20 апреля, 2024

Гʏлбайра Умарова, “Уникум” билим берʏʏ комплексинин, “Уникум+” креативдʏʏ ɵнʏктʏрʏʏ борборунун жетекчиси: “Кадрдык кризис айрыкча билим берʏʏ тармагында абдан байкалат”

Учурда коом ɵнʏгʏп, адамдардын аң-сезими ɵсʏп, жаштардын билимге болгон чаңкоосу, ата-энелер тарабынан балдарынын терең билим алуусуна ынтызаарлыгы кʏч коомдо жашап жатабыз. Муну менен катар шаар жергесинде менчик балдар  бакчасы менен кошо менчик мектептер да  кɵбɵйʏʏдɵ. Алардын арасында 6 жылдан бери ишмердʏʏлʏгʏн жʏргʏзʏп келе жаткан “Уникум” менчик балдар бакчасын жана мектебин айта кетсек болот. Мекеменин жетекчиси Гʏлбайра Умарова менен азыркы коомдун ата-энелери, балдары тууралуу баарлаштык. 

“Ата-энелерге караганда балдар менен иштɵɵ жеңилирээк”

— Гʏлбайра айым, шаарда жеке балдар бакчасын негиздеп ачып баштаган алгачкы айымдардын бири экениңизди билебиз. Ɵзʏңʏз теле жаатында иштеп, аны таштап ушул багытка ооп кеткениңизге эмне себеп болду, кепти ушундан баштасаңыз. 

-Эң биринчи себеп жеке муктаждык болду десем болот. Ошол учурда улуу балама мен каалагандай, менин талабыма жооп бергендей жана ɵзʏнʏн жашына ылайыктуу билим бере алчу бакча таппагандыктан 3 кʏндɵ чечим чыгарууга туура келди. 2016-жылы 1-мартта ɵзʏм бакчада иштеп баштадым, 1 жылдан кийин жеке мектеп ачтык, ɵткɵн жылдан тарта балдарды жана чоңдорду ɵнʏктʏрʏʏ борборун ачтык.

-Бул багытта ɵзʏңʏз окуп, билим алдыңызбы же болбосо сизге кеп — кеңешин айтып жол кɵрсɵткɵндɵр болсо керек, алгач иш баштаганда кооптонуу болдубу?

-Мага ишкердик боюнча жолдошум кɵбʏрɵɵк кеңеш берген. Ал эми педагогика жаатында  35 жылдык тажрыйбасы бар апам айтып, жол кɵрсɵтʏп турат. Мындан сырткары ɵз алдымча да кɵп издендим, тренинг, семинар, окууларга калбай катыштым. Педагогикалык билимди да кийин алдым. Балдар бакчасын жаңыдан иштетип баштаган кезде ата-энелердин тоготпогон мамилесине дуушар болгом. Бирок тынымсыз изденʏʏ жана жоопкерчиликтʏʏ мамиле менен алардын ишенимине ээ боло алдык деп ойлойм.

-Эшикте XXI кылым, заман ɵнʏгʏп, адамдардын аң сезими ɵсʏп жатат, балдар дагы азыр башкача дегендей. Азыркы ата-энелер менен, балдар менен иштɵɵ да оңой болбосо керек…

-Албетте, заманбап билимдерди алып, жаңы методикаларды ʏйрɵнʏп, Z муундагы балдардын психологиясын окуп, балдардын тилин тапканга абдан аракеттенип жатабыз. Чынында балдар менен иштɵɵ ушунчалык ырахат, ошол эле кезде татаал жана жоопкерчиликтʏʏ иш. Алар менен бир толкунда болуп, алардын дʏйнɵсʏнɵ сʏңгʏп, чыгармачылык менен иштеп кете берсе болот. Бир сɵз менен айтканда, ата-энелерге караганда балдар менен иштɵɵ жеңилирээк. Ошентсе да ар бир ата-эне менен тил табышып, конфликт кылбаганга аракет кылам. 8 жылдык иш  тажрыйбамда 2 гана апа менен катуу айтышып калдым. Ал дагы мугалимдерди кемсинтип, ат коюудан улам болгон. 

