25 апреля, 2024

Муундар тууралуу учкай кеп

“Биз балдарыбыз ʏчʏн жашайбыз”. Бул фраза биздин ɵлкɵдɵ гана эмес, бʏткʏл дʏйнɵгɵ белгилʏʏ. Анын “балдарым ʏчʏн баарына даярмын” деген синоними да бар. Бул сɵздɵр жɵн жай айтылып калган эмес, бала – бакыт, бала – жашоо деп аздектɵɵ дʏйнɵдɵ улут тандабаган, жер тандабаган кɵрʏнʏш болгондуктан, ата-эненин максаты – баланы сʏйʏʏ, татыктуу тарбиялоо жана бала ʏчʏн жашоо эмеспи.  Анын негизинде ар бир ата-эне ɵз ɵмʏрʏн баласынын жакшылыгына арнайт. 

Бала ʏчʏн жашоо гана эмес, жанынан артык кɵргɵн баласын татыктуу  тарбиялоо да ата- энеси ʏчʏн чоң жоопкерчилик. Анткени тарбияланып жаткан ар бир бала ʏй-бʏлɵгɵ гана тиешелʏʏ эмес, ал келечекте мекенге кызмат кылып, элдин инсаны болууга тийиш. Жаштардын коомдо ɵзʏн алып жʏрʏʏсʏ ата-энесинен алган тарбиясына, айлана-чɵйрɵсʏнɵн алган таасирине байланыштуу болот. Ɵз уясынан жакшы таалим алган балага коомдогу суроо- талап кʏчтʏʏ болору барыбызга белгилʏʏ. Ɵзʏбʏздʏн Кыргызстанды ала турган болсок, ал ушул тапта жаштардын алгылыктуу демилгелерине, коомго пайдалуу иш аракеттерине муктаж болуп турат. Ɵлкɵбʏздɵ кɵбʏнесе улуу муундун акылына таянып, алардын тажрыйбасы менен иш алып барышат. Бирок акыркы 10 жыл ичинде муун алмашып, жаштарыбыз улуу муундун акыл-насааттарын, кызматтарын ɵткɵрʏп алуунун алдында турушат. Айрым жерлерде бул ишке да ашып келе жатат. Бирок муундар аралык мамилеге байланыштуу маселелер дале арбын. Анда ушул маселеге дʏйнɵнʏн алкагында кɵз жʏгʏртʏп кɵрɵлʏ.

  МУУНДАР АРАЛЫК  КАЛЫСТЫК

“Муундар аралык калыстык” болбосо коомдун туруктуу ɵнʏгʏʏсʏ мʏмкʏн эмес. Акыркы 10- 15 жылда бул тʏшʏнʏк дʏйнɵлʏк илимде жана ЖМКда ɵзгɵчɵ талкууланып жатат. Бирок суроолор бир эле: улуулар бардык мамонтторду жеп бʏтʏштʏ дешет, а бизчи?  Улуулар бизге озон катмарларын, парник эффекттерин калтырып жатышат, а биз антип жашайбыз?  Жаштардын дагы бир доосунун тʏрʏ мындай: мамлекеттик башкаруу органдарындагы “майлуу” кызмат орундарында негизинен “чардайган абалар” отурушат, а 30 жаштан тɵмɵнкʏлɵр кайда? Бул “кептер” дʏйнɵнʏн кɵптɵгɵн ɵлкɵлɵрʏндɵ желдей жортуп жʏрɵт. Экинчи ɵңʏттɵн алып караганда, улуу муундун ɵкʏлдɵрʏ 25 жашында мультимиллионер болгон “бизнестин торгойлорун” анча жактыра беришпейт. Суроолор абдан кɵп… Бирок, баары бир, коомдогу коопсуздук кɵпчʏлʏк учурда муундар аралык мамиленин курулушунан, башкача айтканда, “муундар аралык калыстыктан” аныкталат. Бул тʏшʏнʏк менен Америкадагы жана Европадагы курч кɵйгɵй- “жаштардын расизми” да тыгыз байланышта. 

