29 марта, 2024

“Быйыл ɵздʏгʏ такталбаган алты адам жерге берилди”

Мейиткана (морг), маркум, эксгумация, экспертиза – бул сɵздɵрдʏн эле сʏрʏ сезилээрлик бар. Бардык адамдар мындай процесстерге даап катыша албайт. Бирок, бʏт ɵмʏрʏн медициналык экспертиза жʏргʏзʏʏгɵ арнап, жумушунун оош-кыйышына чыдап, “ɵлʏктɵрдʏ кɵрʏп, таш боор болуп калгансыңар” деген ɵңдʏʏ сɵздɵрдʏ укса да, милдетин жоопкерчилик менен аткарып келе жаткан кызматкерлер бар. Алардын бири Ош облустук соттук медициналык экспертиза борборунун танатология бɵлʏмʏнʏн башчысы Арап Кожобаев. “Экспертиза жʏргʏзʏʏчʏ адис медицинанын бардык багытын билʏʏсʏ керек” деген каарманыбыз жумушу, эсте калган окуялары тууралуу айтып берди.       

“Кызматыбыз мейитканага алып келингендердин ɵлʏмʏнʏн себебин аныктоо”

— Институтта окуп жʏргɵндɵ студенттерди мейитканага алып келип, сɵɵккɵ экспертиза жʏргʏзʏʏгɵ катыштырат эмеспи. Ошондон тарта эле ушул тармакка кызыгып калдым, табышмактуу нерселерди табууга шыгым бар десем болот. 

1993-жылы Бишкектеги Кыргыз медициналык институтун бʏтʏрʏп, ошол эле жылы республикалык соттук медициналык эксперттɵɵ бюросуна ординатор болуп киргем. Анда бир жыл окугандан кийин 1994-жылы Ошто жумуш орун болуп калгандыгына байланыштуу мени жɵнɵтʏшкɵн. Кудайга шʏгʏр, бʏгʏнкʏгɵ дейре облустук соттук медициналык экспертиза борборунда иштеп келем, 28 жыл болуптур. Башка бɵлʏмгɵ да которулган жокмун. 

Менин кызматым каза болуп, мейитканага алып келингендердин ɵлʏмʏнʏн себебин аныктоо. Кɵбʏнчɵ кɵчɵдɵ каза болгондордун ɵз ажалы менен же киши колдуу болгондугун тактайбыз. Жол кырсыгынан же бирɵɵлɵрдʏн кол салуусунан улам ар тʏрдʏʏ жаракат алып кɵз жумгандар келет. Эгер дене жаракаты болсо, анын эмненин негизинде, качан пайда болгонун, себептерин аныктап, тергɵɵ кызматтарына кɵмɵктɵшɵбʏз. Андан сырткары элге медико-санитардык кызмат кɵрсɵтʏп, сɵɵктʏ жууп, тазалап берʏʏ иштерин жʏргʏзɵбʏз.

Талаштуу жагдайлар

-Жумушта ар тʏрдʏʏ учурлар болот эмеспи. Бирɵɵ тоодон секирип кетсе, бирɵɵ ɵзʏнʏн кан-тамырларын кесет, дагы бири асынып каза тапса, кээ бирлер табышмактуу кɵз жумат. Албетте, ар бир ɵлʏктʏ изилдɵɵнʏн ɵзʏнчɵ кыйынчылыгы бар. Айрым учурда чыгарган корутундубузга туугандары нааразы болгон жагдайлар да жок эмес. Себеби алар кʏткɵндɵй жыйынтык чыкпай калат. Мисалы, сɵɵк кɵчɵдɵн табылып, денесинде бир-эки жаракат бар, бирок ал жаракаттар ɵлʏмгɵ алып келбейт. Мындайда кээ бирлеринин туугандары корутунду менен макул болушпай, киши колдуу болгон деген ойдо калышат. Карапайым эл адистерге караганда башкалар тарабынан айтылган сɵздɵргɵ кɵбʏрɵɵк ишенишет. 

Эсимде, 1998-жылы райондордун бирине чакырышты. Жаңы жыл, январдын алгачкы кʏндɵрʏ болсо керек. 20-30 жаштардагы жаш балдар жаңы жылдын алдында мушташыптыр. Андан кɵп ɵтпɵй эле ооруканага бирɵɵсʏ тʏшʏп, инфекциялык бɵлʏмдɵ каза болот. Туура, балдар мушташканда бети сыйрылган, кɵгɵргɵн жерлери деле болушу мʏмкʏн. Туугандары дарыгерлердин дифтериядан улам кɵз жумду деп койгон тыянагына ишенгиси келбей, экспертиза жʏргʏзʏлсʏн дешкен экен. Жакындарынын пикиринде маркум алган жаракатынан улам ɵмʏр менен кош айтышкан. Изилдесек, дифтерия организмге киргенден кийин токсиндерди бɵлʏп чыгарат. Токсин канга сиңип, кан аркылуу айланып, жʏрɵктʏ былбыратып коёт. Маркумга экспертиза жʏргʏзʏлгɵндɵн кийин чын эле аталган оорудан каза болгонун айтып, жакындарын ынандырганмын. 

