Муун оорулары кʏнʏмдʏк жашоодо ыңгайсыздык жаратып, ал тургай убагында дарылабоо майыптыкка чейин жеткирет. Ревматоиддик артриттердин ичинен полиартрит жɵнʏндɵ кеп кылууну туура кɵрдʏк. Адистин айтымында, полиартрит менен кɵбʏнчɵ аялдар жабыркайт. Оорунун белгилери кандай, канткенде алдын алабыз? Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жогорку даражадагы дарыгери, ревматолог Уланбек Исаков жооп берет.
“Манжалар шишип, жумулуусу кыйындаганда…”
-Полиартрит кадимки артриттен эмнеси менен айырмаланат?
-Негизи артрит бул – муундардын сезгенʏʏсʏ, ал эми “поли” сɵзʏн кошкондо ʏчтɵн жогорку, бир канча муундардын оорусу “полиартрит” деп аталат. Полиартриттин тʏрлɵрʏ аябай кɵп, анын ичинен муундардын кыйшаюусуна жеткирген артриттер ревматоиддик артрит болуп саналат. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ ревматоиддик артрит менен кɵбʏнчɵ аялдар жабыркашат. Белгилерине токтолсок, суук мезгилдерде же колун муздак сууга салган учурларда муундарда оору байкалат. Манжалар шишип, жумулуусу кыйындайт. Ревматоиддик артриттеги муундардын шишиктери колдун майда манжаларында, билекте, чыканакта, ийинде, тизеде, кызыл ашыкта жана буттун манжаларында да кездешʏʏсʏ мʏмкʏн. Жогоруда айтылган белгилер байкалган болсо, токтоосуз дарыгерге кайрылуу керек. Лабораториялык анализдердин негизинде оору аныкталган болсо, дарыланууну эрте баштаган туура. Бул муундардын кыйшайып кетʏʏсʏн алдын алууга шарт тʏзɵт. Ревматоиддик артритке шек жаралган учурда ревматест жана АЦЦП (антитела к циклическому цитруллин-содержащему пептиду) анализдери алынат. Андан сырткары сɵɵктɵрдɵ же кемирчек ткандарындагы кыйшаюу рентгендин жардамы менен аныкталып, ошого жараша дары-дармек жазылат.
“Тукум куучулук белгиси 100% эмес”
-Дагы кандай себептерден болушу мʏмкʏн?
-Оорунун келип чыгуу себептери кɵп. Анын арасында тукум куучулук дагы бар. Бирок, тукум куучулук 100% деп айта албайбыз, болгону 50-60% болушу мʏмкʏн. Ошондой эле иммунитеттин тɵмɵндɵп кетиши. Биздин иммунитет суукка кɵп урунганда, жакшы тамактанбаганда, аз кандуулукта жана оор инфекциялардын негизинде тɵмɵндɵйт. Мисалы, коронавирус кʏчɵп, пандемия болгон учурда вирус жугузган бейтаптардын арасынан муундары кошо ооругандар кɵп кездешти. Полиартрит башталганда оору ʏч айга чейин муун сɵɵктɵрʏнɵ анча ɵтпɵйт. Ошол убакыт аралыгында жакшылап дарыласа, сɵɵктɵрдʏн структурасын сактап калууга болот. Убагында дарыланбай же туура эмес дарыланууда оору сɵɵктɵргɵ ɵтʏп, сɵɵктɵрдʏн структурасын бузат. Андан сырткары анализдердин жыйынтыгы менен оорунун активдʏʏлʏгʏн аныктап алабыз. Активдʏʏлʏгʏ жогорку артрит менен ооруган бейтаптарда бир гана муундар эмес, ички органдар кошо жабыркайт. Буга кан-тамыр да кирет. Баарыбызга белгилʏʏ болгондой бʏт органдар кан-тамыр аркылуу кан менен камсыздалат. Ошолордун ичинен эң кɵп сезгенген органдарга бɵйрɵк, жʏрɵк, ɵпкɵ, баш мээ, нерв тамырлары кирет.
-Кош бойлуу аялдар менен жаш балдарда кезиккен артриттер?
