30 августа, 2025

Алтынай Мамарасул кызы: «Кʏрɵш мен ʏчʏн спорт эмес  — жашоонун мектеби»

Кыргыз спортундагы кайраттуу кыздардын бири, бир топ сыноолорду баштан ɵткɵрʏп, бʏгʏнкʏ кʏндɵ башкаларга дем берип, ʏлгʏ боло турчу инсан — Алтынай Мамарасул кызы. Ал алыш жана эркин кʏрɵш боюнча эл аралык мелдештердин жана Кыргызстандын чемпиону аталган. Учурда машыктыруучу катары тажрыйбасы менен бɵлʏшʏп, спортту жаңыдан баштаган  кыздарга кеп-кеңешин берип келет. Биз анын спорттогу алгачкы жылдары, жеңиштери, жеке турмушу жана машыктыруучулук жолундагы татаал, бирок сыймыктуу сапары тууралуу маектештик.

— Алтынай, “Кыз киши кʏрɵшпɵш керек” деген пикирлер тууралуу кɵз карашыңыз кандай?

—Коомдо мындай пикирлер дайым болгон. Бирок спорт жыныска бɵлʏнбɵшʏ керек. Улан-кыздар бирдей мʏмкʏнчʏлʏккɵ ээ болушу абзел. Кʏрɵш — бул жɵн эле спорт эмес, бул адамды тарбиялаган чоң мектеп. Намыс, сабырдуулук, кʏчтʏʏ мʏнɵз — мунун баары кʏрɵш аркылуу калыптанат. Мен дайыма айтам: кыздардын кʏрɵшкɵ аралашуусу-бул коом ʏчʏн сыймык!

— Биринчи жолу килемге чыкканыңызды эстей аласызбы?

—Алгачкы беттешиме болгону эки ай даярданып, килемге чыккам. Ошондо утулуп калгам. ʏйгɵ барганда агам “утулуп калдың го, жылдыз санап жаттың эле” деп тамашалаганда катуу намыстангам. Ошондон кийин кʏрɵшкɵ болгон мамилем ɵзгɵрʏп, талыкпай эмгектене баштагам. Натыйжада, ийгиликтер биринин артынан бири келе баштады.

— Жеке спорттук жетишкендиктериңиз?

—Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болдум. Эркин кʏрɵш боюнча спорттун чебери, алыш (бел боо) кʏрɵшʏ боюнча эл аралык спорттун чебери аталдым. Азия жана дʏйнɵ чемпионаттарында алтын байгелерди багындырдым. ОшМУнун дене тарбия факультетин аяктадым, билимим жогорку.

— Эсиңизде калган эң оор, бирок жеңиш алып келген таймаш кайсы болду?

— 2017-жылы 4 жылда бир боло турчу Азия оюндарында ɵзʏмдɵн оор салмактагы атаандашым менен кʏрɵшкɵ  чыгып, 2-орунду алгам. Ошол мелдеште ɵзʏмдʏн катамдан улам алтын байгени колдон чыгарып жибергем. Машыктыруучулар “алтынды колдон учуруп алдың” дешкенде абдан ыза болдум. Бирок эртеси кʏнʏ менин салмак категориямдагы атаандаш менен алыш кʏрɵшкɵ чыгып, алтын медалды утуп алдым. Бул мен ʏчʏн чоң жеңиш болду. Алтын медалды алганда эмоциямды кармай албай ыйлаганмын.

— Жеке жашооңуз тууралуу айтып ɵтсɵңʏз?

— 2018-жылдын 9-декабрында турмушка чыккам. ʏй-бʏлɵ куруу мага бакыт алып келчʏʏдɵй сезилген. Бирок так ошол маалда тагдыр мени кʏтʏлбɵгɵн сыноого салды. Мен ʏй-бʏлɵмдɵ жалгыз кызмын. Апам ал учурда ооруканада болчу. А мен болсо кош бойлуу элем. Бир кʏнʏ кайненем кʏйɵɵмɵ башка бир кызды тааныштырып, аны ʏйгɵ алып келди. Ал кезде мен ошол ʏйдɵ жашачумун. Бул мага чындап оор сокку болду. Эмоциялар аралашып, кɵпкɵ чейин ɵзʏмɵ келе албай, ыйладым. Бирок эң оор чечимди кабыл ала турган учур келгенде, жолдошум: “Апаңды тандайсыңбы же мениби?”, — деп суроо салды. Мен ойлонбостон апамды тандадым. Бул менин моралдык жана адамгерчилик милдетим болчу. Баш аягы бир жылдай жашадык, бир кызым бар. Жолдошум менен эки жолго тʏшкɵнбʏз. А мен болсо бел байлап, ʏмʏтʏмдʏ ʏзбɵй, жашоону уланттым.

Ошентип жогору билим алууну улантып, Ош мамлекеттик университетин ийгиликтʏʏ аяктадым. 2020-жылдын сентябрь айында ошол эле университетке мугалим болуп жумушка орноштум. Кийинчерээк машыктыруучулукка ɵтʏп, жаштарга спорт аркылуу тарбия берип, аларга ɵз тажрыйбам менен бɵлʏшɵ баштадым. 

