“Бул изилдɵɵлɵр планетанын келечектеги ɵзгɵрʏшʏнɵ карата даяртыктарды кɵрʏʏгɵ ɵбɵлгɵ болот”: Антарктиканын астындагы илимий ачылыш
Антарктика — муз менен капталган, тʏн тынчтыгындай сыры арбын континент. Ал биздин планетанын эң изилденбеген жана жетʏʏгɵ кыйын болгон аймагына айланган. Анын асты, тактап айтканда океандын тʏбʏ азыркыга чейин толук изилденбей келген. Бирок жакында Барселона университетинин жана Корк университеттик колледжинин эл аралык изилдɵɵчʏлɵр тобу жасаган укмуштуудай ачылыш илимге чоң жаңылык алып келди. Marine Geology журналына жарыяланган макалада жазылгандай, Антарктиканын тʏбʏндɵ жайгашкан 332 жаңы суу алдындагы каньон тармактары табылганы айтылат. Бул сан мурунку эсептɵɵлɵрдɵн беш эсеге жогору.
Бул табылга бизге жер тарыхындагы ɵтɵ маанилʏʏ процесстер, климат ɵзгɵрʏʏсʏнʏн механизмдери жана андагы океандардын ролу тууралуу терең тʏшʏнʏк берет. Антарктикадагы суу алдындагы каньондор — жаратылыштын табышмактуу белектеринин бири. Адам баласы табият менен кандай мамиледе болуп, аны кантип тʏшʏнʏшʏ керек деген суроолордун жандырмагы бара-бара табылып келе жаткандай.

Каньон деген эмне?
Геологияда «каньон» — суу же муздун таасири менен жаралган терең, узун арык же ɵрɵɵн. Алар жер бетинде гана эмес, океандын тʏбʏндɵ да кездешет. Антарктикадагы суу астындагы каньондор башка аймактардагы каньондорго караганда кыйла татаал тʏзʏлʏшкɵ ээ жана кɵлɵмʏ жагынан да алда канча чоң. Айрымдарынын тереңдиги 4000 метрге чейин жетет. Алар океан агымдарынын жʏрʏшʏнɵ таасир этип, туздуулук, температура жана азык заттардын бɵлʏштʏрʏлʏшʏнɵ катышат. Бул болсо дʏйнɵлʏк климатка жана деңиз экосистемаларына тʏздɵн-тʏз таасирин тийгизет деген сɵз.
Каньондор кантип жаралган?
Алгач каньондор кантип жаралганы боюнча кенен тʏшʏндʏрʏп берʏʏгɵ аракет жасайлы. Каньондордун пайда болушу— кɵптɵгɵн геологиялык процесстердин натыйжасы. Алар негизинен муздун кыймылы, континенталдык тектоникалык кʏчтɵр, жана суу агымдарынын таасири менен жаралат. Антарктиканын чыгышындагы каньондор узун жана терең болсо, батышындагы каньондор салыштырмалуу кыска жана тыгыз жайгашкан. Алардын V-тʏрʏндɵгʏ формалары жер алдында катмар катмар болуп жаткан геологиялык тарыхты айтып турат.

Ачылыш кандайча жасалды?
Бул таң калычтуу табылга жɵнɵкɵй изилдɵɵнʏн же бир эле инструменттин негизинде жʏргʏзʏлгɵн эмес, тескерисинче жогорку тактыктагы кɵп кырдуу технологиялардын, инновациялык ыкмалардын жана ар тʏрдʏʏ илимий тармактардын ɵз ара тыгыз кызматташуусунун натыйжасында жʏргʏзʏлгɵн. Илимпоздор Антарктиканын тʏбʏн иликтɵɵдɵ бир нече деңгээлде иш алып барышкан. Алар колдонгон негизги куралдар — спутниктерден тартылган жогорку тактыктагы сʏрɵттɵр жана океандын тʏбʏн кɵрʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк берген гидроакустикалык технологиялар болгон.Айрыкча, кɵп нурлуу сонар (multibeam sonar) системалары чоң роль ойногон. Бул сонарлар деңиз тʏбʏ боюнча жогорку тактыктагы карталарды тʏзʏп берип, тереңдиктеги ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ миллиметрдик деңгээлде чагылдырып турган. Мындай маалыматтар, мурда белгисиз болгон суу алдындагы тʏзʏлʏштɵрдʏ, анын ичинде каньон формаларын так аныктоого жол ачты. Гидроакустикалык сенсорлор болсо суу катмарларындагы тыгыздык ɵзгɵрʏʏлɵрʏн, чɵкмɵ катмарларын жана геологиялык формаларды байкоого мʏмкʏндʏк берген.