Кээде ɵзʏңдɵ да аябай талаштуу учурлар болуп калат. Андайда тажрыйба менен катар интуицияны угууга туура келет. Ошондо гана туура жыйынтыкка жете аласың.

“Кайнатасы кʏйɵɵ баласына бычак сайып…”

-Кʏз мезгили болсо керек эле. Кайсы бир райондун тургуну улак тартыштан мас болуп келип, аялын сабайт. Келиндин тɵркʏнʏ менен бир айылда турушабы же жакын жерде болгон окуябы, келин ʏйʏнɵ качып барат. Аркасынан барган кʏйɵɵ баласынын бутуна жинденген кайнатасы бычак сайып жиберет. Албетте, бычак тийген жерден кан агат, мас неме кɵчɵдɵ жʏрʏп, ʏйʏнɵ келип жаткан бойдон эрте менен турбай калат. Туугандары маркум алган жаракатынан улам кɵп кан жоготуп кɵз жумду деген жʏйɵɵ менен экспертизага алып келишет. Текшерип кɵрсɵк, уйку безине кан уюп калгандыгынан каза болуптур. Ал эми бычак тийген жеринде ɵлʏмгɵ алып келе турган жаракат болгон эмес. Жаракат 2 см болгон, чоң кан-тамырлар жабыркабаган. Бирок, баары бир келиндин атасы бычак сайганы ʏчʏн соттолот. Сотто да ɵлʏмдʏн себеби башкада экенин анатомияны кɵтɵрʏп барып айтып бергенмин. Анда интернет, бʏгʏнкʏдɵй шарт жок да. Кан-тамырлардын жайгашкан ордуларын, жаракат алган жерди кɵрсɵтʏп, сот залында отургандарга тʏшʏндʏрʏп бердим. Жабырануучу тарап маркумдун ɵтʏгʏ канга толуп калганын, кансырап каза болгонун айтышты. Эгер адам кансырап каза болсо, гистологиялык изилдɵɵлɵрдɵ аныкталмак. Себеби биз ар бир органдан ткандарды алып текшеребиз, ошондо органдардын кансыроодон жабыркаганы билинмек. Ошентип, маркумдун ɵлʏмʏнʏн себеби башка экенин далилдегенбиз. Сот отурумунан кийин мени менен кошо барган эксперт “айыпталуучу эч жакка кɵңʏл бурбай, сени гана тиктеп отурду” деп айтып калды. Мындан биздин жумушубуз кээ бирлердин тагдырына да таасирин тийгизʏʏчʏ жоопкерчиликтʏʏ иш экенин белгилегим келет. 

Жумушта экспертизалык изилдɵɵнʏн жыйынтыгына макул болбой, бизди пара алып, экинчи тарапка чечим чыгарып койду деген сɵздɵр болбой койбойт. “Баланча миң акча алыпсыңар” деп суммасына чейин айтып, айыптап келгендер кездешет. Кудайдын алдында ак болсоң башкаларга актанып эмне кыласың. Кээде “мен ал сумма ʏчʏн мындай иштерге барбайм” деп айтып калам (кʏлʏп). “Силер ɵлʏк кɵрɵ берип, таш боор болуп калсаңар керек” дегендер да бар. Жок, андай эмес. 

“Ɵткɵн жылы он адамдын ɵздʏгʏ такталган эмес”

— Бʏгʏн кɵчɵдɵ денеси табылгандардын туугандарынын доосу жок болсо, тергɵɵ аркылуу сɵɵгʏн жакындарына берʏʏгɵ мыйзам уруксат берет. Менин оюмча мындай жагдайларда маркумга толук изилдɵɵ жʏргʏзʏлʏшʏ керек. Ɵлʏктʏ кɵмгɵндɵн кийин ар кандай сɵздɵр чыгат эмеспи. Жакындары тʏрдʏʏ пикирлерден улам бʏдɵмʏк ойдо калбоосу ʏчʏн изилдеп, себебин тактоо туура. Муну туура тʏшʏнʏʏ менен кабыл алгандар да бар. 

Изилдɵɵсʏз эле ɵлʏктʏ алып кеткендер кийин ɵлгɵндʏгʏ тууралуу кара кагазды ала албай кыйналышат. Сɵɵк экспертизага келбей, тергɵɵ аркылуу берилип кетсе, бизге катталбаса, ɵлгɵндʏгʏ тууралуу кагазды бере албайбыз. Азыр ушул маселеде талашып жʏргɵндɵр кɵп. 

