16 апреля, 2024

Элдик Курултай. Кимдер делегат боло алат?

Ɵлкɵ башчысы Садыр Жапаровдун жалпы Элдик Курултайды ɵткɵрʏʏ демилгеси жɵнʏндɵ мыйзам долбоорлонуп, анда «Элдик курултай – коомдук ɵкʏлчʏлʏк, кеңешʏʏчʏ, байкоочу орган катары коомдук ɵнʏгʏʏнʏн багыттары боюнча сунуштарды берет» деп белгиленген. Мыйзам долбоору талкууга коюлуп, бирок кабыл алынбай калгандыгына байланыштуу курултай 2022-жылдын 25-ноябрына президенттин жарлыгынын негизинде чакырылды. Ага чейин аймактарда жергиликтʏʏ деңгээлде курултай ɵткɵрʏлʏп, делегаттар шайланат. Делегаттарды шайлоо, уюштуруу тартиби тууралуу тɵмɵндɵ токтолобуз. 

Делегаттарды шайлоо тартиби кандай?

Айыл аймактарда, шаарларда жергиликтʏʏ кеңештин тɵрагасынын жетекчилиги астында уюштуруу тобу тʏзʏлɵт. Уюштуруу тобу 15-октябрдан 25-октябрга чейин конуштарда, кɵчɵлɵрдɵ кварталдарда, калктуу пункттарда белгиленген участкалар боюнча графиктерди бекитет. Графикке ылайык, жергиликтʏʏ кеңештин депутатынын тɵрагалыгында жыйындар чогулуштар ɵткɵрʏлʏп, ачык добуш берʏʏ менен жергиликтʏʏ курултайдын делегаттары шайланат. 

Ар бир аймакта жергиликтʏʏ калктын санына жараша делегаттардын саны бекитилген:

Калктын саны    Сунушталган ченем

2000ге чейин                         20

2001-5000                              40

5001-10000                            50

10001-20000                          100

20001-30000                          150

30001 жана андан жогору   200

Ош шаары                             500

Бишкек шаары                      800 

Жергиликтʏʏ курултайга делегаттыкка талапкерлерди кɵрсɵтʏʏ укугуна жергиликтʏʏ жамааттардын бардык мʏчɵлɵрʏ ээ. Делегаттарды шайлоо туурасында кабар аймакта каттоодо турган ар бир адамга жеткирилʏʏгɵ тийиш. Ал эми жергиликтʏʏ курултайлар 5-ноябрда ɵткɵрʏлʏп, Элдик Курултайга делегаттар шайланат. 

Жергиликтʏʏ курултайга шайланган делегаттардын 2/3нен кем эмеси катышууга тийиш. Делегаттар ачык добуш берʏʏ менен жергиликтʏʏ курултайдын тɵрагасын дайындашат. Ошондой эле делегаттар эки талапкерди тандоо жолу менен Элдик Курултайга делегаттарды кɵрсɵтɵт. Ачык добуш берʏʏнʏн жыйынтыгынын негизинде кɵпчʏлʏктʏн добушуна ээ болгон талапкерлер борбордо ɵтʏʏчʏ курултайдын делегаты болуп шайланат.

Кимдер делегат боло албайт?

-Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер

-КР Жогорку Кеңеш жана жергиликтʏʏ кеңештин депутаттары

-Мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу бар адамдар

-Жашы жете электер.

Президент: “Мурдагыдай «дежур курултай» болбойт” 

Президент Садыр Жапаров Элдик курултай тууралуу Facebook социалдык баракчасына билдирʏʏ калтырып, анда бийликтин бардык бутактары бир жылда жасаган иштери тууралуу жалпы элге маалымат берерин, мурункудай “дежур курултай” болбой турганын жазган:

-Бийликтин бардык бутактары бир жылда жасалган иштери жɵнʏндɵ жалпы элге маалымат беребиз. Курултайдын сунуштарын угабыз. 

Курултайга делегаттарды жергиликтʏʏ эл ɵздɵрʏ шайлап жɵнɵтʏшɵт. Уюштуруу иштерин, делегат шайлоону жергиликтʏʏ кеңештин депутаттары уюштурушат. Жергиликтʏʏ элди чогултат. Ошол чогулушта эл ɵздɵрʏ делегат шайлап беришет. Шайланган делегат Бишкекке Курултайга келет. Ошондуктан эл-журт делегат шайлоого активдʏʏ катышып бериңиздер. Айыл ɵкмɵт башчы, аким, Президенттин ɵкʏлдɵрʏ делегат тандоо иштерине катышпайт. Тыюу салынат! Мындан ары кандай гана Курултай болбосун, мурдагыдай «дежур курултай» болбойт. Эл шайлаган делегаттар, келгиле. Ачык айтып, ак сʏйлɵп, сунушуңарды бергиле, — деп кошумчалаган ɵлкɵ башчы.

Кыргыз тарыхында курултай эң маанилʏʏ болгон чечимдерди кабыл алууда уюшулуп, укуктук, шайлоо, аймактарга тиешелʏʏ жана башка маанилʏʏ маселелер чечилип келген. Алсак,  Кыргыз тарыхындагы алгачкы курултай болуп ХVI кылымда Кара-Дарыянын боюнда Адыгине, Тагай кыргыз бийлери уюштурган курултай эл оозунда айтылып калган. Алар чоң жыйын ɵткɵрʏп, анда тʏндʏк-тʏштʏк башкаруу системасын макулдашышкан. XVIII кылымда Эсенгул баатырдын тушунда болуп, кыргыз-казак чек ара маселеси чечилген. Ал эми XIX кылымда азыркы Балыкчы шаарында жалпы бийлердин жыйыны болуп, Ормон хан хандыкка кɵтɵрʏлгɵн. 

