19 апреля, 2024

ДАТКАНЫ ДАҢАЗАЛАГАН ОРКЕ АЙЫЛЫ

Кыргыздын кайсы айылына барбагын мактана турчу чыгаан инсандары бар. Ушунун ɵзʏ эле кандай гана нарктуу, баа жеткис, баатыр эл экенибизге далил десек жаңылыштык болбос. Элибиздин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калган мына ушундай инсандардын бири Курманжан датка энебиз. Эң кубантаарлыгы, Оркеде Курманжан Датканын аталаш тууганы, айылдын кадырман карыясы Шермат ата жашайт. 97 жашка чыккан санжырачы ата Орке айылы жана  Датка энебиз жɵнʏндɵ бир топ маалыматтарды  даана-так айтып берди.

Салибай уулу Шермат, 1925-жылы туулган.

Орке айылынын аталышы

-Орке Жапалак уруусунан тараган баатыр. Жапалак кɵп калк. Азыр 5 миң ʏй-бʏлɵ болсо керек. Орке баатырдан Акбий, Акбийдин Темиркул, Назаркул, Боогачы деген ʏч уулу болгон. Боогачыдан бала калган эмес. Темиркулдан Чопо, Зулпу, Маматбай. Маматбай Курманжан датканын атасы. Назаркулдан тарагандар Исмадияр бий. Исмадияр бийдин уулу Кожобай, анын уулу Салибай менин атам.  

Курманжан датка тууралуу

-Маматбай кызы Курманжан 1811-жылы жай чилдеси болгон кулжа айында курман айт кʏнʏ туулган. Кут даарыган куттуу майрам кʏнʏ туулгандыктан атасы кызына ыроолоп Курманжан деп атоону туура кɵргɵн. Адатта, кыргыздар мусулмандардын бул улук майрам кʏндɵрʏндɵ туулган балдар-кыздарына Курманбек, Курман, Курмангазы же Курманжан, Курманбʏ, Курмангʏл  сыяктуу ысымдарды ыроолошкон. Курманжан эжебиз биринчи турушунан кʏйɵɵсʏн чанып Катты-Багыт деген жерден жɵɵ-жалаң качып келген. Качкан келинди кыргыздын ошол маалдагы мыйзамында катуу жазалашкан. Тагыраагы, кармап алып барып, элдин кɵзʏнчɵ чычырканактын тикендʏʏ бутактарына бɵлɵп, жазалай турган. Эжебиз качып келсе артынан келген куугунчулардын аттары эшигинде байланып туруптур. Абасы Исмадияр бийдин кийлигишʏʏсʏ менен Курманжанды алып кетишпестен, анын ордуна качкан келиндин куну дешип тɵрт тʏлʏк жандыктын ар биринен тогуздан (9 жылкы, 9 тɵɵ, 9 карамал, 9 топоз) алып жолго тʏшʏшкɵн. Алымбек Даткага кантип турмушка чыккандыгын айта турган болсом, Датка Исмадияр менен сер каттоосу болгон. Бир жолу Кокондон келатып, бир аз ɵргʏʏ алайын деп Орке айылына келип, бабабыздын ʏйʏнɵ кайрылып калат. Бий ʏйдɵ жок болуп, ал келгичекти деп мейманканага киргизишет. Датканын алдына кирип, дасторкон салып, чай куюуга бир да аялзаты даабайт. Ошондо жубан болуп бети ачылып калган Курманжан эжебиз “датка болсо ɵзʏнɵ датка, мага бергиле”  деп тартынбай  кирип, Алымбек датканын колуна суу куюп, келиштире дасторкон жаят. Жаш келиндин ар бир кыймылына сереп салып отурган датканын кɵңʏл кушу тʏшʏп, “мага ылайыктуу зайып экен” деп аялдан ичи чыкпай жʏргɵн Алымбек датка Исмадияр бийден карындашынын колун сурап (бул учурда атасы Маматбай каза болуп калган эле) кадимки калың тɵлɵɵнʏн бардык шаанисин жасап, Мадыга жаңы салган ʏйʏнɵ кɵчʏрʏп кеткен.

