28 марта, 2024

БИЙЛИК ЖАНА ОППОЗИЦИЯ

Эгемендʏʏ Кыргызстандын тарыхында ар кайсыл мезгилдерде ар кандай оппозициялык кыймылдар жана бирикмелер болуп келген. Демек, ɵлкɵнʏн коомдук-саясий турмушу бул жагынан демократиялык принциптерге  кандайдыр бир даражада жооп берет деп айтууга мʏмкʏн.

ТАЛАП ЖАНА СУНУШ

Оппозицияга да коомчулук тарабынан белгилʏʏ бир суроо-талап болуп, анын кɵлɵмʏ кээде бийликке коюлган талаптан ашып кетʏʏсʏ да мʏмкʏн. Чыныгы революциялык кырдаал ошондой учурларда гана жаралуусу ыктымал, башка учурларда бул катыш ɵлкɵдɵгʏ демократиялык кыймылдын дене табын гана ɵлчɵп тургандан башка кызмат ɵтɵй албайт.

Экономикада  элдин суроо-талаптарынын ɵсʏʏ ɵлчɵмʏ аны канааттандырып туруу ɵлчɵмʏнɵн ар дайым артта калаары жагдайында мыйзам ченемдʏʏлʏк бар. Диалектикада бул  Базистен Надстройканын ылдамыраак  ɵсʏʏ ыргагы катары тʏшʏндʏрʏлɵт. Оппозициянын таянаар тоосунун салмагы да ошону менен ɵлчɵнɵɵрʏ тууралуу иш.

Кандай болгондо да Кыргызстанда бийлик оппозициясы жана анын иш аркеттерине байланышкан  ар кандай каршы аракеттер болуп келгени белгилʏʏ.

2005-жылкы окуялардын арапасында «Кыргызстандын элдик кыймылы»тʏзʏлʏп, акыбети Кыргызстандын биринчи президентинин ɵлкɵдɵн качып кетʏʏсʏ менен  аяктаган. 2008-жылы «Бириккен элдик кыймыл жаралып, ага тɵрт уюм жана жети саясий партия кирген. Анын иш-аракеттеринин да акыбети белгилʏʏ: 2010-жылкы ушул кʏнгɵ чейин мыйзам ченемдʏʏлʏк параметрлери талашка тʏшʏп келе жаткан Апрель ыңкылабы. Аны 2005-жылкы Март революциясынын уландысы катары карап-багууга жасалган айрым аркеттер коомчулукта жаралган кээ бир талаштуу маселелерге убактысынча чекит кое туруу катары эле каралууга тийиш.

2016-жылы «Элдик парламенттин» бир катар ɵкʏлдɵрʏ  бийликти басып алууга даярдык кɵргɵн деген айыптоо менен бир нече мɵɵнɵттɵргɵ соттолушкан.

 Ага карабастан, бийлик оппозицияга жана сɵз эркиндигине карата эч кандай куугунтуктоо жок деп айтып келе жатат. Антип бʏгʏн да, эртең да айтаары бышык, анткени бул ар кандай эле бийлик ʏчʏн мыйзам ченемдʏʏ кɵрʏнʏш. Куугунтук бар деп кайсыл бийлик айтмак эле да, бар деп кайсыл оппозиция коомчулукту ынандырмак?

Жылдын башында, тагыраагы, апрелде ɵлкɵдɵ дагы бир оппозициялык кыймыл –«Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» пайда болду.

Кыймылга парламентке кирбей калгандардан «Реформанын» лидери Клара Сооронкулова, эски чиновниктерден Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, экс-депутат Равшан Жээнбеков кирген.

 Тʏзʏлгɵн жаңы биримдиктин максатын кыймылдын мʏчɵлɵрʏ бийликтин адилетсиз иш-аракеттерине каршы кʏрɵшʏʏ деп тʏшʏндʏрʏшʏʏдɵ. Бул эми ар бир эле оппозициялык кыймылдын максаты деп ынанууга болот, бирок Кыргызстанда бийликке карата системалуу жана кʏчтʏʏ оппозициянын тʏзʏлʏшʏнɵ али эрте деген эксперттик пикир басымдуулук кылып турганын да белгилей кетʏʏ керек.

