сунуштабайм. Эмнеге? Себеби мен кара зире боюнча кɵптɵгɵн клиникалык изилдɵɵлɵрдʏ окудум, кɵптɵгɵн маалыматтарды алдым. Кара зиренин майына караганда анын уругу адамдын ден соолугуна пайдалуу, себеби анын уругунун кабыгында тимохинон, тимолол деп аталган пайдалуу заттар камтылган. Ал эми анын майы айрыкча ашказан ооруларына, май гепатозу барларга кайра оорусун кʏчɵтʏп, абалын начарлатып, андан да оорукчан кылышы мʏмкʏн. Азыр ɵзʏңɵр билгендей биздин ɵлкɵдɵ ар бир экинчи адам май гепатозу менен ооруйт. Дал ушул оору менен ооругандар кара зире майын ичип жʏрʏшɵт, бул кооптуу. Аны сатып жаткандар медициналык билими жок,товары ɵтсɵ болду, адамдын ден соолугунан акча жогору, сенин ден соолугуң талкаланып жатабы, аны ойлобойт. 

4. Албетте, балдар ʏчʏн, чоңдор ʏчʏн витаминдердин тʏрʏ болот. Витаминдердин ар бир адамдын ден соолугуна карап ɵлчɵмʏ аныкталат. Бардык эле адамга бир таблеткадан ичире берʏʏ туура эмес. Анткени кээ бир адамдын салмагы жогору, кээ бириники тɵмɵн болот. Ошондуктан бул жерде ар бир адамдын ден соолугуна карап аныктала турган нерсе жана бул маанилʏʏ. 

Айжан Осомбаева, дарыгер, клиникалык нутрициолог, диетолог:

“Витамин ичʏʏ дарылануунун бир тʏрʏ”

1. Нутрициолог бул тамактануу боюнча адис. Нутрициологияга азыр медициналык билими жок адамдар да окуса болот. Бирок, алар бейтапты дарылоого укугу жок, ошентсе да кайсы бир жагдайда алар кеңеш берсе болот. Азыр биз башка доордо жашап жатабыз. Анткени, тамак-аштар витаминдерди жетиштʏʏ деңгээлде бербейт. Ошон ʏчʏн адамдар дайыма ɵзʏн начар сезишет. Мага келген бейтаптардын кɵпчʏлʏгʏ организминде кайсы бир витамин жетишпей атканын билʏʏ ʏчʏн келишет. Кɵп учурда алсыздануу, чачтын тʏшʏʏсʏ, аллергия, уйкусуроо абалы, апатия жана башка. Жыйынтыгында организмде кɵп нерсенин жетишсиздигин, анемияны байкайм. Ушуну менен катар ал бейтап туура тамактанган, спортчу  болсо дагы. Ошондуктан азыктарга, тамак-ашка ишенʏʏ туура эмес, мен туура тамактанып атам, менин организмимде витаминдер жетиштʏʏ деп ойлобош керек, же тескерисинче аны тонналап жеген да туура эмес. Дарыгер менен макулдашпай туруп витаминдерди кабыл алуу бул абага же текке кеткен акча . Витаминдерди кабыл алуудан мурда сɵзсʏз тʏрдɵ анализ тапшыруу зарыл. Витамин ичʏʏ бул тамаша нерсе эмес, бул да дарылануунун бир тʏрʏ. Бул же тигил витаминди, минералдарды дарыгердин катуу кɵзɵмɵлʏ менен жазып берилиши керек. 

2. Кандай гана витамин ичпейли сɵзсʏз дарыгер менен макулдашуу керек. Эгер бейтап анализ тапшырууга шарты туура келбей атса, кайсы витаминди ичʏʏнʏ билбей атса анда анын абалынын, даттанууларынын негизинде дарыгер болжолдуу тʏрдɵ ɵлчɵмдʏ жаза берсе болот. Бейтап дʏкɵндɵн дарыгердин кеңешисиз витаминдерди сатып алып аны иче берсе ал каражатын, убакытын текке кетирип атат деп эсептесе болот. Анан адамдар кɵп учурда дʏкɵндɵн сатып алып ичип аткан витаминдердин ɵлчɵмʏ тɵмɵн болуп, организмге таасир этʏʏсʏ сезилбейт. 

3. Альхадая  бул БАД, витамин эмес, кара зире майы. Ал кандайдыр бир керемет таасирди бербейт, бул маркетинг жолу. Эгер альхадая жогорку таасирди берсе дарыгерлер да ушул дары менен иштешмек. Пайдасы бар бирок, аны чыгаргандар айткандай укмуш эмес. 

Элира Чынтемир кызы