Акыркы сапарга Мадыдан узатылган

-Бала кезимде чоң атам Кожобайдын айтканы эсимде, Курманжанды кɵчʏрʏп кеткенде, ʏстʏнɵ кашкар килем жапкан каймал тɵɵгɵ отургузуп алып кетишиптир. Бийдин Кумайык деген ити ээрчип кеткен. Ошондо Исмадияр бий Курманжанга “менин бийлигим да, ооматым да сени менен кетмей болду” деп бата берген. Ал кезде турмушка чыккан кызды ит ээрчисе бул жɵн кɵрʏнʏш эмес деп эсептешкен. Эжебиз келин болуп барган Мадыдагы ошол ʏйдɵ кийин 96 жашка чыкканда каза болгон. Ага чейин балдары Алайга алып кетели дешкен, бирок эжебиз ага кɵнбɵй келин болуп келген жеримен чыгамын деп айткан экен. Ошентип, сɵɵгʏн Оштогу Сары-Мазарга, кɵкʏрɵк кʏчʏгʏ Камчыбектин жанына ɵзʏнʏн керээзи боюнча коюшкан. Курманжандын атасынын коргонунун тому (дубалынын калдыктары) кечээ жакында датканын 180 жылдыгы белгиленгенден кийин деле сакталып турду. Кийин иним Эрмат анын ордуна ʏй тургузду.

Мангиев Максатбек, айыл башчы.

“Чакан суу сактагычыбыз курулуп калса таза суудан кɵйгɵй болбойт”

-Учурда айылда 2 351 тургун бар. Кожолуктардын саны 412. Элдин басымдуу бɵлʏгʏ айыл чарбасы жана мал чарбачылыгы менен алекенет. Багбандарыбыз кокон гилас бактарын кеңейтип, жакшы тʏшʏм алып жатышат. Орке айылы алты кɵчɵдɵн турат. Алар: Курманжан Датка, Юсупов, Ташиев, Орке, Абжалиев жана Жаңы чек кɵчɵлɵрʏ. Айылыбызда бир ФАП, орто билим берʏʏ мектеби, №60 балдар бакчасы бар. Ошондой эле Орке кɵчɵсʏ асфальтталып, таза суу кирген, калган кɵчɵлɵргɵ азырынча жете элек. Буюрса, пландалып аткан 1 гектар жерибизге чакан суу сактагычыбыз курулуп калса таза суудан кɵйгɵй болбойт. Чакан суу сактагыч 2023-жылга бʏткɵрʏлɵт деп турабыз. Мындан сырткары эски ФАПтын ордуна бейтапардын жатак бɵлмɵсʏ менен бирге боло тургандай кылып жаңы, заманбап, ФАП куруу планыбыз турат жана Курманжан Дака энебизге арнап эч болбосо эки бɵлмɵлʏʏ музей курдуруп, эстелигин тургузалы деген ниеттерибиз бар. Ошондой эле мектептин жаңы имараты ɵткɵн жылы колдонууга берилди. Айылдын инфраструктурасын жакшыртууда элдин да бийликтин да салымы бар. Алдыдыгы пландарыбызды ишке ашырууда да элʏʏгɵ элʏʏ ыкмасы ɵз жемишин берери талашсыз.

Мангиева Ыкыбал, Ч.Тʏлебердиев атындагы №34 мектептин директору.

-Орке айылынын дал ортосунда Чолпонбай Тʏлɵбердиев атындагы орто мектеп жайгашкан. Жаңы имаратыбыз 375 орунга ылайыкталып, ɵткɵн жылдын кыш айларында колдонууга берилди. Мында 18 класстык каана, спорт зал, китепкана, ашкана орун алган. Ошондой эле билим сапатын жогорулатуу максатында 8 класска акылдуу доскалар орнотулган жана компьютердик класстар бар. Тʏзʏлгɵн шарттар балдардын терең билим алуусуна жана мугалимдердин жакшы иштешине зор мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏп берет. Быйылкы жаңы окуу жылынын башталышы менен  окуучулардын саны 810ду тʏздʏ. Аларга 54 мугалим татыктуу тарбия берʏʏгɵ аракеттенип жатышат. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе Чолпонбай Тʏлебердиевдин эрдик кɵрсɵткɵнʏнɵ быйыл 80 жыл, ал эми туулганына 100 жыл толду. Ошонун урматына 6-августта мектепте окуучулар жана ата-энелердин катышуусунда салтанаттуу иш чара ɵткɵрʏлдʏ.

Айжылдыз Тойчиева

Фото: Сыдык Токонов