Мындан сырткары ɵздʏгʏ такталбай калган маркумдар келет. Эми алар кɵбʏнчɵ ʏй-жайы жок, селсаяктар. Быйыл жакындарын табууга мʏмкʏнчʏлʏк болбогон алты адам жерге берилди. Эң ɵкʏнʏчтʏʏсʏ анын ичинен экɵɵ аял. Ɵткɵн жылы он адамдын ɵздʏгʏ такталган эмес. Мʏрзɵгɵ болжолдуу жашы, каттоодогу номери жазылып коюлат. Жакындары табылса, сɵɵгʏн алып кетишсе болот же кɵмʏлгɵн жайда кала берет. 

Ɵздʏгʏн тактоодо бир окуя эсиме тʏштʏ. Бир киши Ошко келип, жашап, иштеп жʏрʏп жоголуп кетет. ʏч же алты айдан кийинби, ɵзʏ жашаган жерде дарыянын жээгинде балчыкта жатып калыптыр. Сууда дене жатып калганда, тери былжырап, таптакыр ɵзгɵрʏп кетет, таанылбайт. Карасак, тиши протез жасалган экен. Ошол тишин сʏрɵткɵ тартып, Бишкекке туугандарына жɵнɵттʏк, алар маркум барган тиш дарыгерине кɵрсɵтʏштʏ. Стоматологдор ɵзʏнʏн жасаган ишин тааныйт да, ошентип тиши аркылуу ɵлʏктʏн ɵздʏгʏн тактаганбыз. 

“Адам ɵзʏн-ɵзʏ асканын же киши колдуу болгонун экспертиза аныктай алат” 

-Маркум каза болгондон 1-2 жылдан кийин экспертизага кайрылгандар болот. Айрыкча 2010-жылдагы июнь окуясы болгондон эки ай ɵткɵндɵн кийин кɵп эксгумация жасалып, ɵздʏгʏн тактоо сыяктуу иштер жʏргʏзʏлгɵн. Мисалы, бир топ убакыт мурун ɵлтʏрʏлʏп, жерге кɵмʏлʏп калган маркумдарга медициналык экспертизалык изилдɵɵ жʏргʏзʏʏдɵ кылмышкердин кɵрсɵтмɵсʏнʏн негизинде далилдеп бере алабыз. Кандай жаракаттар менен ɵлтʏрʏлгɵн, башына чапканбы же колу, кабыргасы сынганбы, кɵрсɵтмɵдɵ айтылган жерлер изилденет. Дене чирип кетсе, сɵɵгʏ аркылуу же жумшак эттери калган болсо, химиялык препараттардын жардамында кайра калыбына келтирʏʏ процессин жʏргʏзʏп, аныктоого мʏмкʏн. Мындай изилдɵɵ адам асынып ɵлʏп, туугандары жерге бергенден кийин “бирɵɵ асып койгон же муунткан” деген сыяктуу шек саноолордо жʏргʏзʏлɵт. Анда моюн терисин кесип алып, атайын препараттарга салабыз. Эгер адам ɵзʏ асынып каза болсо башка, киши колдуу болсо башка мʏнɵздɵ жыйынтык чыгат.

Ɵз уулун зордуктоого шектеген эне…

-Жумушубузда зордуктоого кабылып же бири-бири менен мушташып, бирɵɵнʏн ден соолугуна зыян жеткиргендерди да текшерип, корутундуларды чыгарып беребиз. Жакында эле 1-класста окуган кызды алып келишти. Окуяда чоң энеси уулун ɵз кызына карата ыплас аракеттерди жасады деп айыптады. Ал эми текшерʏʏ кызда эч кандай зордуктоого кабылганы боюнча белгилерди тапкан жок. Кийинчерээк чоң энесинин ичимдик ичерин, ошого байланыштуу уулу менен келишпестиктер болуп турарын уктук.

“Аталыкты аныктоо боюнча маселе кɵбʏрɵɵк жаралууда”

-Биздеги эң кɵйгɵйлʏʏ маселе – ДНК анализинин жоктугу. Ошол себептʏʏ кɵп адамдардын ɵздʏгʏн тактоо кыйынга турат. Азыркы убакта аталыкты аныктоо боюнча маселе кɵбʏрɵɵк жаралууда. Канчалаган акчалар менен Орусияга, Ɵзбекстанга, Казакстанга барып, анализ жасатып келишʏʏдɵ. 2010-жылы окуяга байланыштуу мекемеге кɵңʏл бурулуп, жабдуулар жаңыланды эле. Беш-алты жылдан бери биздин кызмат унутулуп калды. Ɵлʏктɵрдʏ сактоочу муздаткычыбыз да эскирген. Ɵзгɵчɵ жайдын кʏндɵрʏ жагымсыз жыттар чыга баштайт. 

Жумагʏл Кочкорбай кызы