23 апреля, 2024

Алайдын ашуусундагы ʏч жылдыздуу мейманкана

Кыргызстан бийик тоолуу ɵлкɵ экенин айтып жар салып келебиз. Бирок, ошол артыкчылыгыбызды толук кандуу пайдалана алуудабызбы деген суроо Алайга болгон сапарыбыздан кийин пайда болду. Эмнеге дейсизби? Анткени деңиз деңгээлинен 3,5 миң метр бийиктикке ʏч жылдыздуу мейманкана куруп, кʏндɵн электр энергиясын алып, ысык суусун камсыздап, кышкысын калың кар жаап, абанын температурасы -30га тʏшсɵ да, бɵлмɵнʏн ичин +30 градуска жеткирип, дʏйнɵнʏн тɵрт бурчунан туристтерди кабыл алып жаткан “Памир Алай” отелинин директору Абдырасул Акматов менен маектешкенден кийин сизде да мындай ойлор жаралбай койбойт. Каарманыбыз ɵлкɵбʏзгɵ туристтерди жайкысын гана эмес, тɵрт мезгилде тең тартууга болорун, ошондо гана туризм ɵнʏгɵɵрʏн айтат. 

“Кышты да пайдаланууга аракет кылуубуз керек”

— Менин пикиримде Кыргызстанда туризмди ɵнʏктʏрʏʏнʏн глобалдуу бир эле маселеси бар, сезондук туризмди жоюшубуз керек. Анткени бизде туризм ʏч же тɵрт ай гана иштейт. Ал эми калган мезгилде, ɵзгɵчɵ кышында туристтерди кабыл алуу токтойт, айрыкча тоолуу аймактарда. Андыктан кышты да пайдаланууга аракет кылуубуз керек. Бирок, кышкы туризмди ɵнʏктʏрʏʏ абдан кыйын, кɵп эмгекти талап кылат. Кандай болбосун, биз бул багытты алып кетʏʏбʏз кажет. Себеби кɵп мамлекеттерде кышкы туризмди ɵнʏктʏрʏʏ менен туризм багытында бир топ ɵнʏгʏʏ орун алган. Айталы, Талдык-Ашуусунда тогуз ай кыш болсо, анын сегиз айында лыжа тебʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк бар. Аталган жер деңиз деңгээлинен 3450 метр бийиктикте жайгашкан. Октябрь айында биринчи кар жаайт да, ноябрь айынан баштап, апрелдин этегине чейин лыжа тебʏʏгɵ ылайыктуу мезгил болот. Ошондуктан, биз ʏй-бʏлɵбʏз менен кышкы туризмди ɵнʏктʏрʏʏ концепциясын кабыл алып, ушундай кардуу, сʏрдʏʏ, суук жерге келип калганбыз. Улуу кар, жаратылыш бизди ушул жакка алып келди. 

“Орто Азияда бийиктикте курулган мейманканалар боюнча биринчи турабыз”

-Ишти баштоодо алгач кандай кыларыбызды, суукта кантип жылытууну кɵп ойлондук. Европа реконструкциялоо жана ɵнʏктʏрʏʏ банкы аркылуу грант алып, бизнес-план жасатканбыз. Ал бизнес-планды ДемирБанк колдоп, коммерциялык насыя берген. Кийин Европа реконструкциялоо жана ɵнʏктʏрʏʏ банкы бизге гранттык негизде Европадан кʏчтʏʏ эксперттерди жɵнɵтʏп, бизнесибизге анализ жʏргʏзʏп беришти. Ошентип, 2020-жылы май айында курулушту баштаганбыз. Кеңешип, изденип отуруп, жарым шаар формасындагы ʏй (купольная конструкция) шамалга, суукка, жаан-чачынга, жер титирɵɵгɵ да туруштук берерин эске алып, мейманканабызды ушундай тʏзʏлʏштɵ курдук. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Орто Азиядагы 3500 метр бийиктикте курулган мейманканалар боюнча биринчи орунда турат. Менин оюмча Кыргызстанда туризмди тɵрт сезондо тең ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн аталган конструкция абдан ыңгайлуу. Кɵбʏ биздин мейманкананы глэмпинг деп аташууда. Бирок, ал бир аз башкача болот. Ɵзʏбʏз купольный ʏй (купольный дом) деп эле атайбыз. Буюрса, экинчи кышыбызды тосуудабыз, жазгы туристтик мезгил да жакшы жыйынтыкталган болчу. Азыр эми кыш мезгилине даярданып жаткан мезгилибиз.

Каарманыбыз Кара-Кулжа районунун кулуну. “Алайга кандайча келип, бул ишти баштап калдыңыз эле? Же эмне Алайкууда кар жокпу?” деген суроолорго “Мен эмес, эжеңер келген деп тамашалап калам” дейт. Кɵрсɵ, каарманыбыз Алайга кʏйɵɵ бала экен.

“Европанын бʏт ɵлкɵлɵрʏнɵн келишти”

-Мейманканабызга Европанын бʏт ɵлкɵлɵрʏнɵн туристтер келип, тʏнɵп кетишкен. Кɵбʏнчɵ тобу менен Германия, Италия жана Швейцариядан туристтерди тособуз. Алардын ɵздɵрʏндɵ деле лыжа базалар бар, бирок башка тоолорду кɵрʏʏнʏ эңсеп, бизге кɵп келишет. Экинчи себеби Ленин чокусуна, Памир тоолоруна чыгууну каалагандар да мейманканада эс алып кетишет. Мейманкана менен Ленин чокусунун аралыгы 80 кмди тʏзɵт. 