Мындан тышкары, геомаалыматтык системалар (GIS) иликтɵɵ процессинде ɵзгɵчɵ мааниге ээ болду. Бул системалар чогулган маалыматтарды визуализациялоого, ар тʏрдʏʏ катмарлар менен талдоого жана ар кайсы маалымат булактарын бириктирʏʏгɵ шарт тʏздʏ. Изилдɵɵчʏлɵр 20 жылдан ашык убакытта топтолгон маалыматтарды, океандын тʏбʏ боюнча карталарды жана моделдик эсептɵɵлɵрдʏ бирдиктʏʏ система аркылуу салыштырышкан.
Ошондой эле, компьютердик моделдɵɵ жана маалыматтарды машиналык окутуу (machine learning) ыкмалары колдонулуп, чоң кɵлɵмдɵгʏ маалыматтарды ылдам жана так анализдɵɵгɵ ɵбɵлгɵ тʏздʏ. Бул ыкмалар аркылуу маалыматтар автоматтык тʏрдɵ классификацияланып, геоморфологиялык ɵзгɵчɵлʏктɵрдʏн (мисалы, узундугу, тереңдиги, бурулуш бурчтары ж.б.) негизинде каньондордун белгилери аныкталган.
Изилдɵɵнʏн жетектɵɵчʏ авторлорунун бири, Улуу Британиянын Антарктиканы изилдɵɵчʏ институтунун геоморфологу — доктор Эмили Шепард: «Мындай ири масштабдагы карта тʏзʏʏ жана каньондорду автоматтык тʏрдɵ таануу мʏмкʏнчʏлʏгʏ буга чейин болгон эмес. Бул изилдɵɵдɵ биз спутниктик маалыматтарды жана жер бетинен чогултулган гидрографиялык маалыматтарды биринчи жолу комплекс тʏрʏндɵ бириктирдик», — деп илимий макаласында белгилейт .
Натыйжада, жаратылыштын терең катмарларында жашынып жаткан 332 жаңы суу алдындагы каньон тармагы илимге белгилʏʏ болуп, геология жана климатология тармагында жаңы изилдɵɵлɵргɵ эшик ачылды.

Каньондордун климатка тийгизген таасири кандай?
Бул каньондор акыркы жылдарда климат системасындагы ɵзгɵрʏʏлɵрдɵ чоң роль ойнойт деп айтканга негиз бар. Алар аркылуу Антарктиканын жээк жагындагы жылуу, туздуу сулар муз катмарларынын астына жетип, музду ичинен эритет. Ɵзгɵчɵ Pine Island жана Thwaites глетчерлери (глетчер- мɵңгʏ, тоо боорунан тынымсыз жана акырындык менен ылдый жылып турган муз массасы) сыяктуу аймактарда муз массаларынын эришине дал ушул каньондор себеп болууда.
Эгер Антарктикадагы чоң муз катмарлары толугу менен эрип кетсе, дʏйнɵлʏк деңиз деңгээли болжол менен 60 метрге чейин кɵтɵрʏлʏшʏ мʏмкʏн. Бул азырынча жɵн гана гипотеза. Бирок акыркы убакта жер шаарында абанын кескин жогорулашы — кооптуу реалдуулукту кɵрсɵтʏп жаткандай.
Океан системасындагы жʏрɵк
Каньондор аркылуу ɵткɵн суу агымдары океандардын термохалиндик циркуляциясынын (ред. — жылуулук жана туз боюнча бɵлʏштʏрʏлгɵн агымдар) бир бɵлʏгʏ. Бул глобалдык система климатты стабилдештирип, тропиктен уюлга чейин суу алдындагы энергиянын жана заттардын бɵлʏштʏрʏлʏшʏнɵ жардам берет.
