20 августа, 2025

С. Айбашов: “Коңшу ɵлкɵлɵрдɵ ыр жаздыруу бизге караганда кыйла кымбат”

2004-жылы Самара шаарына гастролго барган жаш ырчы адашып, жол таппай калат. Бɵтɵн эл, бɵтɵн жер. Орусчасы чала, ал эми тегерегиндегилер анын тилин тʏшʏнʏшпɵйт. Бирок кайдыгер эмес бир кыргыз ага жардамга келет… Бул окуя Сапар Айбашовдун чыгармачылык жолундагы эсте калган кызыктуу учурлардын бири. Бʏгʏн биз ырчынын сахна артындагы жашоосу, сʏйʏʏгɵ болгон кɵз карашы жана музыка дʏйнɵсʏндɵ басып ɵткɵн жолу жɵнʏндɵ кеп кылмакчыбыз.

-Сапар мырза, канча жылдан бери “Биз” тобунун курамында ырдап келесиз?

-2002-жылдан бери “Биз” тобундамын. Ошол эле учурда жеке ырчы катары да чыгып жʏрɵм. Топтун курамында болгонум менен жеке чыгармачылыгымда эч кандай чектɵɵ жок. Бар талантыбызды элге тартуулап келе жатабыз.

-Байкашымча сʏйʏʏ темасында кɵп чыгармалар жаралат экен, жʏрɵгʏңʏздɵ арман барбы?

-Арман жок. Мен ʏчʏн сʏйʏʏ — бул кол тийгис, кирсиз, тунук сезим. Сʏйʏʏ жɵнʏндɵ чыгарма жазганда аны бирɵɵ менен байланыштырып кароого болбойт. Адам сʏйʏʏ менен жашайт, сʏйʏʏ анын жан дʏйнɵсʏн толтуруп, жашоого болгон кɵз карашын ɵзгɵртɵт. Сʏйʏʏ жɵнʏндɵ жазган чыгармаларым менин жʏрɵгʏмдɵн чыгат. Жʏрɵгʏмдɵ арман эмес, сʏйʏʏ жана аны тʏшʏнʏʏ бар.

-Бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин канча чыгарма жараттыңыз?

-Ɵзʏм аткарган ырлар 50дɵн ашты. Бирок арасында элге жетпей калган, жарык кɵрɵ элек чыгармалар да бар. Ошондой эле бир топ ырларымды башка ырчылар аткарып келет.

— Музыкалык билимиңиз барбы?

-Ооба, борбордогу Мураталы Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайда сырттан окуп билим алгам. Билим алуума маркум Апаз Жайнаков агай себепчи болгон. Ал киши дайыма “сɵзсʏз тʏрдɵ билим алышың керек” деп айтып жʏрчʏ. Ошол сɵздɵр мага чоң таасир берип, музыкалык билимимди ɵркʏндɵтʏʏнʏ чечкем. Андан сырткары, башка тармак боюнча да жогорку билимим бар.

-Ырларыңыздын кандайдыр бɵлʏгʏ ɵз жашооңузду чагылдырып турабы?

-Кандайдыр бир тʏрткʏ болмоюнча чыгарма жаралбайт. Кээде бирɵɵнʏн баянын угуп отуруп идея келет, кээде кɵргɵн кинодон да эргʏʏ аласың. Айрым чыгармаларым жашоомо байланыштуу болсо, кээ бирлери фантазиядан жаралган. Бирок жалпысынан алганда чыгармачылыгымдын 20 пайызы жеке жашоом менен байланыштуу десем болот.

-Учурда ырчылык тармагында аранжировка менен иштегендер кɵп, аларды ɵзʏңʏзгɵ атаандаш деп эсептейсизби?

-Мага атаандаш деп айтпайм. Ар бир аранжировка жасаган адамдын ɵз стили, ɵзгɵчɵлʏгʏ бар. Айрымдары белгилʏʏ бир багытта иштесе, башкалары кɵп жанрда эмгектенет. Мен муну атаандаштык эмес, алдыга жылууга болгон аракет катары кабыл алам. Атаандаштык болмоюнча, ɵнʏгʏʏ да болбойт.