ПОРТФЕЛДИН КʏЙʏТʏ

Аналитиктердин скепсисин тʏшʏнʏʏ кыйын эмес. Бийликке оппозиция турууга тийиш болгон кыймылдын башында мурда бийлик тепкичтеринде олтуруп келген баягы эле саясатчылар. Бирок, алар ɵз кезегинде бийлик кабинеттеринде олтуруп деле ɵлкɵ ʏчʏн кандайдыр бир пайдалуу иштерди жасагандыгы аркылуу аты чыккандардан эмес. Эми деле жарытылуу бир сунуштары жок.

Саясат таануучу Эмил Жураевдин пикири боюнча, Кыргызстанда бийлик менен макул эместери оппозициячылар деп коюшат. Мисалы, Жогорку Кеңеште андайлардын катарына бийликти дамат сындагандан башы кɵтɵрʏлбɵгɵн «Бʏтʏн Кыргызстан» фракциясын  жетекчиси Адахан Мадумаровду  кошууга болот. Ал эми  парламенттин сыртында мандат ала албай калган саясатчылар, алсак, «Азаттык» партиясынын ɵкʏлдɵрʏ, социал-демократтар  ɵзʏлɵрʏн бийлик оппоненттерине кошуп жʏрʏшɵт. Оппоненттердин катарына саясий  беренелер менен иши козголгон кылмыш иштердин фигуранттары да автоматтык тʏрдɵ кошулган. Ɵзʏнчɵ айырмаланган топ –жарандык активисттер, жаштар жана журналисттер да бар. Алар да бийликке айрым дооматтар менен чыгып жʏрʏшɵт. Арийне, оппозицияны мынчалык кенен аныктоо мʏмкʏнчʏлʏгʏ Кыргызстанга гана таандык» деп эсептейт Э.Жураев.

Саясат таануучунун айтымында, оппозиционерлер — бул саясат менен принципиалдуу алпурушкандар жана бийликке умтулгандар. Биздин «укук коргоочуларда» жана ММК кызматкерлеринде мындай амбиция жок. Андыктан, аларды Эски аянттагы системалуу оппозициячыларга кошууга мʏмкʏн эмес.

Эксперттин эсебинде, Кыргызстанда  классикалык тʏшʏнʏктɵгʏ оппозиция бар деп айтууга болбойт.Ал эми бийликке сын айтып жʏргɵн саясатчыларга келсек, алар ой –максаттары, идеялары  боюнча биригишкен эмес, аларды портфелден башка эч нерсе кызыктырбайт.

«Бул эски чиновниктер жана мурдагы депутаттар эч бир жаңы нерсени сунуштай алышпайт. Буга аларда саясий ресурс жок. Мындай кʏңʏрт оппозициянын фонунда, оппоненттик бʏтʏм-жоболор карама-каршылыктуу жана тʏшʏнʏксʏз болуп жаткан шартта бийликтин популизми алда канча жагымдуураактай туюлат» дейт Э.Жураев.

«ЭМКИЛЕРДЕ ЭЛЕКТОРАТ ЖОК»

Жогоруда айтылгандар менен бирге эле ɵлкɵдɵ  ɵтʏп жаткан процесстерге жараша оппозициянын курамында да ɵзгɵрʏʏлɵр болуп жатканын белгилеген талдоочулар да жок эмес. Алардын пикиринде, оппозициянын катары мурда бийликте болбогондор менен толукталууда. 

Жаңы форматтагы оппозициячылдарга акыркы маалдарда Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Нурбек Токтакуновду кошуп жʏрʏшɵт. Аталгандар оппозициялык риторикасын качандыр бир убактарда жоготкон креслосунун ызаасынын жетегинде пайдаланып жʏргɵндɵрдʏн катарына киришпейт. Алар кɵбʏнчɵ бийликтин шектʏʏ ɵнɵктʏктɵрʏнɵ каршы чыгып жʏрʏшкɵндʏктɵрʏ менен белгилʏʏ.

