19 апреля, 2024

Нобель сыйлыгынын лауреаттары тууралуу кызыктар

Нобель сыйлыгын алуу илим тармагынан сырткары, экономика, адабият тармагында эмгектенген ар бир адамдын кыялы болсо керек. Бул сыйлык жɵнʏндɵ кɵп эле маалыматтар белгилʏʏ. Ал эми кезектеги макалада Нобель сыйлыгына оңой-олтоң жетпей, он оодарылып, ал тургай ɵмʏрʏнɵн айрылган айрым инсандар тууралуу айтып беребиз. 

27 жыл тʏрмɵдɵ жаткан нобель сыйлыгынын ээси 

Нельсон Мандела кара денелʏʏлɵрдʏн укугун талашкан африкалык саясий ишмер. Африка улуттук конгрессинин лидери. Аны 1948-жылдан 1994-жылга чейин Тʏштʏк Африка Союзун жана Тʏштʏк Африка Республикасын башкарган улуттук партия жʏргʏзгɵн расалык саясатына каршы чыгып, куралдуу топко кошулганы ʏчʏн террорист катары айыпташат. 1962-жылы 17 айдан кийинки издɵɵдɵн соң АКШнын колдоосу менен камакка алып, ɵлʏм жазасына тартмак болушшат. 1964-жылы ал Преториянын Жогорку сотунда «Ɵмʏр бою мен ɵзʏмдʏ толугу менен африкалык калк ʏчʏн кʏрɵшкɵ арнадым. Мен актардын ʏстɵмдʏгʏнɵ да, каралардын ʏстɵмдʏгʏнɵ да каршы кʏрɵштʏм. Бардык жарандар ынтымакта жашаган жана тең укуктуу демократиялык эркин коомдун идеалын сыйлайм. Бул мени жашоого умтулткан идеал. Эгер зарыл болсо, бул идеал ʏчʏн мен ɵлʏʏгɵ даярмын «, — деди Мандела жыйынтыктоочу сɵзʏндɵ. Ошондо сот ага жана анын жолдошторуна ɵлʏм жазасын ɵмʏр бою эркинен ажыратуу менен алмаштырды. Ошентип ал 27 жыл тʏрмɵдɵ жаткан. Кийин Тʏштʏк Африканын акыркы ак денелʏʏ президенти Фредерик де Клерк тарабынан Африканын улуттук конгресси жана апартеид режимине башкача айтканда, партиянын расалык саясатына каршы башка кыймылдарды мыйзамдаштырган жарлыкка кол койгондон кийин бошотулган. Эркиндикке чыккан кʏнʏ ал элге кайрылуу жасап, атап айтканда, ɵлкɵнʏн ак жана кара калкынын ортосундагы пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен жɵнгɵ салууга умтулуп жатканын билдирди. Ал ошондой эле “маселелерди сʏйлɵшʏʏлɵрдʏн алкагында жɵнгɵ салуу ʏчʏн ыңгайлуу климат тʏзʏлɵт, мындан ары куралдуу кʏрɵшкɵ муктаждык болбойт” деген ʏмʏтʏн билдирди. 1993-жылы Мандела менен де Клерк биргелешип Нобель Тынчтык сыйлыгын алышкан. 1994-жылы апрелде Тʏштʏк Африкада демократиялык шайлоо ɵтʏп, анын жыйынтыгында Африка улуттук конгресси 62% добушка ээ болуп, 1994-жылдын 10-майында аны жетектеген Мандела расмий тʏрдɵ ɵлкɵнʏн президенттигине киришкен. Мандела бийликте турган жылдары Тʏштʏк Африкадагы социалдык жана экономикалык теңсиздикти жоюуга багытталган бир катар маанилʏʏ социалдык-экономикалык реформаларды жʏргʏзгɵн.

Нобель сыйлыгына 10 жыл аракет кылган Эйнштейн

Альберт Эйнштейн, немис-швед-америка физиги.

