26 апреля, 2024

САЯСИЙ ЭРК БАР, ЫРК ЖЕТИШПЕЙТ

Кыргыз-ɵзбек чек арасын толугу менен делимитациялоо жана демаркациялоо жɵнʏндɵгʏ келишимдин долбоорундагы кыргыз тарап ʏчʏн талылуу болуп жаткан Кемпир-Абад суу сактагычы жагдайындагы маселе  15-октябрда Ɵзгɵн районунун Кызыл-Октябрь айылында ɵткɵн элдик курултайда талкууга коюлду. Курултайдын катышуучулары Кемпир-Абаддын Ɵзбекстанга ɵткɵрʏлʏп берилишине каршы экендиктерин билдиришкени тууралуу да сɵз кетти.

“ЭЛДИК КУРУЛТАЙГА” КИМДЕР КАТЫШТЫ?

Курултайга Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов, Адахан Мадумаров, экс-Коргоо министри Исмаил Исаков, саясатчылардан Жеңиш Молдакматов, Кубанычбек Кадыров, Аймен Касенов, Бектур Асанов, Азимбек Бекназаров, Мамбетжунус Абылов, УКМКнын экс-башчысы Кеңешбек Дʏйшебаев,  активисттерден Эрлан Бекчоро уулу, Тилекмат Куренов, Атай Бейшенбек, Айбек Мырза, Канат Хасанов, Канышай Мамыркулова, Рита Карасартова, Ош облусунун губернатору Зиядин Жамалдиновдун ошол жерде жʏргɵнʏн кɵрʏʏгɵ болот. Аталган тараптарды сыягы, курултайга чакырылган коноктор  десе туурараак болот. Демек, “той генералдары” дегенден башкача атоого мʏмкʏн эмес.

Башында эле эскерте кетели, аталган курултайдын эч кандай  мыйзамдык да, моралдык да  мааниси жок. Дегеле, ɵлкɵбʏздɵ  5-ноябрда ɵтʏʏсʏ белгиленген Элдик курултайдын мыйзамдуулугун Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары эмитен эле тааныбай жатышкандыктарын белгилей кетʏʏ керек. Алсак, депутат ЖанарАкаев парламент Элдик курултай жɵнʏндɵ конституциялык мыйзамды кабыл ала электигин эскертет.

”Бʏтʏн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Исхак Масалиев, Адахан Мадумаров болсо элдик курултайды  чакыруунун ɵзʏ мыйзамсыз деп санашат.

“Конституцияда жазылып тургандай,  мыйзам ɵз тартиби менен болууга тийиш-дейт Исхак Масалиев. —Президенттин да. Жогорку Кеңештин да, Министрлер кабинетинин да курултай чакырганга азыр укугу жок. Биз оболу мыйзам кабыл алалы, ошондо мыйзамдуу болот. Президент жасагандын баары мыйзамдуу деген пикир болбошу керек. Анын жанында да “адаштырган” адамдар бар”.

Мадумаровдун пикиринде, бул курултай ɵткɵрʏлгɵн кʏндɵ деле кɵптɵгɵн жылдардан кийин да мыйзамсыз болуп кала берет.

Министрлер кабинетинин жана президенттин толук укуктуу ɵкʏлʏ Алмасбек Абытов президенттин жарлыгында президент курултайды  “Жергиликтʏʏ мамлекеттик администрация жана жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу  органдары жɵнʏндɵ” мыйзамды жана Конституцияны жетекчиликке алуу менен чакырып жаткандыгы жɵнʏндɵ айтылган.

“Жарлыкта курултай Элдик курултайдын макамы мыйзамдык жактан жɵнгɵ салынганга чейин чакырылат” деп жазылган. Андыктан, президенттин жарлыгы мыйзамдуу. Мамлекеттик бардык органдар аны аткарууга тийиш”,-дейт.

 “МУРДА КАЙДА ЖYРДYҢƟР?”