-Сиз кыргыз эстрада ырчыларына эле эмес, казак жана ɵзбек ырчыларына да чыгармаларды жазат экенсиз, алар кɵбʏрɵɵк акы тɵлɵшɵбʏ?

-Ооба, казак жана ɵзбек ырчылары менен да иштешем. Чынын айтсам алар биздин ырчыларга караганда чыгармага кɵбʏрɵɵк суммада акы тɵлɵшɵт. Бул алардын байлыгынан эмес жɵн гана биз жасаган эмгекти баалаганынан улам болсо керек. Алар ырдын сапатын кɵрʏп, угуп, биздин жумушту жогору баалап, эмгек акысы жагынан дагы адилеттʏʏ мамиле кылышат. Чындыгында, Казакстан менен Ɵзбекстанда ыр жаздыруу биздин ɵлкɵгɵ караганда кыйла кымбат.

-“Биз” тобунун солисттери Бактияр Токторовдун кɵлɵкɵсʏндɵ калып калабыз деп коркпойсуздарбы?

-Бизде мындай маселе такыр жок. Себеби ар бирибиздин топтогу ɵз милдетибиз бар. Мен клавишада, Алмаз байке урма аспаптарда, Кожоакмат байке соло гитарада, Касым байке басс гитарада ойнойбуз.  Айтор ар кимибиз ɵз ишибиз менен алекпиз. Топ — бул жамаат. Эки адам бириксе кʏчтʏʏ, тɵртɵɵ бириксе андан да кʏчтʏʏрɵɵк болот эмеспи. Биздин максат — топту ɵнʏктʏрʏʏ, анын жакшы жактарын кɵрсɵтʏʏ, жаңы деңгээлге чыгаруу.

-Кɵпчʏлʏк билбеген жашыруун талантыңыз барбы?

-Ар тараптуу болууга аракет кылам. “Жигитке жетимиш ɵнɵр аздык кылат” демекчи, тамак жасаганга да кызыгам. Ашканада жаңы рецепттерди ойлоп табууга шыктанып турам. Ошондой эле кино жаатында да иштеп жʏрɵм.

-Ырчыга продюсер керек деп ойлойсузбу?

-Эгер ырчы шоу-бизнести жакшы тʏшʏнсɵ, анда ага продюсердин кереги деле жок. Кыргызстанда чыныгы продюсерлер дээрлик жок десем болот. Чыныгы продюсер ырчынын бардык чыгымын кɵтɵрʏп, клип тарттырып, ыр жаздырып, стилин иштеп чыгып, чыгармачылык жолун баштан-аяк кɵзɵмɵлдɵгɵн адам. Бизде болсо “продюсер” дегендерди кɵбʏнчɵ менеджер деп атоого болот.

-Чыгармаларыңыздын ичинен жʏрɵгʏңʏзгɵ жакынын белгилеп ɵтсɵңʏз?

-Бардык ырларым мен ʏчʏн кымбат. Ар бир чыгарма менин баламдай. Аларга кам кɵрɵм, алпештейм.“Бул мага кɵбʏрɵɵк жагат бул азыраак” деп бɵлʏп карай албайм.

-Адамдагы кайсы сапатты баалайсыз?

-Жɵнɵкɵйлʏктʏ. Ɵзʏм да жɵнɵкɵй адаммын. Жɵнɵкɵйлʏк – бул мен ʏчʏн табигый сапат. Башкалар менен тең болуу, адамдарды сыйлоо жана ɵзʏмдʏ алардан жогору койбоо – мен карманган принциптердин бири. Чыгармачылыкта ийгиликке жетишʏʏ сени ɵзгɵртпɵшʏ керек, тескерисинче, ал сага башкаларга жардам берʏʏ жоопкерчилигин жʏктɵйт.

-Жашоодо эмнеден коркосуз?

-Адамдык сапатымды, касиетимди жоготуп алуудан корком. Адам бойдон калгым келет. Жакшылыкты унутпай, мээримди ɵчʏрбɵй, башкалардын оорун сезип, тʏшʏнʏп, жʏрɵктɵгʏ жылуулукту сактагым келет.

Айнура Валижанова

About The Author