24 апреля, 2024

Сулайда Арстанбекова, кондитер: “Торт бышырууда ар бир грамм маанилʏʏ”

Бир белгилʏʏ инсандын “адам эмнени жасаса ошону профессионалдуу деңгээлде жасаса” деп айтканын окуп калган элем. Ал ашпозчубу,   мугалим болобу же учкучпу айырмасы жок, ошол ишин жогорку деңгээлде аткарса коом да ɵнʏгɵт, караган адамга да ырахат тартуулайт. Ушул сɵздɵр мага аябай таасир калтырган. Кийин ар дайым ɵз кесибинин мыкты адистерин кезиктиргенде ошол сɵздʏ эстеп суктанчу болдум. Себеби, ар бир эле адам ошол нерсени жасай бербейт экен. Бʏгʏнкʏ каарманым 13 жашынан ушул кесипке аралашып, учурда мындан каражат таап келет. Кондитер Сулайда Арстанбекова 19 гана жашта. Анын жасаган торттору тууралуу тɵмɵнкʏ макалада кеп кылабыз.

“13 жашымдан тарта торт жасайм”

-Менин атым Сулайда, 19 жаштамын. Таттууларды жасоо менен 13 жашымдан тарта алектенем. Тагыраагы, ал кезде мен 8-класстын окуучусу болчумун. Башында бул менин жɵн гана хоббим болду. Ал убакта ɵзʏмдʏн ʏй бʏлɵмɵ, дос-курбуларыма, классташтарыма гана таттууларды жасачумун. Ошондон улам орусча айтканда “сарафанное радио” деп коёт го, тааныштарым, тааныш, туугандарына, досторуна айтып отуруп, адамдар мага торт жасап берʏʏмдʏ кɵбʏрɵɵк суранып калышты. Тортторду жаңыдан ʏйрɵнʏп баштаган кезде эч кимден ʏйрɵнгɵн эмесмин. Анткени, ʏйрɵнʏʏгɵ менде шарт да болгон эмес, ал кезде окутуучу атайын кондитердик курстар да ɵтɵ аз болчу. Борборго барууга туура келди, мен ал кезде ɵзʏм кичинекей болчумун, бара алган жокмун. Жыйынтыгында жардамга интернет келди. Болгон маалыматтын баарын ошол жактан алдым, ютуб каналдардан изилдеп окуп, видеоматериалдар менен таанышып баштадым. Албетте, башында дароо эле идеалдуу болуп чыкпайт, катачылыктар кɵп болду, ансыз иш болбойт. Кɵп-кɵп жасай берип, уламдан улам ɵзʏмдʏн кетирген каталарымды сезип, аны оңдогонго аракеттенип, демек мындай кылсам туура болот экен деп отуруп, ʏйрɵнʏп кеттим. 

“Торт жасоого адам кызыкса анын кыйынчылыгы сезилбейт”

-Азыркы учурда таттууларды жасоо менин негизги кесибим болдуп калды. Анткени ар бир тортко жумшалуучу азыктардын граммына чейин эсептеп, кеткен каражаттын эсебин чыгарып, мындан ɵзʏм каражат табам. Мындайча айтканда, ɵзʏмдʏн муктаждыктарымды жоё баштадым. Торт жасоого эгер адам кызыкса анын кыйынчылыгы сезилбейт. Мисалы, мен ʏчʏн оңой эле сезилет, билбеген кимдир бирɵɵ ʏчʏн татаал иш сезилиши мʏмкʏн. Торт, макарондорду бышырууда ар бир грамм ɵтɵ маанилʏʏ. Анткени булар аябай “капризный” болушат. Жасоо учурда бир, эки жерлерин билбей атсаң жасаган таттуулар ойдогудай чыкпай калат, ойдогудай даамды бербейт. Же жакшы “кɵтɵрʏлбɵйт”, же ɵтɵ борсоюп катуу “кɵтɵрʏлʏп” чыгат. 

