Уставдын долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 12-декабрындагы № 279 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү колдонулган мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты.
Уставды иштеп чыгуу максатында Ош шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 103-б буйругу менен атайын жумушчу топ түзүлгөн.
Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставы акыркы жолу Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 25-мартындагы XXVI сессиясынын № 260 токтому менен бекитилген.
Жакынкы арада жер-жерлерде графиктин негизинде талкуулар өткөрүлөт, ошондой эле ватсап топтор түзүлөт, алар аркылуу өз сын-пикирлериңиздерди, сунуштарыңыздарды берүүгө болот.
Сиздерди Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун талкуулого активдүү катышууга чакырабыз.
Уставдын долбоору боюнча суроолор болсо Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө (03222) 55845 телефон аркылуу кайрылсаңыздар болот.
Төмөндө Долбоор толугу менен сунушталат:
Окшош макалалар
Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын Туристтик взводу-Туристтик сезонго даяр
ХХVIII сессияда жыйырма маселе каралды
Ош шаарында таштандыларды иргɵɵчʏ ишкана иштей баштады