План боюнча дагы алты жарым шаар тʏзʏлʏшʏндɵгʏ ʏй курулмак. Бирок, негизги туристтик багытыбыз болгон Памир жолу жабылып калгандыктан, азыр туристтердин саны да азайды. Ошого байланыштуу бир аз максаттарыбыз ɵзгɵрдʏ. Алдыда жергиликтʏʏ жана орусиялык конокторго ылайык иш алып барууну кɵздɵɵдɵбʏз. Азырынча мында 4 адам туруктуу, 5-6 адам убактылуу иш менен камсыз болгон.   

“Үзгʏлтʏксʏз электр энергиясын жана ысык сууну камсыздаганбыз”

-Учурда тамак-аштан баштап, уктоочу жайларга чейин ʏч жылдыздуу мейманкананын стандарттарына ылайыктоодобуз. Бул жерде электр энергиясы жок, жаңыдан келгендеги суроолордун бири да ошол болгон. Анан кʏн панелдерин алып келип койдук. Азыр 5 кВаттык гана коюлган. Муну 20 кВаттка жеткиришибиз керек. Кʏндɵн энергия ала турчу технологиялар абдан кымбат болгондуктан, акырындап кɵбɵйтʏʏнʏ ойлоодобуз. Андан сырткары мейманкана дегенден кийин ичиндеги шарттар да ага ылайык болуусу керек эмеспи. Ашкана, душ, дааратканада ысык суу бар. Ысык сууну дайыма ʏзгʏлтʏксʏз камсыздап туруу ʏчʏн кʏн коллекторлорун койгонбуз. Коллекторлор сууну ысытып турушат. Жаңы технология, жаңыча кɵз караш жаңыча иштешти талап кылат экен. Заманбап технологияларды изилдеп, алар менен иштɵɵнʏ ʏйрɵнʏʏдɵбʏз, кээде ката жасаган учурлар да болот. Бирок, ʏйрɵнʏп жатабыз. Жылытууда кышкысын от казанга кɵмʏр жагылса, эрте жаз жана кеч кʏздɵ кʏн коллекторунун жардамы менен жылытылат. 

“Орундарды кɵбɵйтʏʏ боюнча суроо-талаптар тʏшʏʏдɵ”

-Купольный конструкциясы – конструкциялардын ичинен эң туруктуусу болуп эсептелинет. Мунун ʏстʏнɵ дээрлик кар токтобойт. Айтуулар боюнча эки метр карды кɵтɵрʏшʏ керек жана жер титирɵɵгɵ да абдан туруктуу. Ошондой эле жылуулукту жакшы сактайт. Ɵзʏңɵр кʏбɵ болгондой кардуу, шамалдуу жерде жылуулукту сактоо чоң мааниге ээ. ʏйдʏ жакшы жылуулоого кɵңул буруу керек. Негизи мейманкана 40 адамга ылайыкташкан. Бирок, экинчи бɵлʏгʏ бʏтɵ элек, буюрса кийинки жылга бʏтʏрɵбʏз. Ал эми бʏгʏн бир мезгилде 14 адамды кабыл алууга толук мʏмкʏнчʏлʏгʏбʏз бар. Мисалы, бʏгʏн Голландиядан он, эртеге Орусиядан он тɵрт киши келет. Орундарды кɵбɵйтʏʏ боюнча суроо-талаптар тʏшʏʏдɵ. Чоң топ менен келгендер болот, алсак, Ɵзбекстандан “эң аз дегенде бизге 30 орун керек” деп байланышып жатышат. Талап болгондон кийин аны аткарууга аракет кылабыз. 

“Орел и Решка” бизге жакшы жарнама болду”

-Мейманканага кɵп эмгек, чоң суммадагы акча каражаты жумшалып, “ʏч жылдыздуу отель” деп атап, ичине талаптарга ылайык шарттарды тʏзгɵндɵн кийин, орто эсеп менен кʏнʏнɵ бир адамга эрте мененки тамагы кошулуп 2 500 сомду тʏздʏ. Ал эми тʏшкʏ жана кечки тамактарына кошумча буюртма берет.

Жайында орустардын “Орел и Решка” берʏʏсʏ келип, мейманканабызга конок болуп кетишти. Алар да жаратылыш, мейманкана жакканын айтып, айрым иштер толук бʏтɵ электигине карабай берʏʏсʏнɵ тартып кетишкен. Ал дагы бизге жакшы жарнама болуп берди. Берʏʏ интернет желесине чыккандан кийин Италия сыяктуу бир катар ɵлкɵлɵрдɵн чалуулар болду. 

Аймакта телефон менен байланышууга мʏмкʏнчʏлʏк жок, бирок интернет бар. Экологиялык таза, жыгачтан заман талабына ылайык курулган, бийик ашууда, тоо боорунда жайгашкан мейманканада конок болууну сизге да сунуштайбыз, окурман. 

Жумагʏл 

Кочкорбай кызы