25 апреля, 2024

ЮРИЙ ЛЕВИТАН: СОГУШТУН ЖАНА ЖЕҢИШТИН YНY

“Внимание, говорит Москва…” Бул сɵздɵрдʏ айткан ʏндɵн азырга чейин дене-боюң дʏркʏрɵп кеткендей таасир калат. Мындай интонация менен майда-барат нерселер эмес,  же чоң апаат же ʏлкɵн жеңиш жɵнʏндɵ  айтылат. Юрий Левитан экɵɵсʏн тең кабарлагандыгы жана бир эле аны менен эмес тарыхта калган атактуу инсандардын бири.

ƟРГƟ ТАРТКАН ƟЖƟРЛYК

Левитандын ɵзʏнʏн эскерʏʏсʏ боюнча, жɵн-жай турмушта анын ʏнʏ мажордук жана сыймыктуу лада болгон. Бирок,1941-жылдын 22-июнунда радио аркылуу ɵтɵ токтоо жана эрктʏʏ ʏн менен кайрылуу жасоого туура келген.”Советтер Союзунун граждандары! Бʏгʏн таңкы саат тɵрттɵ…” деген сɵздɵр  менен башталган кайрылуу ал кʏнʏ тогуз ирет радиодон жаңырган. Бул маалдарда душман ондогон шаарларды, айыл-кыштактарды тыптыйпыл кылып, болгон кʏчʏн Москвага таштаган. Арийне, борбор шаарды немистерге берʏʏгɵ эч ким шашылган эмес. Москва материалдык жактан да, руханий жактан да бекем чыңдалган чепке айлантылган. Ал эми  эч кандай дʏрбɵлɵңсʏз, бир калыпта чыгып жаткан Левитандын ʏнʏ бара-бара немистердин кыжырын келтирип, кɵңʏлгɵ кɵк таштай тие баштаган.

Левитандын  чыныгы аты-жɵнʏ-Юдка Беркович Левитан. 1914-жылдын 2-октябрында Белгород облусунун  Владимир шаарында еврей  ʏй-бʏлɵсʏндɵ туулган. Ата-энеси  аскердик буюртма аркылуу  кийим тигʏʏчʏлʏк менен алектенишкен.

Падышалык доордо  атасы Берка Левитан Владимир шаарындагы синагогдун сыйынуу  башкармалыгынын жана чарбалык кеңешинин мʏчɵсʏ болгон. Владимирлик басма сɵздɵ тɵмɵнкʏдɵй мазмундагы жарыялар такай жарыланып турган: ”Аскердик жана жарандык кийим тигʏʏчʏ  Борис Левитан полицей, ɵрт ɵчʏрʏʏчʏлɵр, чиновниктер ʏчʏн фирмалык формаларды тигʏʏгɵ буюртмаларды кабыл алат”.

Юдка Берковичти бала чагында эле кʏркʏрɵгɵн ʏнʏ ʏчʏн Керней деп аташчу.

Юрий Левитан 17 жашында Владимирден Москвага, кинотехникумга  окууга тапшыруу максаты менен келет. Бирок, кабы алуу комиссиясынын мʏчɵлɵрʏн анын Владимирлик “о” тыбышына басым жасап (окающий говор) сʏйлɵгɵнʏн шылдыңдагандан башка эч нерсеси кызыктырган эмес.

Жарнамаларды ары-бери кыдырып  окуп жʏргɵн  жаш Левитандын кɵзʏнɵ НКВДнын  Бʏткʏл союздук радио комитетине жарыяланган диктордук сынак урунат. Ал жерге аны дежур, иш жʏзʏндɵ  имараттын жыйыштыргычы, чай жана кагаз ташуучу функциясы менен кызматка алышат. Анын терең бас ʏнʏ бачым эле байкалган жана жумуштун биринчи кʏнʏндɵ эле ага конкреттʏʏ текстти микрофондон окуп кɵрʏʏнʏ сунушташкан, бирок эки айдан кийин гана стажер болуп кызматка алынат. Бул 1932-жылдын январы эле.