Ɵзгɵндɵгʏ оппозициялык курултай негизинен Кемпир-Абад суу сактагычын Ɵзбекстанга ɵтʏп кетʏʏсʏнɵ каршылык билдирʏʏ акциясы катары ɵткɵндʏгʏн белгилеп кетʏʏгɵ туура келет. Ɵлкɵ Конституциясында бир эле Элдик курултай жɵнʏндɵ жобо бар. Бирок, курултай жагдайында сɵз жаңы эле башталган жылдан тартып оппозициялык курултай жɵнʏндɵ  кеп-сɵз тʏгɵнбɵй келет. Оппозициялык курултай, оппозициялык парламент (Элдик парламент) деген тʏшʏнʏктɵр  элдин башын айлантып бʏтɵ жаздап калды. Оппозициялык курултайчылардын басымдʏʏ ɵкʏлдɵрʏ ɵзʏлɵрʏ баш болуп Элдик курултай институтуна караманча каршы пикирде болушканы менен ɵздɵрʏнʏн кызыкчылыктарын дал ошол оппозициялык курултай аркылуу ишке ашырууну каалап жатышканын жашырууга мʏмкʏн эмес.

Ɵзгɵндɵгʏ курултайдын уюштуруучулары  президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкʏлʏ Зиядин Жамалдиновго да сɵз беришкен.

Зиядин Жамалдинов кыргыз-ɵзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоого байланышкан иштер бир жыл бою жʏргʏзʏлгɵнʏн айтып келип,бʏгʏнкʏ курултайга чогулган патриоттор мурдараак кайда жʏрдʏңɵр эле деген сууроону койгондо, аны трибунадан ышкырык менен айдап тʏшʏшкɵн, тообо, бул кандай элдик курултай болду деп сурагың келет.

“Менимче, бул жерге бʏгʏн ɵлкɵнʏн бардык аймактарынан ɵкʏлдɵр патриоттор, аксакалдар келген. Бирок, алар азыркыдай, Кемпир-Абаддын айланасында ызы-чуу  кʏчɵп турган мезгилде эмес, мурдараак эмне ʏчʏн келишкен жок? Алар бʏтʏндɵй Ош облусундагы кɵйгɵйлʏʏ маселерди кɵтɵрʏп, чечкенге  жардам берет эле. Жаңы бийлик элдин чек арага байланышкан маселелерин чечʏʏгɵ убадасын берди” ,-деп  сɵзʏн баштаганда эле аны андан ары сʏйлɵтпɵй, ышкырып туруп алышыптыр.

Ошентип, Ɵзгɵндɵгʏ оппозициялык курултайда Кемпир-Абадды Кыргызстанга таандык деп таануу жɵнʏндɵ резолюция кабыл алыныптыр. Чек араны чечип бере албаса, УКМК тɵрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетʏʏсʏ да  талап кылыныптыр.

“ЧЕК АРА ЖАҢЖАЛЫН ЧЕЧКЕНГЕ САЯСИЙ ЭРК КЕРЕК”

 Кыргыз-ɵзбек  чек арасын делимитизациялоо жана демаркациялоо  маселесине байланышкан пикирлерин “Маьно” ɵзбек аналитикалык борборунун директору Бактияр Эргешов билдирген.

