28 марта, 2024

“Муун ооруларын пластырь, мазь, гель  айыктырбайт”

“Бутум сыздап ооруганына чыдабай, акыры балдарыма тебелетчʏ элем” дейт жашы 60ка чамалаган аял. Ɵзʏ айтмакчы, келиндери менен жарыша иш жасап, элпек кыймылдаганы менен эки тизеси тез-тез ооруп тынчын алат. Ушул сыяктанып эл арасында муун оорулары менен жабыркагандар кɵп. Оорунун келип чыгуу себептерин, тукум куучулук белгисин, алдын алуу жана дарылоо жолдорун билʏʏ ʏчʏн ревматологдорго кайрылганбыз.

Медина Шарапова, “Ош Гастро” клиникасынын врач, ревматологу.

Моноартрит – бир колдун же бир буттун оорушу

-Мурда муун оорулары 45 тен 80 жашка чейинки адамдарда кɵп катталар эле. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бизге кайрылган пациенттердин арасында 25-30 жаштан жогоркулар да бар. Оорунун жашарып баратканынын себеби, кɵпчʏлʏк жаштарыбыз миграцияга кетип, оор жумуштарда иштеп, муундарына кʏч келтирип жатышат. Кɵп баскандыктан, дайым тик туруп иштегендиктен муундар нормалдуу эс албай, артроз оорусу пайда болот. Мындан сырткары кооптуу деп саналган ревматоиддик артрит системалык оорулардын бири болуп, тукум куучулук белгисин алып жʏрɵт. Ревматоиддик артриттин пайда болушуна анемия(аз кандуулук) сыяктуу башка оорулар да терс таасирин тийгизет. Эки буттун тизеси, эки колдун чыканагы, манжалары бирдей сыздап ооруса, шишик бар болсо, врачка тезинен кайрылуу керек. Айрым адамдардын бир колу же бир буту гана оорушу мʏмкʏн. Бул медицинада моноартрит деп аталып, жыныстык инфекциялардын негизинде пайда болот. Ал эми подагралык артрит деген тʏрʏндɵ буттун баш бармагы эле ооруйт. Ошондуктан бул ооруларды бири-биринен айырмалай билип, туура диагноз коюу зарыл.

Муундардын кырсылдашы

-Тизе бʏгʏлгɵн сайын кырсылдай берсе, кемирчектер нормада май бɵлʏп чыгалбай калганынан кабар берет. Кырсылдаган буттун баары эле артрит, артроз же ревматоиддик артрит оорусуна кабылат дегендик туура эмес. Мындай адамдар ɵтɵ кɵп басат, же тескерисинче, ɵтɵ аз кыймылдайт. Семиз же ɵтɵ арык болушу мʏмкʏн. Ошондой эле микроэлементтер, витаминдер, анын ичинде D витамини жетишпеген адамдардын муундары байма-бай кырсылдап турат. Мындан сырткары ɵспʏрʏм балдарда ювениалдык артрит оорусу кездешет. Эл арасында муну бой ɵсʏп келаткандагы оору деп коюшат. Тагыраагы, кальций, магний, цинк же микроэлементтердин жетишпегенинен улам кемирчектер нормада ɵсɵ албай, баладагы бут ооруну пайда кылат. Оору кɵбʏнчɵ тизеден ылдый, кызыл ашыкта байкалат. 

Муундарды жашартуучу озонотерапиясы

-Дарылоодо текшерʏʏдɵн ɵткɵн бейтаптын жыйынтыгына карап остеартоз, ревматоиддик артрит, полиартрит ооруларына ɵз-ɵзʏнчɵ дарылар жазылат. Анын ичинде кемирчектерди калыбына келтирʏʏчʏ дарылар да бар. Ошондой эле азыр дарылоо ыкмаларына муундарды жашартуучу озонотерапиясын кошуп жатабыз. Мында озоноаппараттардын жардамы менен кан системасы аркылуу муундарга плазмолифтинг жасалат. Плазмолифтингде бейтаптын ɵзʏнɵн кан алынып, аппарат аркылуу кандын сары суусу бɵлʏнʏп алынат да ошого дары кошуп бейтаптын муундарына беребиз. Бул ыкма артроз, артрит ооруларына жакшы эффект берʏʏдɵ.

Тизе шишип, суунун пайда болушу

-Синовит жана бурсит деп аталган ооруларда тизеге суу толуп шишийт. Реактивдʏʏ синовитте кемирчектердин азайып кетʏʏсʏнɵн улам тизе ɵйкɵлʏп отуруп сары суу чыгарат. Бул таза суу делип аны дары аркылуу жоготууга мʏмкʏн. Реактивдʏʏ артриттер кɵбʏнчɵ инфекциядан улам пайда болот. Мындай учурда шприц аркылуу тизедеги суудан бир аз алып, анализге жɵнɵтɵбʏз. Инфекциянын тʏрʏ аныкталган соң ошого жараша дарылар берилет. Айрым учурларда тизедеги шишиктин суусун алууга мʏмкʏн эмес. Аны акырындык менен канды тазалап отуруп гана жок кылууга туура келет.