Левитан эми ɵзʏнʏн сʏйлɵɵ манерасын оңдоп-тʏзɵɵнʏн ʏстʏндɵ  ɵжɵрлʏк менен иштей баштайт. Сценарийдеги ɵзʏ туура эмес айтып алуусу ыктымалделген сɵздɵрдʏ алдын ала белгилеп коер эле.Ар бир дикцияга аябай кɵңʏл коюп, текстин жеңил жана эркин, так жана укулуктуу окулушуна басым жасачу.

1934-жылдын январында  анын ʏнʏн тʏндɵсʏ ВКП (б) нын он жетинчи сьездине доклад даярдап жаткан Сталин угуп калат. Радиодон бул мезгилде “Правда” гезитинин баш макаласынын тексти окулуп жаткан. Yн Сталинге жаккан. Сталин радиокомитеттин тɵрагасына телефон чалып,сьезддеги доклад радиодон дал ушу Левитандын ʏнʏ менен кетʏʏсʏн камсыздоого кɵрсɵтмɵ берет.

Ошондон баштап Левитан ɵзʏнʏн сʏйлɵɵ маданиятын андан ары ɵнʏктʏрʏʏнʏн ʏстʏндɵ иштɵɵнʏ ого бетер кʏчɵтʏп, буга ал кʏнʏнɵ он сааттан арнаган. Левитан менен Сталиндин биринчи жолугушуусу Сталин радиодон чыгып сʏйлɵгɵн 1941-жылдын 3 –июлунда болуп ɵткɵн. Ал буга чейин Сталиндин эң сʏйʏктʏʏ диктору болуп эсептелген. Жолугушууда  Сталин:  “Кɵрсɵ, сиз ушундай турбайсызбы? Мен сизди дал ушундайдеп эле элесстетчʏмʏн”,-деген.

РЕЙХТИН “№1ДУШМАНЫ”

Юрий Левитан Улуу Ата Мекендик согуштагы маанилʏʏ окуяларды, Сталиндик бардык билдирʏʏ, кайрылууларды биринчи болуп кɵз алдынан ɵткɵргɵн инсан катары белгилʏʏ. Согуштун бардык тɵрт жылында  Левитан фронттордогу кырдаалды такай билдирип турган. Маршал Рокоссовский «Левитандын ʏнʏ бʏтʏндɵй бир дивизиянын кʏчʏнɵ барабар» деп баа берген. Ал эми Гитлер Левитанды  Рейхтин“№1душманы” деп эсептеген. Гитлердин эсеби боюнча Рейхтин №2 душманы Сталин эле. Гитлер Москваны немистер ээлеп алганы жɵнʏндɵгʏ ыктымалдуу  билдирʏʏнʏ дал ушул Левитандын оозу менен дʏйнɵгɵ таратууну абдан каалагандыгын жашырган эмес. Левитандын башы ал кездеги баа боюнча ɵтɵ ири деп саналган бʏтʏндɵй 250 миң рейхсмаркага бааланган. ССтин атайын тобу башкы диктордун кɵзʏн тазалоо  максатында Москвага ташталууга даярдык кɵрʏлгɵн. Башкы ʏндʏн коопсуздугун камсыз кылуу ʏчʏн Левитанга атайын жашыруу сакчылар бекитилген. Ал эми шаарга анын ɵң-келбети жагдайында жалган имиштер таркатылган. Кудай жалгап аны жанынан саналуу эле адамдар кɵргɵнʏ болбосо, кɵпчʏлʏккɵ бейтааныш эле. Андан кийин аны жашыруун тартипте  Свердловскийге эвакуациялашкан. Бул жерде ал кездеги  СССРдин эң бир кубаттуу  ТВ-5  магистралдуу радио станциясы жайгашкан эле. Кийинчерээк Подмосковьеден эшелон  менен кубаттуулугу жагынан  дʏйнɵгɵ таанымал жаңы ТВ-6 радиостанциясын орнотушуп, Левитандын ʏнʏн бʏт дʏйнɵ уккан.

