19 апреля, 2024

Ош медициналык колледжи туура тандалган кесип-келечектин ачкычы

Бизде эл аралык стандартка дал келген адистер даярдалат

 Ош медициналык колледжи медицинаны жанындай сʏйгɵн, окуу предметтеринин мыкты ɵздɵштʏргɵн келечекте калктын саламаттыгынын сакчылыгы ʏчʏн кызмат кылсам деген халатындай ак ниеттʏʏ талапкерлерди кабыл алат. Окуу процесстери убакыт ɵткɵн сайын эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылып барылууда. 2010-жылдан баштап жаңы окуу пландары жана программаларынын негизинде окуу жʏргʏзʏлɵт. Алар бʏгʏнкʏ замандын талабына толук жооп берет. Мурда келечектеги медициналык адистерди окутуу, ооруну айыктырууга багытталат эле, азыркы  талап оорулууну айыктырууга жана оорунун алдын алуу жолдорун кɵрсɵтʏʏгɵ багытталып жатат. Ага ылайык, окуу процесстери да жаңы предметтер менен улам толукталууда. Кɵбʏнесе адистиктерди окутуп ʏйрɵтʏʏдɵ мээримдʏʏлʏккɵ басым жасалат. Yй-бʏлɵнʏн психологиясын окуп ʏйрɵнʏʏнʏн талаптары коюлат. Анткени буга чейин  оорулуулар ооруканага келишсе, азыр ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер ʏйгɵ барышат, ден соолуктарынан кабар алып, кеңеш беришет. Оорунун келип чыгуу себептерин иликтешет. Окуу жайда ушул багыттагы да предметтер окутулат. Биздин билим алган жаңы типтеги мээрбан эжелер дарылоо ишин эле эмес, бейтапка биринчи жардамды кɵрсɵтɵ билʏʏнʏн ар тараптуу жолдорун ɵздɵштʏрʏʏлɵрʏ тийиш.

Орто медициналык кызматкерлерди даярдаган окуу жайы катары Ош медициналык колледжинин аброю, билим берʏʏ денгээли,сапаттык салмагы чон. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ɵткɵрʏлгɵн 2005 жана 2012-жылы «Медициналык билим берʏʏ уюмдары арасында эң мыкты жамаат» конкурсунун жеңʏʏчʏcʏ.  

Ош медиўиналык колледжинин директору: Халмурзаев Марат Мирболотович

Тарыхынан

Ош медициналык колледжи Оштогу мээримдʏʏ мээрбан эжелерди даярдаган терең  тарыхы бай окуу жайлардын бири болуп эсептелет. Ош чɵлкɵмʏндɵ мээрбан эжелерди даярдоо иши  1937-жылдардан башталат. Ал кездери мээрбан эжелерди даярдоонун алгачкы курстары уюштурулган. 1938-жылы анын негизинде мээрбан эжелерди даярдоонун 2 жылдык мектеби ачылган. Ошондон кийин кɵп ɵтпɵй калкты медициналык жактан тейлɵɵдɵ муктаждыктар эске алынып, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя жана Майлуу-Суу шаарларында калкты медициналык жактан тейлеген мээрбан эжелер даярдала баштады. Ал эми ордолуу Ош шаарында 1980-жылдын 1-октябрында Жалал-Абад медициналык окуу жайынын филиалы болуп ачылды. Кийинки жылдардан филиал кеңейтилип, мээрбан эжелер эле эмес, акушер, фельдшер, фармацевт, лаборант адистери да даярдала баштаган. Кыргыз Республикасынын Саламатыкты сактоо министирлигинин 15.05.92 ж.№145-буйругунун негизинде филиал 1992-жылы ɵзʏнчɵ Ош медициналык училищеси болуп тʏзʏлдʏ. Мына ошондон бери Ош медициналык окуу жайында мээрбан эже иши, акушер иши, медициналык алдын алуу иши, дарылоо иши, лабораториялык аныктоо, фармация адистиктери боюнча медициналык кадрлар даярдалып келʏʏдɵ. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ 6000ден ашуун орто медицина кызматкерлери даярдалып элге кызмат кылууда.

Окуу жайында окутуунун бакубат базасы бар

Ош медициналык колледжи бʏгʏнкʏ кʏндɵ республикадагы материалдык-техникалык базасы бекем окуу жайларынын бири болуп эсептелет. Башкача айтканда, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жогоруда айтылган окутуунун жаңы стандарттарынын талаптарына толугу менен жооп берет. Бʏгʏн окуу жайында бул жагынан айтарлык ɵзгɵрʏʏлɵр бар. Аудиториялар, окуу бɵлмɵлɵрʏ, лабораториялар, мезгил талабына ылайык компьютердик класстар менен жабдылган. Мээрбан эжелерди практикалык сабактар менен тааныштырган машыктыруу окуу бɵлмɵлɵрʏ уюштурулган. Негизинен окуу жайынан билим алгысы келген уландар менен кыздарга окутуунун жаңы стандарттарын жʏргʏзʏʏнʏн бардык мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ тʏзʏлʏп берилген. Окуу жайдын окуу бɵлмɵлɵрʏ дарылоо профилактикалык мекемелердегидей эле операциялык блогу, тɵрɵт зал, эне жана бала палатасы, фитобар, процедуралык, таңуу кабинеттери жана башка окуу процессине ылайыкташтырылып, жогорку деңгээлдеги кɵрсɵтмɵ куралдар менен жасалган. Окуу процессинде салттуу ыкмаларга негизделген практикалык багыттагы азыркы педагогикалык жана информатикалык технологиялар пайдаланылат. Бир сɵз менен айтканда, студенттердин сапаттуу билим алуусу ʏчʏн бардык шарттар тʏзʏлʏп жатат. Окуу жайында окутуучулардын жана студенттердин маданий эс алуусуна, спорттук машыгуусуна кɵп кɵңʏл бɵлʏнɵт. Ошондой эле окуу жайдын укук коргоо органдары менен  дин кызматкерлери жана ардагерлер менен жолугушууларды, профилактикалык багыттагы илимий практикалык конференцияларды ɵткɵрʏп туруу салттары бар.

