8 сентября, 2024

АШЫКЧА САЛМАК – дененин душманы

Америкалык демографтар Эндрю Стокс менен Самуэль Петерсон семиз адамдардын жашоо коэффициентин изилдеп кɵрʏшʏп, бир кезде салмагы ашыкча болгон адамдар эрте кɵз жумганын аныкташкан. Семиздерге атайын арыктоо эч качан кеч эмес деген тыянак чыгарышкан. Семиздик ден соолук ʏчʏн кɵйгɵйлʏʏ маселелердин бири. Мына ушул кɵйгɵйдɵн арылтууга ɵз салымын кошуп, кɵптɵгɵн балдардын ден соолугун чыңдоого кɵмɵк кɵрсɵтʏп келе жаткан профессионал спортчу, Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, Азиянын абсолюттук чемпиону, Кɵчмɵндɵр оюнунун эки жолку чемпиону, дʏйнɵ кубогунун ээси 31 жаштагы Келдибек Атайбеков менен маектештик.Учурда ашыкча салмактуу балдарды арыктатып, эң мыкты, таң каларлык жыйынтыктарды кɵрсɵтʏп келʏʏдɵ.

  “Семиздиктен арылтууну кɵздɵдʏк…”

-Келдибек мырза,фитнес тренерликти кантип баштадыңыз?

-Мындан 10-15 жыл мурун адамдар кантип курсагын тойгузабыз деген маселе менен жʏргɵн болсо, азыр кантип арыктайбыз деген глобалдуу маселе менен жʏрʏшɵт. Биздин кɵздɵгɵн максатыбыз дагы ушул. Азыр жаштардын кɵпчʏлʏгʏ толуп, ашыкча салмактан арыла албай жатышат. Мына ошол жаш балдарыбызга жардам берип, жаркын келечегин тʏзʏʏ. Азыр балдарыбыздын тамактануусу жакшы эмес. Мисалы, жеңил тамактар, тез татымдар, кола, ичкен-жегени бышып-бышпаган таттуулар жана зыяндуулугу кɵп тамактар. Булардын баары ден соолук ʏчʏн кɵйгɵйлʏʏ маселеге алып келет. Ошол келечек муундарыбыз кʏчтʏʏ, билимдʏʏ, ыймандуу, мыкты инсандардын бири болсо экен деген жакшы тилектерибиз бар. Буюрса, бул иштин арты менен ɵлкɵбʏзгɵ салым кошуп, мыкты аракеттин ʏстʏндɵ иштеп жатабыз. Ар бир кылган ишибиз келечек муундун дени сак ɵсʏшʏнɵ ɵбɵлгɵ болот деген ойдобуз.

“Эң кичинекей окуучум 9 жаштагы 83 килограмм Баел”

-Томпок балдарды ашыкча салмактан арылтуу кыйын болсо керек…

-Бизге бул жылдарга чейин жаш балдар келчʏ. Бирок мынчалык эрте жаштагы балдар жокко эсе эле. Быйыл эң кичинекей салмагы 83 килограмм 9 жаштагы Баел аттуу инибиз келди. Кичинекей кезинен бери эле ден соолугунда ɵтɵ чоң кɵйгɵйлɵр болуп келген экен. 9 жыл бою апасы жалгыз жардам издеп, барбаган жери, кайрылбаган дарыгери калган эмес. Эң акыры чоң ʏмʏт менен биздин колубузга келип отурат. Баел 7 жашында дагы бир келип кетти эле. Кичинекей болгондуктан алган эмесмин. Азыркы учурда ушул баланын ден соолугуна кам кɵрʏп жаткан чагыбыз. Негизи 9 жаштагы баланын салмагы 40 килограмм болушу керек. Баелде 44 килограмм ашыкча салмак бар. Азыркы учурда Баелдин салмагын азайтуу менен арыктоо программасынын ʏстʏндɵ терең иштеп жаткан учурубуз.

“Ар бир ата-энеге кеңеш”

-Жаш балдардын ата-энелерине кандай кеңеш берет элеңиз?

-Ар бир ата-энеге айтар элем, балдарыңыздарга туура тамак берип, кɵбʏрɵɵк кыймылдатып, жаркын жашоодо жашап, келечекте ден солугунда маселе болуп, кɵйгɵйлʏʏ бир иш болуусун каалабасаңыз, анда кʏнʏгɵ кыймыл аракеттерди кошуп, сырттан кɵп кыймыл боло турган оюн зоокторду уюштуруңуздар. Кɵбʏрɵɵк кыймылга алып келе турган иш аракеттерди жасатып  туруңуздар. Мына ошондо семиздикке окшогон кɵйгɵйлɵрдɵн алыс болобуз.