Ɵзʏнʏн популярдуулугуна ɵзʏнɵ таандык юмор менен мамиле жасай турган.

“Мен андан бир ирет мынтип сурадым: ”Юра, сага сенин  популярдуулугуң тоскоолдук жаратабы” деп сурадым дейт актер Борис Сичкин. -Аябай тоскоолдук жаратат деп жооп берди Левитан, билесиңби, мени эч ким билбеген убактарда кетип баратып эле оң-солго тʏкʏрʏнʏп коер элем, эми азыр тʏкʏрʏʏ ʏчʏн урна издешке туура келʏʏдɵ”.

Ырас, жалпы элдик таанымалдуулугуна карабастан, Левитандын жеке жашоосу  анчейин деле бактылуу болгон эмес.  Ал 1938-жылы чет тилдер институтунун супсулуу студентине  ʏйлɵнгɵн. Бирок, биргелешип ɵмʏр сʏрʏʏнʏн 11-жылында аялы башка бирɵɵнʏ сʏйʏп калып, ажырашып кетишкен. Канткен менен Левитан аялынан да, аялынын экинчи кʏйɵɵсʏнɵн  кол ʏзбɵй, достук мамилени сактаган.

Юрий Левитанга дикторлордун ичинен биринчи болуп “СССРдин Эл артисти” наамы берилген.

ЖЕҢИШТИ КАБАРЛОО ДА  ЖЕҢИЛ ЭМЕС

 Улуу Ата Мекендик согуштун бʏтʏшʏн Левитан Москвада,Улуу Жеңишти кабарлоонун эстен чыккыс жагымдуу машакаты менен тосуп алган. Согуш Берлинде жʏрʏп жаткан. Жеңиш жакын эле экенин жана сɵзсʏз биздики болорун баары боолголоп турушкан. Бирок, качан болорун эч ким билген эмес. Качан болорун башканы кой, Левитан да билген эмес.

“Эч ким, ал турсун тʏнʏ да радиорепродукторду ɵчʏргɵн эмес деп эскерген  Левитан.-Радиокомитетке :”Жеңиш качан болот?  Неге созуп жатасыңар!” деп тынымсыз телефон чалуулардын аягы ʏзʏлбɵгɵн. 8-майда радиокомитеттин тɵрагасы “Уруксатсыз эч жакка чыкпай тур” деген буйрукту берди. Зарыктырган бир кʏн ɵттʏ. Мына, тʏнкʏ саат экиге чукул  уктуруунун тексттин алып келишти: Жеңиш, согуш бʏттʏ. Мен микрофон алдына олтурдум да, кубанычымды жашыра албай окуп баштадым: “Москвадан сʏйлɵйбʏз! Советтер Союзунун бардык радиостанциялары иштеп жатат!”

Ал кʏнʏ Жеңиш жɵнʏндɵ кабарлоо радиодон бир нече  ирет кайталанып жатты. Бирок, булар жазуу эмес, жандуу ʏн эле. Ар бир жолкусунда фашисттик Германиянын капитуляцияланышын Левитан ɵзʏ жарыялап жатты.

“9-май кʏнʏ биз,  студиянын кызматкерлери Кызыл Аянтка чыктык. Спасскидеги дарбазадан майрам кɵлʏнɵ туш келдик. Жайнаган кɵздɵр, жоокерлерди кɵкɵлɵтɵ ыргыткандар.Ыр-кʏлкʏ, бий…Ɵтɵɵргɵ жол жок. “Мен “Жеңиш жɵнʏндɵгʏ буйрукту окушум керек!” деген сɵз менен алдыга ынтылып жаттык, -деп эскерген Левитан.

Бирок, ɵтʏʏгɵ эч бир арга жок эле. Ал эми убакыт ɵтʏʏдɵ. Милиция менен солдаттарга абалды тʏшʏндʏрдʏк. Алар бизге жардамдаша баштады: ”Жолдоштор,  кое бергиле! Азыр Левитан  буйрукту окуйт, анан салют. Тынчтангыла да, уккула”.

Абдираим Мамытов