Бʏгʏнкʏ кʏндʏн мээрбан эжелери

Адистиктердин баардыгы жакшы. Болгону алар аткарган функциясы боюнча бири-биринен айырмаланышат. Медициналык башка адистиктерге караганда мээрбан эже адистеринин аткарган функциясы татаал жана кɵп тармактуу. Азыр мезгил талабына ылайык келген, бейтаптарга алгачкы жардамды кɵрсɵтɵ билген, ар тараптуу билимдʏʏ мээрбан эжелердин жаңы тʏрлɵрʏн даярдоонун талабы коюлууда. Бʏгʏнкʏ кʏндʏн мээрбан эжелери окуу жайында жаңы технологиялык тʏзʏлʏштɵгʏ татаал аппаратураларды иштетʏʏнʏ, компьютерлештирилген медициналык процесстерди туура тʏшʏнʏп, аларды ɵз ишинде пайдалануунун ыкмаларын окуп ʏйрɵнʏшɵт. Окуу процессине кесиптик билим берʏʏнʏн стандарттары жогорку окуу жайларындагыдай эле кадрларды даярдоонун кɵп деңгээлдʏʏ системалары кийирилген. Бʏгʏнкʏ кʏндʏн мээрбан эжеси жогорку маалыматтуу, окутуунун жаңы стандарттарынын талаптарына жооп берген тийиштʏʏ экономикалык билимдерге ээ болуусу абзел. Ошого ылайык, бʏгʏнкʏ кʏндʏн мээрбан эже адистерин даярдоонун базасын тʏзʏʏ алардын кесиптик даярдыктарын жогорулатуу милдети коюлган. Окуу жайында негизинен бул багыттагы окутуунун тажрыйбаларына таянуунун атайын программалары кийирилген. Мээрбан эжелер тармагындагы негизги ишти аткаргандар. Алар медицинанын бардык тармактарында иштей алышат. Кийинки убактарда ʏй-бʏлɵлʏк дарыгер тобунун катарын да толукташууда.

2023-2024-окуу жылына талапкерлерди тɵмɵндɵгʏ адистиктер боюнча бюджет жана контракт бɵлʏмдɵрʏнɵ кабыл алууну жарыялайт:

1. Дарылоо иши.      Бюджеттик жана контракттык негизде окутулат.  Контракттын жылдык тɵлɵмʏ — 25500 сом

Мɵɵнɵтʏ — 3 жыл  6 ай.

2. Акушердик иши.    Бюджеттик жана контракттык негизде окутулат. Контракттын жылдык тɵлɵмʏ — 26800 сом

Мɵɵнɵтʏ — 2 жыл  10 ай.

3. Фармация.       Бюджеттик жана контракттык негизде окутулат.

Контракттын жылдык тɵлɵмʏ — 25700 сом

Мɵɵнɵтʏ — 2 жыл  10 ай.

4. Мээрбан эже иши.     Бюджеттик жана контракттык негизде окутулат. Контракттын жылдык тɵлɵмʏ — 27000 сом

Мɵɵнɵтʏ — 2 жыл  10 ай.

5. Лабораториялык  диагностика.     Бюджеттик негизде окутулат. Мɵɵнɵтʏ — 2 жыл  10 ай.

Кирʏʏ сынактары бюджеттик жана контракттык тайпаларда «Дарылоо иши», «Акушердик иши», «Мээрбан эже иши» адистери ʏчʏн тестирлɵɵ-биология, кыргыз тили жана орус тили предметтери боюнча жʏргʏзʏлɵт. «Фармация», «Лабораториялык аныктоо» адистиктери ʏчʏн тестирлɵɵ – химия, кыргыз тили жана орус тили предметтери боюнча жʏргʏзʏлɵт.

Кабыл алуу комиссиясына тапшырылуучу документтер:

1. Орто билими жɵнʏндɵгʏ аттестат (тʏп нускасы).

2. 086 – у формасындагы медициналык справка.

3. 3*4 фото 8 даана

4. Паспорт кɵчʏрмɵсʏ       

Биздин дарек:

 Ош шаары, Салиева кɵчɵсʏ — 57. Телефон: (03222)- 4-69-67, 8-11-85.

Уюлдук телефон: 0556569897 Автобус: №2. Троллейбус: №1.

Маршруттук таксилер: 107, 108, 118, 137, 145, 111, 112.