“Баланы башынан тарбиялаш керек”

-Семиздик жаш окуучу балдарда, деги эле жаш муундарда аябай кɵп болуп жатат. Себеби ата-энелери балдарыбыздын курсагы тойсо экен, кыйналып ачка калбаса экен деп отуруп ашыкча салмакка ɵздɵрʏ жетелеп жатышат. Балага баарын тʏшʏндʏрʏʏ керек. Курсагын тойгузуп, кийимин алып бергенге сʏйʏнʏп жʏрɵ бербеңиз. Кандай акча менен, кайсыл жактан келгенин тʏшʏндʏрʏп берсек, бала дагы мындай абалга жетпейт деген ишеничтемин.

“8 айда 60 килограмм таштады”

-Эң кɵп салмак таштаган учур канча килограммды тʏздʏ?

-Бизге мектеп окуучулар кɵбʏнчɵ каникул учурунда бир айга же эки айга келишет. Ден соолук кимге гана керек эмес?! Ата-энелери балдарынын ден соолугун баарынан алдыга коюп бизге жɵнɵтʏшɵт. Биз кыска мɵɵнɵттɵ ден соолугуна залакасы тийип калбагандай аракет менен жардамыбызды беребиз. Окуучуларыбыздын ичинен эң кɵп убакытта арыктаган Ороз аттуу окуучубуз болгон. Ал 16 жашында 134 салмак менен келип,  8 ай ичинде 60 килограмм салмакты кетирген. Быйыл эле ɵткɵн айларда Баткенден, Оштон, Жалал-Абаддан жаш окуучу балдар келишти. Алардын ичинен эң аз убакытта арыктаган окуучуларым дагы болду. Оштон атайын 2 айга Даулет деген иним келип, 2 ай ичинде 20 килограмм салмакты кетирип, абдан кубаныч менен кетти. Ал баланын ата-энеси аябай кɵп кыйналып, барбаган дарыгери калган эмес экен. Жооп дагы таба албай жʏрʏшкɵн. Алар ойлогон, алар жетпей жʏргɵн 10 жыл бою издеген жыйынтыкка эки айда биз жеткирип, ден соолугун чыңдап кайра жɵнɵтʏп жибердик.

“Мырзаларга караганда айымдар кɵп келишет”

-Спорт залга кимдер кɵп келишет, айымдарбы же мырзаларбы?

-Инстаграм баракчабызга кɵбʏнчɵ жаш балдарды жана эркек балдарды видеого тʏшʏрʏп киргизем. Себеби айымдар тартынат деген ой- максатта, айымдардын кемчиликтерин жашырууга туура келет. Негизи бизде айымдар абдан кɵп. Залдын 60% ын  айымдар тʏзɵт. Байкуш айымдарыбыз кʏнʏ-тʏнʏ иштегендиктен, кɵбʏрɵɵк кыймыл- аракетти кыла албайт. Туура эмес тамактануунун жыйынтыгы менен дагы ɵзʏн коё берип, жеп жатканын токтото албай, ошондон улам семирип кетет. Кɵп айымдарга арыктоого жардам бердик. Эң мыкты жыйынтык чыгарган айымдарыбыз дагы кɵп. Азыр деле чыгарып жатышат. Баарын жакшы жыйынтыктар менен узатып жатабыз. Айымдарды орточо 10 килограмм салмак менен арыктатып кетиребиз.

“Семиздик бул – оору”

-Семиздиктен жабыркап жʏргɵндɵргɵ кеңешиңиз…  

-Семиздиктин айынан чоң ийгиликтерден калабыз. Ден соолугубузду, кʏчʏбʏздʏ, сулуулугубузду жоготобуз. Семиздик жʏрɵк оору, боор ооруну чакырат, бʏт денелердин оорусу, эң башкысы кант диабетине алып келет. Жаш балдар азыркы учурда кант диабетине чалдыгып, ооруп жатат. Себеби ашыкча салмактын айынан. Бардык ден соолук сʏйʏʏчʏлɵргɵ айткым келет. Ɵзʏңʏздɵрдʏ карап, туура тамактанып, кɵбʏрɵɵк таза абада басып, кʏнʏгɵ кыймылдап, кʏнʏгɵ жеңил кɵнʏгʏʏлɵрдʏ жасап туруңуздар. Бул ден соолуктун башаты деп айтар элем. Оор жагдай, оор кʏндɵргɵ ден соолугубузду сʏйрɵп бара электе, ɵзʏбʏздʏ ɵзʏбʏз колго алалы. Жакшыраак жаркын жашоодо жашагыбыз келсе, талыкпай, кичинекей эле кɵнʏгʏʏлɵрдʏ жасоо менен, туура тамактануу менен, жеңил тез татымдардан алыс болуу менен ден соолугубузду сактап кала алабыз.

 Таңсулуу Сʏйʏнали кызы