Эгемендʏʏлʏктʏ алгандан кийинки мезгилди карасак, 1992-жылы «Дʏйнɵ кыргыздарынын биринчи курултайы» деген ат менен жалпы элдик чогулуш башталган. Эки жылдан соң 1994-жылдын 22-январында Кыргызстан элдеринин биринчи курултайы, 1996-жылы экинчи курултайы ɵткɵрʏлгɵн. Ал эми эң олуттуусу жана 2010-жылдагы тɵңкɵрʏшкɵ таасири бар деп ошол жылдын март айында ɵткɵрʏлгɵн курултай айтылып келет. Ошол эле жылы Жогорку Кеңеште мамлекетти Элдик курултай менен башкаруу сунушу кɵтɵрʏлгɵн. Бирок, 2012-жылы анын макамы, укуктары жана ɵткɵрʏʏ тартиби каралган мыйзам долбоору экинчи окууда ɵтпɵй калган. Ошого байланыштуу министрликтер, мамлекеттик башкаруу органдары коомдук уюмдар ɵткɵргɵн курултайлардын чечимдерин сунуш иретинде гана карап келишкен.

Жаңы мыйзам долбоорунун 7-беренесине ылайык, эми элдик курултайга ɵзгɵчɵ макам берилди. Курултайда каралган коомдук маанилʏʏ маселелерди мамлекеттик органдар карап чыгууга тийиш. Андан тышкары ɵлкɵнʏн ички жана тышкы саясаты боюнча сунуштар президентке чейин жиберилет. Ошондой эле алардын аткарылуусу боюнча отчеттерду угуу укугу берилди. 

Жергиликтʏʏ курултайларды уюштуруу боюнча Куршаб айылдык Кеңешинин тɵрагасы Байышбек Жумаев аймакта аткарылып жаткан иш чаралар туурасында буларга токтолду:

-Курултайды уюштуруу боюнча 15-сентябрда ɵткɵн айылдык Кеңештин кезексиз сессиясында карап, анда 11 адамдан турган жумушчу топту тʏзгɵнбʏз. Аны менен катар жер-жерлердеги жергиликтʏʏ делегаттарды шайлап алуу маселеси каралган. Биздин айыл ɵкмɵттɵ калктын санына жараша 150 делегат шайлануусу керек. Муну айыл ɵкмɵттʏн ичиндеги округдардагы калктын санына жараша бɵлʏп, делегаттарды шайлап алуу ʏчʏн калк менен жолугушуулардын графигин бекиткенбиз. Андан бери жумушчу топ жолугушуулар кандай ɵтɵрʏн, ɵтʏʏ тартиби боюнча маалыматтарды жеткирʏʏнʏн ʏстʏндɵ иш алып барышууда. Социалдык тармактарга атайын видео-роликтер даярдалды. Бизде алты округ болсо, 17-октябрдан тарта алты кʏн ошол айылдарда жолугушуулар ɵтɵт. Жолугушууларда эл ɵзʏ делегаттарды кɵрсɵтʏп, шайлашат. Алгач округдарда тандалган делегаттардын курултайы ɵткɵрʏлʏп, анда эки делегат тандалып, элдик курултайга барууга мʏмкʏнчʏлʏк алат.   

Ал эми Ошто шаардык Кеңештин 2022-жылдын 21-сентябрындагы №62 “Ош шаарынын жергиликтʏʏ жамаатынын элдик курултайын ɵткɵрʏʏ жɵнʏндɵ” токтому менен муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жергиликтʏʏ жамааттын Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарын ɵткɵрʏʏ убактысы жана жери тɵмɵнкʏдɵй белгиленди: 

1. “Туран” МАБда 17-октябрь, саат 10:00 — Туран кичи району Королёв кɵчɵсʏ, №41, Х.Абдуллаев атындагы мектебинин актылык залы.

2. “Сулайман-Тоо” МАБда 18-октябрь, саат 10:00 — Атабаев кɵчɵсʏ, №9 Рудаки атындагы гимназия мектебинин актылык залы.

3. “Керме-Тоо” МАБда 19-октябрь, саат 10:00 — Т.Кулатов кичи району, №14 К.Алтыбаев атындагы мектебинин актылык залы.

4. “Манас-Ата” МАБда 20-октябрь, саат 10:00 — У.Салиева кɵчɵсʏ, №38 Б.Алыкулов атындагы гимназия мектебинин актылык залы.

5. “Амир-Тимур” МАБда 21-октябрь, саат 10:00 — Амир-Темир кичи району, Целинная кɵчɵсʏ, №1 Федченко атындагы орто мектебинин актылык залы.

6. “Курманжан-Датка” МАБда 24-октябрь, саат 10:00 — А.Масалиев кең кɵчɵсʏ 37, №18 А.Навои атындагы мектебинин актылык залы.

7. “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгы 25-октябрь, саат 10:00 — Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын маданият ʏйʏ. Дареги: Керме-Тоо айылы, Араван тракт 6 км.

Уюштуруу тобу шаар тургундарын Ош шаарынын жергиликтʏʏ жамаатынын жыйындарына/чогулуштарына активдʏʏ катышууга чакырат.