Тортторду жасоодо талант керек деп ойлобойм. Эң негизгиси сенин эмгегиң маанилʏʏ. 1 пайыз талант 99 пайыз эмгек деген сɵз бар го. Торт жасоодо деле мен ушуну айткым келет. Мунун бийден сабак берген эжекем да мага кɵп айтчу. Анан бул сɵздʏ жашоодо да кɵп колдондум. Тортторду жасоонун ɵзʏнʏн теориясы жана техникасы болот, граммдарына маани берʏʏдɵн башка анын техникасын да билʏʏ маанилʏʏ. Мисалы, кантип даярдап баштайт. Биринчи жумуртканы салып, артынан сʏт куюш керек болсо ошондой баскычтар менен жасоо керек, жумурткадан мурда унду же сʏттʏ куюп, анан жумуртканы салам деген да туура эмес. Демек ката кетирип жатабыз. 

“Торт адамдын 90 пайызына жакса да 10 пайыз адамга жакпай калуусу мʏмкʏн”

-Мен ɵзʏм жасаган иштеримде аябай жоопкерчиликтʏʏмʏн. Беш кол тең эмес, кардарлар ар тʏрдʏʏ болот. Мен жасаган торт ал адамга жакпай калышы да мʏмкʏн. Тортту жеген адамдын 90 пайызына жакса да 10 пайыз адамга жакпай калуусу боло турчу иш. Менин кардарларымда тортту жактырбай калгандары чанда эле кездешет. Ɵзʏм жалаң табигый жана сапаттуу азыктарды иштетем. Бир эле нерсе бардык адамга катарынан жага бербейт. Бул мен ʏчʏн нормалдуу эле кɵрʏнʏш. Жасаган тортторумдун эң алысын борборго жɵнɵткɵмʏн. Анан Ош шаарынан да кɵп буюртма алып турам. Мындан сырткары Жалал-Абаддын тʏрдʏʏ аймактарына мен жасаган торттор жетип турат. 

Кардарлар тарабынан ар тʏрдʏʏ буюртмалар келип турат. Ар бир адам ɵзʏнчɵ дʏйнɵ, анын эмне каалап атканын билбейсиң. Тематикалык кɵңʏл ачуучу оюн-зоокторго карап жаштар тарабынан ар тʏрдʏʏ ойлорун айтышат. Кɵбʏнчɵ жаштар досторуна, жакын адамдарына бири-бирине ойноп сʏйлɵгɵн сɵздɵрдʏ тортко тʏшʏрʏп берʏʏмдʏ суранышат. Бир ирет алардын каалоосун аткардым. Анан жасаган тортту инстаграм желесине илип койдум. Ал жерден чоң апам кɵрʏп, дароо мага чалып, “уят болот, ал сʏрɵттʏ койбогун” деп урушкан.  Мага чет ɵлкɵдɵ иштеп аткан мекендештерден буюртма бергендер бар. Алар ата-энелери же балдарынын туулган кʏнʏнɵ сюрприз кылып жасатканды жакшы кɵрʏшɵт, алардын каалоосун ишке ашырууга ар дайым аракет кылам. 

15 килограммдык торт…

-Эң чоң жасаган тортум 4 кабатты тʏзʏп, салмагы болжолдуу 15 килограмм болгон, азыр так эсимде жок. Торт аябай оор болгондуктан аны жеткирʏʏ да мен ʏчʏн чоң сыноо болду. Ресторанга жетип, алып кирип атканда кулатып жиберейин деп араң калганбыз. Тортту эки жаштын жанына жайгаштырып кеткенбиз. Бирок той кеч башталганына байланыштуу той ээлери тортту кесʏʏнʏ унутуп калышыптыр. Анан тортту ʏйʏнɵ алып кетип, эртеси ʏйгɵ келген коноктор менен бирге жешкенин айтышкан. 

Торт жасоодо баарын ɵзʏм кылам, жардам берген адам жок. Анткени, ʏйдɵгʏлɵр баары жумушка кетип, эч ким болбойт. Бирок идиштерди жууганга кɵмɵктɵшʏшɵт. Себеби менин ишимде аябай кɵп идиш кир болот. Мага болсо идиш жууган такыр жакпайт (кʏлʏп). Ошондуктан ата-энем, байке, жеңелерим идиш жууп жардам беришет. 

Элира Чынтемир кызы