 Муун бул – адамдар жаш, орто жаш, улуу муун деп бɵлʏнʏп, жаш курагы менен ɵзгɵчɵлɵнгɵн топтор. Орто эсеп менен алганда, Европада аялдар 29 жашта тун балалуу болушат. Бул абалга жараша 30 жаштан тɵмɵнкʏ курактагылар “жаш муунга” кирет; 30 жаштан 60 жашка чейинкилер- орто муунду, 60 жаштан ɵткɵндɵр улуу муунду тʏзушɵт. Россияны кошкондо Европада ушундай болгону менен, Чыгышта баары башкача.  Муун сɵзʏнʏн экинчи мааниси бир мезгилде жашаган адамдарды тʏшʏндʏрɵт.  ʏчʏнчʏ мааниси- социо- маданий тʏзʏлʏштɵгʏ кɵрсɵткʏчʏ бирдей адамдар.  Тɵртʏнчʏсʏ- “тектик муун” же ʏй- бʏлɵнʏн эң кичинекей курамдагы бɵлʏгʏ.  Чоң- эне- эне, кыз-кыз, небере- ʏч башка муун. “Муун калыстыгы” баалуулук системасы катары бардык коомду канаттандырууга тийиш. Негизинен муундардын бирдейлигин кабылдаганыбызда гана коомдогу коопсуздукту камсыздай алууга болот.

УЛУУ  МУУНДУН НАСААТЫН  УККАН  МУУН

Дʏйнɵнʏ жаштар курары анык, бирок курулуштун бекемдигин тажрыйба жана улуулардын колунан жумушту туура ɵткɵрʏп алуу тʏзɵт.  Улуулардын ордун басуу – коомдук жашоодогу негизги феномендердин бири болгондуктан, аны менен ɵтʏмʏш асыралат, социалдык топтордун бирдейлиги кармалат, социумдун бʏтʏндʏгʏ сакталат.  Адам муундун ɵкʏлʏ катары тарых менен тамырлашып, тарыхый процесстин зирек катышуучусу болуп калат. Буга байланыштуу бир салыштыруу жʏргʏзʏп кɵрɵлʏ: “Эгер дʏйнɵлʏк тарых – океан болсо, индивид- анын тамчысы, анда муун толкун менен салыштырылат да, биринин артынан бири жээкке сʏрʏлɵт. Анан жээктеги кыры ɵсʏп, кɵтɵрʏлɵт да, кайра ылдыйга катуу тʏшɵт. Бир толкун экинчисин алмаштырат…” Демек, муун алмашууда толкун канчалык катуу, кʏʏлʏʏ,  таза келсе, жээктен кайра таза кайтат. Ошондой эле канча таштандыны жээкке алып чыкса да, эркине жараша ошончолук таштандыны жээке сʏрʏп коюп, артындагы океанга жаңы кошулуп келе жаткан толкунга, башкача айтканда, жаңы муунга ɵз ордун таза бошотуп бере алат. Биз улуу муундун да, кичʏʏ муундун да маселесин карагандыктан, бул маанилʏʏ жагдай болуп саналат.  Муун алмашууда ордун ɵткɵрʏп берип жаткан улуу муундан алган ɵрнɵгʏнɵ жараша жаштар ɵз келечегин курушат. Ал ʏчʏн улуу муун бай тажрыйбасын колдон келишинче бɵлʏшʏп, акыл- насааттарын убактысы барынча айтып жетишʏʏгɵ аракет кылышы керек.  Анткени акыл- насаат, кеп- кеңеш менен аткарылган иш ар дайым ийгиликтʏʏ, жыйынтыктуу болот.

МУУНДАР  АРАЛЫК МАМИЛЕ

Улуу муун менен кичʏʏ муундун ортосунда ар дайым байланыш болуп турушу керек.  Анткени муундар аралык мамиле, улуулардын кичʏʏлɵргɵ кам кɵрʏʏсʏ турмуштук маанилʏʏ маселе болуп саналат.  Эгер мындай байланыш туруктуу болбосо, биринчиден, “ачылган тумшук” синдрому келип чыгат. Бул синдромдо: ата- апа- мамлекет- БЕР! Ашыкча тойгончо бер деген мʏнɵз калыптанат. Экинчиден, “ашынган туталануу” синдрому пайда болот.  Мында кичʏʏ муун: “Биз жаштар ɵз баалуулуктарыбызды ɵзʏбʏз чечебиз, бизге кам кɵрбɵй эле койгула!”- деп калат. Учʏнчʏдɵн, “урушчаак короз” синдрому коомчуллукка тез тарайт. Мында “мен ɵзʏм, ɵзʏмдʏн колумдан баары келет, баарына жетишем” деген ɵзʏмчʏлдʏк таасын байкалат. Бул сыяктуу мисалдар толтура. Бирок корутунду бирɵɵ гана- эч кандай жасалма мамиле муун алмашуунун коомчулук ʏчʏн коопсуздугунун жана иреттʏʏлʏгʏнʏн негизин камсыздай албайт.  Демек, муундар аралык мамиле ʏзгʏлтʏксʏз жана сапаттуу болушу керек.

Сыдык  Токонов