16 апреля, 2024

“Антон” дарбызынын мекени –Керме-Тоонун Гʏлбаар талаасы

Керме-Тоодо жашап ɵткɵн, кезинде айыл чарбасын ɵнʏктʏрʏʏгɵ зор салым кошкон Шарипжан аттуу бир багбан жɵнʏндɵ кеп кылабыз.Чынында эл ичинде эчендеген жɵндɵмдʏʏ кишилер жашап келет. Кɵбʏ жасаган иши менен эли-журтка пайдасы тийгендиктен, дайым алар жɵнʏндɵ айтып, кеп кылып, артында калгандар сыймыктанып жʏрʏшɵт. Биздин гезит да ошондой легендага айланган кишилер тууралуу жазып келебиз. 1945-жылы Ошко келип иштеген чех багбаны Мали Антонович шакирти керме-тоолук Шарипжан Зулумов менен биргеликте жанаша эгилген “мрамор” жана “астрахань” сортторундагы дарбыз гʏлдɵгɵн учурда бири-бирине чаңдаштыруу жолу менен жаңы сортту алышат. Ага жеңиштин урматына “победитель” деген наам беришкен. 1946-жылы бул дарбыз СССРдин эл чарба жетишкендиктеринин кɵргɵзмɵсʏнɵ коюлуп, ВДНХнын “Чоң алтын” медалын алууга татыган. Биз ошол багбан тууралуу кеп кылабыз. 

Керме-Тоонун Мичурини атыккан Шарипжан ата

Алдыбыздан чыккан аксакалдардын бири “Оо Шарипжан ата жɵнʏндɵ айта берсе сɵз кɵп, кыргыздын Мичурини болгон” десе экинчиси “совхоздун андагы гектарлаган бактары, эгин талааларын айтпаңыз. Азырга чейин кɵз алдымда. Керме-Тоо жазда буркурап гʏл жыттанса, кʏзʏндɵ шилекейди чууртуп мɵмɵ-жемиш жыттанар эле” деп кезектешип багбандын эмгеги жɵнʏндɵ айтып берип жатышты. Учурда Шарипжан атанын уулу Маматкалы Шарипов да чоң багбан.Ата кесибин улаган небереси да бак кылып тим болбой, тʏрдʏʏ мɵмɵ-жемиштин уругун сээп, кɵчɵт эгет. Атасы менен сыймыктанган уулу ал кишинин эски сʏрɵттɵрʏн, сыйлыктарын алып чыгып кɵргɵзʏп, узак баяндап берди. 

Багбан болууга тʏрткʏ болгон чех устаттын таасири

-Атам 1920-жылы 18 жашында азыркы Ош шаарына караган Керме-Тоо айылына кɵчʏп келиптир. Бул жер 1937-жылы Кыргызстандын дыйканчылык илим-изилдɵɵ институтунун тʏштʏктɵгʏ таяныч тажрыйба станциясы катары ɵз ишин баштаган. Ал станция алгач чакан болуп, тажрыйба жʏргʏзʏʏчʏ жери 10-12 гектардай болгон. У.Т. Аракеляндын жетекчилиги астында адегенде жыгачтан 3-4 имарат, кеңсе, кампа, клубдар салынат. Станцияда иштей турган жумушчулар ʏчʏн бири-бирине уланган турак-жайлар курулган экен. Жумушчулардын бир бɵлʏгʏ алыскы Чехословакиядан келишкен “Интергельпо” уюмунун мʏчɵлɵрʏ Мали Антонович деген багбан-агрономдун жетекчилиги астында иш жʏргʏзʏшкɵн. Эбелек учкан кунарсыз талаага адегенде токой кɵчɵттɵрʏн отургузушуп, суу чыгарышат. Ары-бери ɵткɵндɵр бул жерге кантип эле дарак кɵгɵрсʏн деп баш чайкап ɵтʏшɵр эле. Жыл айланып талаага эгилген тʏрдʏʏ мɵмɵ-жемиштердин жаш кɵчɵттɵрʏ кɵгɵрʏп ɵсʏп келатты. Бир нече жылдардан соң тʏркʏн сорттогу мɵмɵ-жемиштердин атайы уруктары себилип, кɵчɵттɵр даярдалып, республиканын тʏштʏк аймагына таратылып турган. Жергиликтʏʏ ишчилердин арасында эми эрезеге жетип келаткан атам Шарипжан да болгон. Ал чех багбанынын жакын жардамчысына айланып, устатынын баа жеткис акыл-насааты, мээнеткечтиги атамын багбанчылыкка болгон шыгын, дилгирлигин ойготуп, ушул кесипти аркалоосуна тʏрткʏ болуптур. Алма-ɵрʏктʏн, алмуруттун, кара ɵрʏктʏн кыйыштыруу жолу менен жаңы сорттору ɵстʏрʏлʏп, алыс-жакындан суктанган адамдар келип, бакча ɵсʏмдʏктɵрʏн ɵстʏрʏʏнʏн сырларын ʏйрɵнʏп кетишер эле.