«Бирок, аларда кɵйгɵйлʏʏ бир маселе бар: электораттын жоктугу. Бул саясатчылар коомчулукта эч кандай колдоп-кубаттоого ээ эмес экендиги 2021-жылкы шайлоодо эле байкалган. Мындан чыкты, алар кɵтɵргɵн чакырыктар элге анча деле жагымдуу эмес жана оппоненттер олуттуу саясий кʏчкɵ жакынкы келечекте айланып кете алат деп ʏмʏт кылууга эрте» дейт эксперт Игорь Шестаков.

Серепчинин байкоосунда, бийликке оппонент болуунун чоң мʏмкʏнчʏлʏгʏ азыркы тапта диний ишмерлерде арбыныраак. Алар ɵз ынанымдарында туруктуураак жана татаал нерселерди  жɵнɵкɵй сɵздɵр менен эле тʏшʏндʏрʏʏгɵ жɵндɵмдʏʏрɵɵк болушуп, азыркы тапта кыргыз бийлиги басым жасап жаткан салттуу баалуулуктарды, нарк-насилди ʏгʏттɵɵ менен, анча деле меркантилдʏʏ  эмес ɵңʏттʏ карманышууда.

Игорь Шестаков болочокто исламдын жактоочулары  дʏнʏявий (светик) саясатчыларга олуттуу атаандаш  катары чыгуусу мʏмкʏн дегенди жокко чыгарбайт.

Исламды колдоого алууга багытталган «Ыйман нуру» партиясы Жогорку Кеңешке ɵтʏп кетти. Ал  жергиликтʏʏ кеңештерге 10-апрелде ɵткɵрʏлгɵн шайлоодо Кара-Балтада утуп чыкты.

Дʏйнɵ коомчулугунун кɵңʏлʏ ушул тапта Украинадагы окуяларга бурулуп, ошол себептен, позициясын бекемдɵɵ багытында таскагы улам катуулап бараткансыган диний тенденцияга Кыргызстанда эле эмес, Борбордук Азия ɵлкɵлɵрʏндɵ, дʏйнɵлʏк аренада баам ташталбай жатат. Динге карата мындай бошоң мамиле, аналитиктин ою боюнча, кейиштʏʏ кесепеттерге алып келʏʏсʏ ыктымал.

Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов Кыргызстандагы оппозиция качан жана кантип диний тʏс алганын байкаганга дʏйнɵ ʏлгʏрбɵй калуусу да мʏмкʏн деп эсептейт.Анын пикири боюнча, калк арасында диний ишмерлердин популярдуу болуп баратканына оппозициялык агымдардын ɵкʏлдɵрʏнʏн сунуштары коомдун талаптарына жооп бербей, элдин ишенимге ээ болбой жатканы негиз болууда.

Чиновниктердин аракетин, кɵбʏнчɵ аракетсиздиктерин, Минстрлер кабинетинин арсар саясатын жана тʏшʏнʏксʏз позицияларын сындоо –дʏйнɵлʏк бренд. Бирок,  Кыргызстандагы мындай нааразычылыктар системдик эмес, стихиялык мʏнɵзгɵ ээ. Келишпɵɵчʏлʏктʏн мындай формасы адатта же пайдалуу «сунуш» менен же куугунтуктоо менен аяктайт. Канткен менен кээде бийлик коридорунда алдын алуу чаралары иштеп, потенциалдык оппоненттер  озунуу менен «куралсыздандырылат». Мына ошондуктан, биздин ɵлкɵдɵ идеялык келишпестиктерден улам эмес,  ɵзʏнɵ пайдалуу сунушту соодалашып алуу ʏчʏн оппозицияга туруу акыркы мезгилдерде салтка айланып калгандыгын байкоо кыйынга турбайт. 

Абдираим Мамытов