-Эгер анализдердин жыйынтыгы менен кош бойлуу аялда артриттин белгилери аныкталып, дарылоого муктаж болсо, ɵсʏп келе жаткан тʏйʏлдʏккɵ жана энеге зыяны тийбеген дарылоо ыкмалары колдонулат. Жаш балдарда да артриттин тʏрлɵрʏ кезигет, аны ювенилдʏʏ ревматоиддик артрит деп атайбыз. Ревматоиддик артритке басым жасап жатканыбыздын себеби, адамды майыптыкка жеткирген артриттер дал ушулар. Ревматоиддик артриттердин баары бирдей эмес. Бул кээ бир бейтаптарда жогорку деңгээлде, кээ биринде орто же тɵмɵн деңгээлде болушу мʏмкʏн. Деңгээлине жараша дарыларды туура тандоо зарыл. Инфекциялык, вирустардан сезгенген артриттер да бар. Жаш балдардын кɵбʏнчɵ тамагы ооруганда стрептококк инфекцияларынын негизинде муундар кошо ооруйт. Андан сырткары жʏрɵктʏн сезгенишине ревматизмдин терс таасири чоң.
“Колду кырсылдатуу жаман адат”
-Муундарды атайлап кырсылдатуунун кесепеттери кандай болот?
-Колду кырсылдатуу жаман адат, андан арылуу керек. Муундарды кырсылдатуу микротравмага алып келет. Травма дегенди кɵпчʏлʏк катуу урунганда гана болот деп ойлойт. Колду, бутту, бел же моюнду мажбурлап кырсылдатканда кемирчек ткандары, ошол жерден ɵткɵн нерв, кан-тамырлар жабыркайт. Ал эми кыймыл аракет жасагандагы муундардын кокустан кырсылдоосу физиологиялык кырсылдоо делип, мында патология жок. Эгерде ар жолу отуруп-турган сайын тизенин кырсылдоосу байкалса, муундардын боштугунан кабар берет. Мындай учурда дарыгердин кɵзɵмɵлʏнɵн ɵтʏп, кемирчектерди бекемдеген дарыларды алса болот жана муундардын бекемдигин сактоо ʏчʏн атайы гимнастикалар сунушталат.
-Улгайган адамдардын манжалары эмне себептен кыйшаят, бул полиартритпи?
-Жок, негизи жаш улгайган сайын денебиз ɵзгɵрʏлɵт. Ал ɵзгɵрʏʏ сɵɵктɵрдɵ деле болот. Муну оору деп эсептебейбиз. Бирок, оорунун баянын карап, буга чейин муундары ооруп келгенби же кокустан ɵзгɵрʏʏгɵ душар болгонуна маани берʏʏбʏз абзел. Жаш ɵткɵн сайын муундагы сɵɵктɵрдʏн бошоп кетʏʏсʏ остеопороз деп аталат. Остеопороздун айынан бой чɵгɵт, бел бʏкʏрɵйɵт. Физиологиялык ɵзгɵрʏʏ болот турбайбы деп жɵн койбой, денебизди чыңдап, кɵнʏгʏʏлɵрдʏ жасап, спорт менен алектенип, туура тамактансак кокустан келген ɵзгɵрʏʏлɵргɵ душар болуу ыктымалдыгы азаят.
Ал эми жаш ɵспʏрʏмдɵр спорт менен машыкса, сɵзсʏз тренердин кɵзɵмɵлʏндɵ болуусу зарыл. Эгер туура машыкса муундарга кʏч келбейт. Ɵз алдынча машыккан кооптуу. Анткени алардын медицинадан кабары жок, тез арада ийгиликке жетʏʏ ʏчʏн муундарына кʏч келтирип алышат. Ар бир нерсенин ченеми болот, ченемден ашып кетʏʏ кошумча ооруларды чакырарын унутпайлы.
-Артритке кабылып калбоо ʏчʏн кандай кеңеш айтасыз?
-Ɵсʏп келе жаткан балдар жеген тамагы менен куралат. Ошондуктан алардын тамак-ашы витаминдерге, микроэлементтерге, кальцийге бай болуусу керек. Эгер муундар бош болсо сырткы чɵйрɵдɵгʏ кооптуу факторлорго туруштук бере албайт. Кооптуу факторлор дегенде бир аз жыгылсак деле жаракат алып, же бир аз шамалдасак да ооруп, сасык тумоо менен бирге ар кандай ооруларды пайда кылып алуубуз мʏмкʏн. Спорт — ден соолуктун булагы деп бекер айтылбайт. Муундардын бекемдиги ʏчʏн ар кандай кɵнʏгʏʏлɵрдʏ жасап, спорт менен машыгып турган пайдалуу. Бул муундарды, бириктиргич ткандарды, булчуңдарды чыңалтат да ооруга туруктуулугун жогорулатат.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
ЖИКС – саламаттык сактоодогу глобалдуу көйгөй
“Бейтапты кɵз менен кɵрмɵй сайын диагноз коюу кыйын”
Дарыгер: “ЭКОдон кийин ɵзʏ тɵрɵгɵн аялдар да бар”