“Азыр баланын билимине кɵбʏрɵɵк маани бериле баштады”

-Мекемеге адистерди алууда эмнесине кɵңʏл бурасыз? Айтайын дегеним кээ бир мугалим ɵзʏ кʏчтʏʏ, кɵп окуйт, бирок билгенин балага жеткире албайт, кээ бири анчалык кɵп нерсени билбесе да баланын тилин таап, жакшы достошот дегендерди угуп калам…

-Даяр адистер абдан аз. Кадрдык кризис айрыкча билим берʏʏ тармагында абдан байкалат. Теориялык билими бар адистердин кɵбʏн катарга кошуп, жардамдашып, ʏйрɵтʏп анан кесипкɵй адиске айлантабыз. Албетте, педагогикалык дипломдон сырткары балдарга жылуу мамиле жасаган, жоопкерчиликти сезе билген, тез кыймылдаган, ишине ак ниеттʏʏлʏк менен мамиле кылгандарына ɵзгɵчɵ маани берем. 

-Ата-энелер тараптан сиздерден кɵбʏнчɵ эмнени талап кылышат, жаңы балдар бакчасын негиздеген кез менен азыркы кезди салыштырсаңыз керек. Эмнеге болгон суроо-талап жоголуп, кайсы нерселер пайда болду деп ойлойсуз?

-Балдар бакчасы жаңыдан ачылганда шаарда алгачкылардан болуп англис тилин кошконбуз. Ошондо аябай «тепкиге» калгам. Бирок, 3 жаштагы балдар 3 тилди (орус, англис, кыргыз) бирдей ɵздɵштʏрʏп кетти. Азыр алардын кɵбʏ биздин мектепти бʏтʏрʏп, башка мектептерге кетишти. Ата-энелер ошондо бакчадан тосуп алганда балдарынан «Бʏгʏн эмне жедиң?», » Эжекең урушпадыбы?» деген эки суроо менен тосуп алышчу. Азыр ата-энелердин кɵбʏ»Эмнени ʏйрɵндʏң?» деп сурап калышты. Азыр баланын билимине кɵбʏрɵɵк маани бериле баштады деп ойлойм.

“Ош шаарында биринчилерден болуп адал сертификатын алганбыз”

-Учурда менчик балдар бакчасын кадам сайын кезиктирсе болот, конкуренциядан улам жок болуп, жабылып кетʏʏ коркунучу сизди кыжалатка салбайбы?

-Кɵп адамдар балдар бакчасын ачып, миллиондорду таап, тез эле байып кетем деп ойлошот. Бирок, бир жылда ачылганга караганда, жабылып кеткен кɵп бакчалар кездешет. Себеби, балдар товар эмес. Балдар тирʏʏ жан, бирɵɵнʏн аманаты. Ага кыянаттык кылбай, таза иштɵɵ менен ɵтɵ чоң жоопкерчиликти сезʏʏ керек жана ал сезим дайыма кɵңʏлдɵ болуусу зарыл. Мен негедир жабылып кетем деген коркунуч сезим тууралуу ойлонбоптурмун. 

-Бир жылдары сиздердин бала бакча халал сертификатын алдыңыздар эле. 

-Ооба, Ош шаарында биринчилерден болуп адал сертификатын алганбыз. Бул сертификатты алуу менен чынында балдардын азыктануусуна ɵтɵ чоң кɵңʏл буруп, аларга таза тамак, азыктарды берели деген ой болгон. Биз менен кошо эт саткан борбордун ээси, айрым товар жеткирʏʏчʏлɵр да окушкан. 

-Сɵз соңунда сурайын, сизди коомдо ата-энелердин кайсыл кадамы кубандырат?

-Ɵз учурунда керектʏʏ билим ала албай калган айрым ата-энелер кʏнʏ -тʏнʏ иштеп, баласына инвестиция кылганын угуп, кɵрʏп абдан сʏйʏнɵм. Кыргызстан коңшу мамлекеттерге караганда сабаттуулардын ɵлкɵсʏ деп ойлойм. Келечекте ата-энесинин ишеничин актаган “смарт муун” ɵсʏп чыгуусуна терең ишенем жана анын кайсы бир бɵлʏгʏнɵ биздин салым болорун эстегенде иш маалындагы бардык кыйынчылыктар унутулат.

Элира Чынтемир кызы