Гʏлбаар талаада ɵскɵн Антон дарбызы

-Каардуу согуш башталганда таяныч тажрыйба станциясы ɵз ишин токтотпой, жаш-жалаң жигиттер согушка кеткендиктен ордуна кары-картаңдар, аялдар, балдар тынбай иштешти. 1945-жылы чех багбаны Мали Антонович шакирти атам Шарипжан Зулумов менен биргеликте жанаша эгилген “мрамор” жана “астрахань” сортторундагы дарбыздар гʏлдɵгɵн учурда бири-бирине чаңдаштыруу жолу менен жаңы сортту алышат. Ага жеңиштин урматына “победитель” деген наам беришкен. 1946-жылы бул дарбыз СССРдин эл чарба жетишкендиктеринин кɵргɵзмɵсʏнɵ коюлуп, ВДНХнын “Чоң алтын” медалын алууга татыйт. Борбордук Азиянын кɵпчʏлʏк жерлеринде бʏгʏнкʏ кʏнгɵ дейре эгилип жʏргɵн эл арасында “Антон” дарбызы аталып калган дарбыздын мекени ушул Керме-Тоо этегиндеги Гʏлбаар талаасы экендигин кɵпчʏлʏк биле бербесе керек.   

“Ар бир ʏйдɵ 20-30 же андан да кɵп дарбыз ʏйʏлʏп турчу”

-Тажрыйба станциясы дʏркʏрɵп иштеп турган кезде Антон дарбызынын уругун атайы ала турган комбайн болгон. Бешилик менен дарбыздарды комбайндын ʏстʏнɵ ыргытышып, эзип уруктарын бɵлʏп алышчу. Анан суусун арыкка агызып коюшса, суу кыпкызыл болуп акчу экен. Каалоочулар суусун алып шербет да кайнатышчу дешет. Дарбыздын чоңдорун терип, комбайнга эзбей элге беришчʏ “тазалап жеген соң уругун кайра бергиле” деп. Кызыгы ар бир ʏйдɵ 20-30 же андан да кɵп дарбыз ʏйʏлʏп турчу экен. Чынында дарбызды ушунчалык кɵп эгип, ʏрɵнʏн алышкан. Антон дарбызы абдан таттуу болот. Жыты да буркурап турат. Кадимки дарбыздан айырмаланып сыртындагы кочкул тʏстʏʏ жашыл сызыгы ач жашыл тʏстɵ, териси жука. Уругу азыркы дарбыздардай кара эмес, кызгылт тʏстɵ. Бирок, бʏгʏнкʏ кʏндɵ Антон дарбызы сейрек эгилип калды. Себеби ал дарбыздын териси жука болгондуктан, алыскы жолдорго чыдамсыз келет. 

Багбанчылыктын ɵнʏгʏшʏнɵ себеп болгон дарбыз

-Антон дарбызынан башталган багбанчылыктын таасири менен 1948-жылы атам устаты чех багбандан алган тажрыйбаларын колдонуп ɵз алдынча алма сортун кыйыштыруу жолу менен жанатан алманын жаңы сортун алып, ага “мамыр-ала” деген наам берет. Кийин бул эмгеги ʏчʏн бʏткʏл союздук эл чарба жетишкендиктеринин кɵргɵзмɵсʏндɵ 1-даражадагы аттестациялык бааны алат. Ошондой эле алма, ɵрʏк, алмурут, шабдаалынын кыйыштыруу жолу менен кɵптɵгɵн сортторун алууга жетишти.

“Кеңеш” совхозу Кыргызстандын тʏштʏгʏндɵгʏ эң чоң чарба болгон. Себеби совхоз жашылча жана сʏт ɵндʏрʏʏчʏ совхоз деп аталган. Айрыкча жазда алма гʏлдɵгɵн кезде айыл укмуш болгон. Студенттердин баары ушул жерге келип кɵчɵттɵрдʏн тʏбʏн жумшартып, актап, ишембилик ɵткɵрʏп кетишчʏ. Алма бышканда буркурап чыккан жыты автобуста ɵтʏп бараткан жʏргʏнчʏлɵрдɵн бери магдыраткан. Атам ɵмʏрʏнʏн аягына чейин 240 гектарга жеткен Кеңеш совхозунун алма багына бригадирлик кылды. Андан сырткары кайракы жерлерге ɵздɵштʏрʏлгɵн 360 гектар бакты кошкондо 500дɵн ашуун гектар бак болгон. Кийин ушундай эмгектеринин арты менен “Октябрь революциясы” ордени баш болгон кɵптɵгɵн орден-медалдардын ээси болду. Мен жана уулдарым ата кесибин улап бак кылабыз, кɵчɵттʏн тʏрʏн жасайбыз. Кɵчɵт ɵстʏрʏʏнʏн тʏйшʏгʏ да оор. Кʏздɵ жерге уругу себилет. Эрте жазда арыгын чаап, тɵрт жолу суу коюп отуруп эки жыл дегенде даяр болот. Анан жылда жаз мезгилинде кɵчɵттɵргɵ арналган чоң-чоң жарманкелерди ɵткɵрɵбʏз.

Сɵз аягында белгилей кетʏʏчʏ нерсе тургундардын айтуусу боюнча айылдын бардык кɵчɵсʏ бирдей аталышта калтырылган экен. Алардын ɵтʏнʏчʏ боюнча багбан ɵзʏ жашап ɵткɵн кɵчɵгɵ анын ысымы ыйгарылса деген ой-пикирлерин билдиришти.

Айжылдыз Тойчиева

Фото С.Токонов