Фастфуд, кофе, алкоголду кɵп колдонбоңуз!

-Муун оорулары менен оорубаш ʏчʏн ар бир адам жыл сайын ɵзʏндɵгʏ D витамининин нормасын текшертип туруусу керек. Кемирчектерди туура пайдаланып нормадан ашыкча баспай, нормадан ашыкча отурбай, сергек жашоо образын тʏзʏп, сууда сʏзʏʏ жана туура тамактанууну колго алуубуз шарт. Фастфуддарды кɵп жегендер, бир гана деңиз продукталарын пайдалангандар, дегеле окшош тамактануу да муун ооруларына алып келет. Газдалган суусундуктар, кофе, алкоголь ичимдиктерин кɵп ичкен адамдарда витаминдʏʏ комплекс жоголот. Аялдардагы артроз оорусунун кɵп болушу жаш турмушка чыгып, тɵрɵгɵндɵн кийин витаминдин баары эмчек аркылуу балага ɵтɵт. Бизде тɵрɵткɵ чейинки, тɵрɵттɵн кийинки даярдык жок болгондуктан аялдар комплекстʏʏ витаминдерди ичпей тʏрдʏʏ ооруларга, анын ичинде муун ооруларына да кɵп кабылышат. 

Уланбек Исаков, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жогорку категориядагы врач, ревматологу.

“Ревматизм жʏрɵк ооруларына чейин жеткирет”

-Муун оорулары, буттун сыздап оорушу балдар арасында да жок эмес. Атай кетсек, балдардагы ангина, тамак оорусу, фарингит сыяктуу оорулардан кийин канга тʏшкɵн инфекциялардын негизинде ревматизм пайда болот. Ревматизмди дарылабаса жʏрɵк ооруларына чейин жеткирет. Ошондуктан дарыгерге кайрылып, буту ооруган балдарды убагында текшерʏʏдɵн ɵткɵрʏʏ зарыл.

Айрым учурда буту ооруган адамдар адашып сыныкчыларга же ийнетерапияларына барып алышат. Кээ бир сыныкчылар туура эмес дарылап, сезгенген муунду ого беттер эзгилеп, мурдагыдан да оор абалга жеткиришет. Мындай учурда бейтапка да, аны дарылаган дарыгерге да тʏйшʏк болот. Кытайдын ар кандай пластырларын ɵз алдынча чаптап же мазь, гелдерди сʏртʏшɵт. Тилекке каршы, мындай ыкмалар ооруну толугу менен айыктырууга жардам бербейт. Биринчиден оорунун диагнозун аныктап алуу зарыл. Эгер ревматоиддик артрит болуп чыкса, ага сырттан сʏртʏлчʏ дарылар пайдасыз. Сырттан сʏртʏлчʏ маздар ооруну убактылуу гана басып турууга жɵндɵмдʏʏ, бирок, организмде болуп жаткан ички процесске эч кандай таасир эте албайт.

“Артрит курч жана ɵнɵкɵт тʏргɵ бɵлʏнɵт”

-Кɵпчʏлʏк адамдар оору башталганда эле дарыканаларга чуркап, ооруну убактылуу басаңдатуучу дарыларды сатып алышат. Дарынын айрым тʏрлɵрʏнɵ кɵз карандылык пайда болушу мʏмкʏн. Убакыттын ɵтʏшʏ менен дарылар таасир этпей, оору кʏчɵп, ɵтʏшʏп кеткенде гана бизге кайрылышат. Ошондуктан артритти канчалык эрте дарыласа, ɵнɵкɵт тʏргɵ ɵтʏп кетʏʏ коркунучу азыраак болот. Андан сырткары аутоиммундук артрит иммунитеттин тʏшʏп кетʏʏсʏнɵн улам пайда болот. Бул артриттин ɵнɵкɵт тʏрʏ болгондуктан дайым врачтын кɵзɵмɵлʏнɵ муктаж. Иммунитет демекчи туура эмес тамактануудан тʏшкɵн иммунитет муун оорулары эмес, вирустун бардык тʏрлɵрʏн чакырып, ар кандай ооруларга кептейт. Муун оорулары кɵбʏнчɵ бириккен ткандардын оорусу делет. Бириккен ткандар микроэлементтер, витаминдердин негизинде куралган структура. Айрыкча ɵсʏп келе жаткан балдардын тамактануусуна ɵзгɵчɵ кɵңʏл бɵлʏп, муундарынын бекемделишине шарт тʏзʏп берʏʏбʏз зарыл.

Айжылдыз Тойчиева