Каньондор деңиз тʏбʏндɵгʏ суу массасын жогорку катмарларга кɵтɵрʏп, минералдык заттарды ташыйт. Бул процесс “апвеллинг” деп аталат жана дʏйнɵлʏк океан экосистемаларында ɵтɵ маанилʏʏ процесс.
Каньондор жашоонун жашыруун мекени
Каньондор — жɵн гана геологиялык тʏзʏлʏш эмес. Алардын ичинде жана тегерегинде бактериялар, планктон, деңиз жандыктары жашайт. Кээ бир организмдер илимге азырынча белгисиз бойдон калууда. Бул аймактарда катуу суукта жашай алган микробдор медицина жана биотехнология ʏчʏн чоң кʏчкɵ ээ. Мисалы, мындай организмдерден жаңы антибиотиктер же ферменттер алынат.

Кыргысзтанга кандай таасири болушу мʏмкʏн?
Кыязы, Антарктика менен Кыргызстандын эч кандай байланышы жоктой сезилиши мʏмкʏн. Бирок глобалдык климат процесстери чындыгында чек араны билбейт. Антарктикадагы муздардын эриши дʏйнɵлʏк деңиз деңгээлин кɵтɵрʏп, атмосферадагы нымдуулуктун жана температуранын бɵлʏштʏрʏлʏшʏнɵ таасир этет. Бул болсо Кыргызстан сыяктуу тоолуу ɵлкɵлɵрдɵ да климаттык ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ шарттайт: мɵңгʏлɵрдʏн эриши, жаан-чачындын азайышы, суу тартыштыгы ж.б.
Келечекке кɵз чаптыруу
Изилдɵɵчʏлɵрдʏн айтымында, суу алдындагы каньондор — жердин геологиялык тарыхына болгон терең кɵз чаптыруунун ачкычы болуу менен бирге, келечектеги климаттык ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ да божомолдоп чыгууга жардам бере турган уникалдуу маалымат булагы. Лидс университетинин профессору Клэр Басси ɵзʏнʏн илимий макаласында белгилегендей, бул каньондордо чɵкмɵ катмарлардын жана морфологиялык ɵзгɵрʏʏлɵрдʏн терең тарыхы сакталып калган. Алар аркылуу биз мурунку муз доорлорунун таасирин, деңиз деңгээлиндеги ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ жана климаттык шарттардын кандайча эволюцияланганын изилдей алабыз.
Эгерде бул маалыматтар туура жана натыйжалуу колдонулса, анда климаттык саясатта негизделген, акылдуу чечимдерди кабыл алууга жол ачылат. Массачусетс технологиялык институтунун (MIT) климатологу -доктор Ханна институттун сайтына берген маегинде: “Бул изилдɵɵлɵр планетанын келечектеги ɵзгɵрʏшʏнɵ карата сценарийлерди тʏзʏʏдɵ маанилʏʏ база болот”,- деп айткан.
Жыйынтыгында, суу алдындагы бул табылгалар — биздин планетабыздын тарыхын тʏшʏнʏп гана тим болбостон, аны сактап калуу ʏчʏн кандай аракеттерди кɵрʏʏ керектигин кɵрсɵтʏп турган табигый архивдер.
Жаратылыш сыры адамзатка толук ача элек
Антарктикадагы 332 суу астындагы каньондун ачылышы — бул жаратылыштын бизге: «мен дагы деле толук ачыла элекмин», — деп айтып жатканындай. Эң негизгиси бул ачылыш адамзаттын жаратылышка аябай кылдат жана этият мамиле жасашы керек экенин дагы бир жолу далилдеди.
Гульнура Ормонова
Окшош макалалар
Тарыхый лидер Алымбек даткага эстелик тургузулду
Ош: 6 паласалуу проспект жана 3 кɵчɵ ачылды
“Ата-энелер эмдɵɵдɵн баш тарткан учурлар азайып жатат”: Балдардын жугуштуу оорулар ооруканасында абал кандай?