Эйнштейн бир нече жолу физика боюнча Нобель сыйлыгына кɵрсɵтʏлгɵн. Биринчи номинация (салыштырмалуулук теориясы ʏчʏн) Вильгельм Оствальддун демилгеси менен 1910-жылы сунушталган. Бирок Нобель комитети салыштырмалуулук теориясы ʏчʏн эксперименталдык далилдерди жетишсиз деп эсептеген. Андан ары Эйнштейндин талапкерлиги 1911-жылдан баштап жыл сайын кɵрсɵтʏлʏп турган. Бирок Нобель комитетинин мʏчɵлɵрʏ кɵп убакыт бою мындай революциялык теориялардын авторуна сыйлык берʏʏгɵ батынышкан эмес. Акырында дипломатиялык чечим менен 1921-жылдагы сыйлык Эйнштейнге (1922-жылы ноябрда) фотоэффект теориясы, башкача айтканда экспериментте эң талашсыз жана жакшы текшерилген иши ʏчʏн берилди. 1922-жылы 10-ноябрда Швеция илимдер академиясынын катчысы Кристофер Ауривиллиу Эйнштейнге мындай деп кат жазган: «Илимдер Академиясы кечээги ɵз жыйынында сизге физика боюнча ɵткɵн жылдагы сыйлыкты ыйгарууну чечти, ошону менен сиздин теориялык физикадагы эмгегиңизди, атап айтканда фотоэффект мыйзамынын ачылышын моюнга алды. Келечекте ырастала турчу салыштырмалуулук теориясы жана тартылуу теориясы боюнча сиздин ишиңизди эске алуу менен” деп баса белгилеп, эскертʏʏ менен ыйгарышкан. Альберт Эйнштейн алган сыйлыгынын акчалай бɵлʏгʏн биринчи аялы Милева Марич менен эки уулуна которгон.

Нобелден баш тарткан окумуштуулар 

Кээ бир лауреаттар сыйлыктардан баш тарткан. Кантип  деп калган чыгарсыз. Алардын арасында немис окумуштуулары химик Рихард Кун (1938), Адольф Бутенанд  жана Герхард Домагк (1939, химия жана физиология жана медицина) бар. Кезинде нацисттик Германияда Нобель сыйлыктарын алууга тыюу салынгандыктан, окумуштуулар мындай кадамга барууга аргасыз болушкан. Экинчи дʏйнɵлʏк согуштан кийин ʏчɵɵ тең сыйлыгына ээ болушкан. Мындан башка бир топ лауреаттар ар кандай себептерден улам баш тарткан. Арасына жазуучу Чыңгыз Айтматовду да кошсо болот. Айрым так эмес маалыматтарга таянсак жазуучуга “Ак кеме” повести ʏчʏн сыйлык берилмек. Нобель комитети чыгармада тоодо жашаган бир ʏй-бʏлɵ аркылуу ɵз казанында ɵзʏ кайнап жʏргɵн советтер союзун чагылдырганы ʏчʏн ыйгармак болот. Бирок, жазуучу эч кандай СССРди чагылдыргысы келбегенин айтып, сыйлыктан баш тарткан. 

СССРди согушу жок тараткан Горбачев

Орус эли Горбачевди тарыхтын терс каарманы катары сыпаттап, анчейин баалабаган болушу мʏмкʏн. Бирок, Нобель комитетинин 1990-жылдын 15-октябрындагы билдирʏʏсʏндɵ сыйлык Горбачевго “эл аралык коомчулуктун турмушунун маанилʏʏ ажырагыс бɵлʏгʏн мʏнɵздɵгɵн тынчтык процессиндеги жетектɵɵчʏ ролу ʏчʏн” ыйгарылганы айтылат. Ал Советтер Союзу менен Батыштагы ɵлкɵлɵрдʏн ортосундагы мамилелерде тынчтыкты чыңдоого кошкон салымы ʏчʏн дʏйнɵлʏк коомчулуктун мактоосуна ээ болду.

Эки тармакта эки нобелди алган тарыхтагы биринчи аял

Жыл сайын 2013-жылдын 7-ноябрында радиоактивдʏʏ нурланууну биринчи изилдɵɵчʏ Мари Склодовска-Кюринин туулган кʏнʏнɵ арналган медициналык физиканын эл аралык кʏнʏ белгиленет. 1897-жылдын аягында Мари Кюри урандын уулуу радиацияны бɵлʏп чыгарарына кызыгып, бул кубулушту изилдɵɵгɵ арналган докторлук диссертациясынын ʏстʏндɵ иштей баштады. 1903-жылы Мари жана анын кʏйɵɵсʏ Пьер Кюри физика боюнча Нобель сыйлыгын алышкан. Мари Кюри кийин полоний менен радийди ачкандыгы ʏчʏн ɵзʏнʏн Нобель сыйлыгын алган. Ошентип, ал бул абройлуу сыйлыкка ээ болгон биринчи аял гана эмес, эки башка тармакта сыйлык алган биринчи окумуштуу болуп калды. Айта кетʏʏчʏ нерсе Мари Кюри радий заты менен узак убакыт иштɵɵнʏн натыйжасында нурлануунун  алгачкы курмандыктарынын бири болуп калган. 

Айжылдыз 

Тойчиева