“Советтик мезгилде Кемпир –Абад суу сактагычын Ɵзбекстан менен Кыргызстан чогуу пайдаланган. Суу сактагыч кимисине расмий таандык экендигин аныктоо  административдик мʏнɵзгɵ гана ээ болгон. Баары бир республиканын карамагында болгон. Бирок, Союздун кулашы менен, суу сактагыч автоматтык тʏрдɵ эки мамлекетке карап калган. Эртеби-кечпи сууну пайдалануу жана суу сактагычтын расмий чек арасын аныктоо керек эле. Чек араларды аныктоо маселеси Орто Азия республикаларынын ортосундагы мамилелерде ɵтɵ оорулуу маселеге айланды. Кɵптɵгɵн анклавдар пайда болду”,-дейт Эргешов.  -Эң эле узун чек ара тилкеси Ɵзбекстан менен Казакстанга таандык эле. Дал ушул эң узун чек ара  Орто-Азия республикаларынын ичинен биринчи болуп делимитизацияланган. 2010-жылга келип,  Ɵзбекстан чек араны делимитизациялоо маселесин Казакстан менен эле эмес, Тʏркмɵнстан менен да чечʏʏгɵ жетишкен. Ал эми Кыргызстан жана Тажикстан менен чек араны делимитизациялоо маселеси проблемалуу бойдон кала берген.Шавкат Мирзиёев бийликке келген 2016-жылы 1300 ашыгыраак келген ɵзбек-кыргыз чек арасы дээрлик 85 пайызга макулдашылган. Ар тʏрдʏʏ эсептɵɵлɵр боюнча, 11ден 15 чейинки пайызда жɵнгɵ салынбаган участоктор калган. 2017-жылы Ɵзбекстандын президенти тышкы  саяясат маселелелеринде Кыргызстан жана Тажикстан менен болгон чек араларлды жɵнгɵ салуу милдетин алдыга койгон. 2021-жылдын мартында Ɵзбекстан менен Кыргызстандын жетекчилиги ɵзбек-кыргыз чек арасын делимитизациялоо жана демаркациялоого макулдашышканы маалымдалып, Кыргызстанда бул жɵнʏндɵ президент Садыр Жапаров жана УКМК тɵрагасы Камчыбек Ташиев билдирген. Бирок,арадан бир жума ɵткɵндɵн кийин эле Кыргызстанда ич ара саясий тирешʏʏлɵр кʏч алып кетип, кыргыз тарап кокусунан эле чек араны жɵнгɵ салуу маселеси боюнча сʏйлɵшʏʏлɵр узартыла турганын билдиришкен. Ошентип, процесс 2022-жылга чейин токтотулган.

Азыр биздин колубузда ɵзбек-кыргыз чек арасын толук жɵнгɵ салуунун дагы бир документи,  дагы бир шансы бар. Ал – ɵкмɵттɵр ортосундагы компромисстердин натыйжасында тʏзʏлгɵн макулдашуу.

Кыргызстанда да сʏйлɵшʏʏлɵрдʏн жыйынтыгы менен талаш участоктордун 90 пайыздан ашык ʏлʏшʏ Кыргызстанга ɵткɵнʏн эң сонун тʏшʏнʏп турушат. Бирок, биз кɵрʏп тургандай, Кыргызстанда кайра эле ички саясий  оюндар башталып кетти”.

Андан ары Эргешов чек ара талашы жеңил, эң башкысы бийлик ʏчʏн жʏргʏзʏлʏʏчʏ саясий кʏрɵштɵ пайдаланып калууга эч мʏмкʏн эмес, ɵтɵ олуттуу маселе экендигин, аны чечʏʏ ʏчʏн саясий эрк зарыл болорун эскертип ɵтɵт. Андай эрк Ɵзбекстандын, ал турсун Кыргызстан менен кандуу кагылышууга чейин барып жаткан Тажикстандын президентинде да бар экендигин баса белгилейт. “Ɵзбек-тажик чек арасындагы такталбаган участок 30 пайызды тʏзɵт. Бирок, ɵзбек-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо жɵнʏндɵгʏ келишимге ɵзбек-кыргыз чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо жɵнʏндɵгʏ келишимден мурдараак кол коюлуп калуусу да мʏмкʏн”,- дейт Эргешов.

Эгерде кыргыз-ɵзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси  бул ирет да артка жылдырылып кетсе, убалы бийлик талашууда аны менен ойноп жаткан оппозиция ɵкʏлдɵрʏнɵ тиеби же  шорун  ансыз деле абат эмес тиричилик ɵткɵрʏп жаткан баягы эле карапайым калк тартабы, билип болбойт.

Абдираим Мамытов