Кыргызстандын билим берʏʏ тармагында акыркы жылдары чоң ɵзгɵрʏʏлɵр жʏрʏп жатат. Алардын эң негизгилери — мектептерде 12 жылдык программага ɵтʏʏ жана электрондук кʏндɵлʏктʏ киргизʏʏ. Бул эки багыт бири-бирине байланыштуу болуп, окутуунун сапатын кɵтɵрʏʏнʏ, билим берʏʏ системасын дʏйнɵлʏк стандартка жакындатууну кɵздɵйт.

12 жылдыкка ɵтʏʏ — дʏйнɵлʏк тажрыйба
Бʏгʏн дʏйнɵнʏн кɵпчʏлʏк ɵлкɵлɵрʏндɵ мектеп окуучулары 12 жылдык билим алышат. Кыргызстан да бул жолго тʏштʏ. Адистер белгилегендей, бул реформа окуучунун жʏгʏн жеңилдетип, предметтерди тереңдетип окууга мʏмкʏнчʏлʏк берет.
Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов 12 жылдык билим беруу системасы боюнча Ош шаарындагы мектептерде кандайча ишке ашып жаткандыгын айтты:

“12 жылдык билим берʏʏ системасына ɵтʏʏ боюнча мектептерде даярдык кʏч. Биринчи кезекте мектептердеги окуу бɵлʏм башчыларын Ысык-Кɵлдɵ ɵткɵн форумга жиберип, эки кʏндʏк окуу уюштурдук. Андан сырткары август кеңешмесинде Кыргыз билим берʏʏ академиясынын вице-президенти Мелис Музулманов мектеп директорлору ʏчʏн атайын семинар ɵткɵрдʏ.
Ош шаарында ɵткɵн форумга биздин шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын адистери катышып, керектʏʏ маалымат алышты. Мындан тышкары, Арабаев атындагы университетте усулчулар билимдерин ɵркʏндɵтʏп кайтышты. Алар 1000ге жакын STEM мугалимдерин, башталгыч класстын (1–2-класс) жана англис тили мугалимдерин (5–7-класс) окутушту.
Быйыл оор жыл болот десек жаңылбайбыз. Себеби 7 жаштагылар тʏз эле 2-класска кирип жатат, 6 жаштагылар 1-класска кабыл алынып жатат. Ошондуктан кабыл алуу ɵткɵн жылга салыштырмалуу эки эсе оор болот.
Электрондук кʏндɵлʏк мамлекеттик гана эмес, жеке менчик мектептерге да киргизилип жатат. Бул система кагаз кʏндɵлʏктʏ жана «кызыл журналды» жокко чыгарды. Эми ата-энелер электрондук платформадан эле балдарынын жетишкендиктерин кɵзɵмɵлдɵй алышат.
STEM мугалимдерине 1000ге жакын ноутбук таратылып берилди. Жакынкы кʏндɵрдɵ жасалма интеллекттин жардамы менен сабак ɵтʏʏ да башталат.
Эң башкысы — жаңы методика эски жаттамачыл системаны четтетет. Буга чейин «мугалим баарын билет, окуучу айтканды гана кайталап аткарат» деген тʏшʏнʏк болсо, азыркы стандартта мугалим багыт берʏʏчʏ гана болот. Окуучу ɵзʏ изилдеп, талдап, алган билимин турмушта колдоно алышы керек.
Мектеп бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏн эркин кɵз караштагы, сынчыл ой жʏгʏрткɵн, дʏйнɵдɵгʏ ɵзгɵрʏʏлɵргɵ ыңгайлаша алган инсан катары тарбиялоо — бʏгʏнкʏ реформанын башкы максаты”.

Ноутбуктар — мугалимдин жардамчысы
Жаңы окуу жылына карата мугалимдерге заманбап техникалык жардам кɵрсɵтʏлʏʏдɵ. Агартуу министрлигин сайтындагы маалыматка караганда, ɵлкɵ боюнча “Алтын Казык” ноутбуктары таратылып, мугалимдерди жаңы шартта иштɵɵгɵ даярдоодо. Жалпысынан 27 миңден ашык ноутбук аймактарга жеткирилди.
Бирок технологияны колдонууда да кыйынчылыктар жок эмес. Информатика мугалими Бактыгʏл Баргыбай кызы бул тууралуу ɵз оюн ортого салды:

“Мектеп ʏчʏн болгон жардамыбызды аяган жокпуз. Колубуздан келгенин, билгенибизди колдонуп иш алып бардык. Бирок санариптештирʏʏнʏ тʏшʏнбɵгɵндɵр кыйналышты. Айрыкча пенсиядагы мугалимдерге смартфонду ɵздɵштʏрʏʏ оор болду.
Ата-энелерден маалымат топтоо дагы кыйынчылык жаратты. Google формасын жɵнɵтсɵк: “Бул эмне ʏчʏн?”, “Эмнеге толтурушубуз керек?”, — деген суроолор кɵп болду. Каникул маалында да маалыматты убагында жибербей коюшкан учурлар да болбой койгон жок. Электрондук почтасын туура киргизбегендер же “Тʏндʏккɵ” кошула албагандар да кездешти.
Окуу башталганда ата-энелерден “Эмнеге баасын кɵрɵ албай жатабыз?”, “Эмне ʏчʏн тапшырмасы келбей жатат?” деген суроолор тʏшʏшʏ мʏмкʏн. Ал эми “Тʏндʏккɵ” туура кошулгандардыкы иштейт. Айлык акыны болсо мамлекет кандай чечсе, мен ошого макулмун”.
Электрондук кʏндɵлʏк — ата-энеге чоң мʏмкʏнчʏлʏк
Электрондук кʏндɵлʏк системасы мектеп менен ата-эненин ортосунда жаңы кɵпʏрɵ тʏзɵт. Эми ар бир ата-эне баласынын баасын, сабакка катышуусун реалдуу убакытта кɵрɵ алат.
Ошол эле учурда ата-энелердин жоопкерчилиги да жогорулайт. Бул тууралуу 5 баланын апасы Айнура Мураталиева мындай дейт:

“Мектептердеги санариптештирʏʏ системасын замандын талабы деп эсептейм. Себеби дʏйнɵ интернет аркылуу бат ɵзгɵрʏп жатат. Эми биз балдарыбызды кɵзɵмɵлдɵп, жетишкендиктерин онлайн кɵрɵ алабыз. Бул чоң жеңилдик. Биздин убакта мындай мʏмкʏнчʏлʏк жок болчу. Азыркы муунга жеңил болуп калды деп ойлойм”.
Мугалимдерге кошумча колдоо зарыл
Бирок жаңы системаны алып жʏрʏʏдɵ эң чоң жʏк мугалимдин моюнунда. Айрыкча информатика мугалимдери кʏн-тʏн дебей иш алып барышты. Аларга бул эмгеги ʏчʏн кошумча акы тɵлɵнбɵй турганы кɵйгɵй жаратып келет.
Тʏштʏк аймактагы тренер, информатика мугалими Зухра Кочорбаева бул боюнча ɵз сунушун билдирди:

“Мугалимдердин кɵпчʏлʏгʏндɵ маалыматтык технология боюнча жетиштʏʏ билими жок. Ошондуктан, жок дегенде кийинки беш жылда мектептерде 0,5 ставка менен “ИКТ(маалыматтык-коммуникациялык технология) -даярдоочу завуч” деген кызмат ачылса жакшы болмок.
Азыркы кɵйгɵй – 1-сентябрга чейин мектептин инфраструктурасын толтуруу, мугалимдердин жʏгʏн киргизʏʏ, расписание тʏзʏʏ маселеси турат. Бул иштерди аткаруу Э-кʏндɵлʏк системасында 100% аткарылбаса, окуу башталганда чоң кɵйгɵй жаралышы мʏмкʏн.
Мисалы, биздин мектепте бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин базаны мен эле жʏргʏзʏп келем. Кээ бир директорлор менен завучтар дагы эле окуучуну класстан класска которууну билбейт. Платформаны ачып кɵрʏшпɵгɵндɵр да бар. Мен ɵзʏм мектептин базасын тʏнкʏ саат 2ге чейин отуруп киргизген кʏндɵр болду. Бул иш ʏчʏн кошумча акы тɵлɵнбɵйт. Бирок сʏйʏктʏʏ мектебибиз ʏчʏн жасоого туура келет”.
“Билим берʏʏ тармагындагы жаңы реформалар — жеңил эмес, бирок зарыл кадамдар. 12 жылдык программа окуучунун билим алуусун жеңилдетип, тереңдетсе, электрондук кʏндɵлʏк ошол процессти кɵзɵмɵлдɵɵгɵ жана ачык-айкын кылууга жардам берет.
Албетте, алгачкы жылдары кɵйгɵйлɵр чыгып жатканы чындык. Айрым айыл мектептеринде интернет жетишсиз, айрым мугалимдер технологияга кɵнɵ элек. Бирок бул убактылуу тоскоолдуктар гана.
Эң башкысы — бʏгʏн жасалган аракеттер келечек муун ʏчʏн чоң инвестиция болуп, Кыргызстанды дʏйнɵлʏк билим берʏʏ стандарттарына жакындатат”- деп билдирет Кыргыз Республикасынын Билим берʏʏ жана илим министрлиги.
Айнура Валижанова
Окшош макалалар
Тарыхый лидер Алымбек даткага эстелик тургузулду
Ош: 6 паласалуу проспект жана 3 кɵчɵ ачылды
“Ата-энелер эмдɵɵдɵн баш тарткан учурлар азайып жатат”: Балдардын жугуштуу оорулар ооруканасында абал кандай?