Турмуш мени каалагандай калчаса да жашоонун ар кандай оор учурларына баш ийбей, кʏндɵн кʏнгɵ кʏчтɵнʏʏгɵ аракет кылып, кайрат менен алдыга карай басып келе жатам. Анткени мен — энемин. Башымда жоопкерчилик бар: кызым бар, тиричилик бар. Ар бир кʏн — мен ʏчʏн кʏрɵш.

— Апаңызга донор болгон экенсиз. Бул чечимди кабыл алуу оор болдубу?

— Бул чечимди мен ɵзʏм кабыл алгам. Агаларым да донор болобуз дешкен, бирок мен  “мени бул жашоого апам алып келсе, экинчи ɵмʏрдʏ апама мен бере алам” дедим. Бул менин ɵзʏмɵ ɵзʏм далилдеген чоң эрдик эле.  Коркунучтуу, бирок мен ʏчʏн туура чечим болгон.

— Операциядан кийин организмди  калыбына келтирʏʏ оор болдубу?

— Спорт менен машыгып жʏргɵндʏктɵн, денем бат калыбына келди окшойт. Анан да тɵрɵгɵндɵн кийин дене тазаланып калгандай болду. Боор 6 айда толук калыбына келип, кайра спортко кайта алдым.

— Машыктыруучу катары жетишкендиктериңиз?

— 2024-жылдын сентябрь айынан тартып кыздарды машыктыра баштаганмын. Учурда кыздардын саны артып, ийгиликтери да арбын. Эркин кʏрɵш боюнча Кыргызстандын чемпионатында 1 окуучум — кʏмʏш, 2 окуучум — коло алышты.Алыш кʏрɵш боюнча 2 окуучум Кыргызстандын чемпиону болду. Азия чемпионатында бир окуучум — кʏмʏш, бирɵɵсʏ — коло байгеге ээ болушту. Ɵзбекстандагы эл аралык мелдеште 1 окуучум— кʏмʏш, 7 окуучу  — коло тагынышты. “Курманжан Датка” эл аралык мелдешинде 1 окуучум — алтын, эки окуучу — кʏмʏш, дагы экɵɵ — коло байге утушту. Бул мен ʏчʏн чоң сыймык! Талыкпаган эмгек, максат коюу, сабырдуулук жана ар дайым аракетте болуу — бул жеңиштин ачкычы.

— Эркектерге караганда кыздарды машыктыруунун айырмасы барбы?

— Кыздар менен иштɵɵ бир топ кыйын, анткени назик, эрке болушат. Ар биринин мʏнɵзʏн ɵзʏнчɵ тʏшʏнʏп, жан дʏйнɵсʏнɵ кирип, психологиялык жактан иштɵɵ керек. Бирок кыздар намыстуу, чыдамкай, аракетчил келишет.

— Бир окуучуңуз ɵзгɵчɵ таасир калтырган учур болду беле?

— Ооба, болгон. Бир окуучумдун кʏрɵшʏ эсимде ɵзгɵчɵ калып калды. Мелдешке чыкканда ал упайдан артта калып, баары жеңилип калды деп ойлошкон. Кээ бирɵɵлɵр ишенимин жоготуп, унчукпай калышкан. Бирок ал кыз акыркы секунддарга чейин намыс ʏчʏн кʏрɵшʏп, ʏмʏтʏн ʏзбɵй, кʏчʏн аябастан, жанын ʏрɵп аракет кылды. Акыркы кɵз ирмемде утуп чыкты!

Зал толо эл дʏрбɵп, баары ордунан туруп, кол чаап жатты. Жада калса калыстар да таң калышты. Бул жɵн эле жеңиш эмес — бул эрктин, чыдамкайлыктын, намыстын жеңиши болчу. Ошол учур мен ʏчʏн чоң сабак болду, ɵзʏңɵ ишенсең, баары мʏмкʏн экен.

— Спорттон тышкары хоббиңиз барбы?

— (Кʏлʏп) Спорт — менин хоббим, бош убактым залда эле ɵтɵт. Спорт менен машыгуу мен ʏчʏн эс алуу, ойлорду тартипке келтирʏʏ, энергия алуу. Дегеле менин жан дʏйнɵм спорт менен бирге десем болчудай. А эгер спортчу болбосом юрист же прокурор болмокмун деп ойлойм. Бул кесиптерге болгон кызыгуум менин тартипке, адилеттʏʏлʏккɵ жана жоопкерчиликке умтулуумдан кабар берсе керек.

— Ɵзгɵчɵ жан кʏйɵр адамыңыз ким?

-Апам. Мен бʏгʏн кандай даражага жетсем, кайсы бийиктикке чыксам да — баары апамдын эмгеги, мээрими, артыбыздан берген ак батасынын натыйжасы. Апамдын кɵтɵргɵн тʏйшʏгʏ, тɵккɵн тери, мага берген тарбиясы — бʏгʏнкʏ ар бир ийгилигимдин тʏп булагы!

Апамдын колдоосу болбосо, бул жолду баштамак эмесмин. Ар бир кадамымда, ар бир жеңишимде мен апамды эстейм. Апам менин таянар тоом!

Апама миң мертебе таазим айтам!

About The Author