14 сентября, 2024

Элдин пикир-сунуштары кылмыштуулуктун алдын алууда чоң жардам берет

Ош шаарынын мэрии Бакытбек Жетигенов эл менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Жашоочулар тарабынан айтылган сунуштарга жеринен тапшырмалар берилүүдө. Жолгушууда ар түрдүү көйгөйлөр айтылууда. Кылмыштуулук, жол кыймылындагы коопсуздук маселелри да жарандар тарабынан айтылды. Буга чейин атайын бекитилген график боюнча Ош шаарынын №9 Рудаки, №42 Керме-Тоо мектептеринде эл менен жолугушуу өттү. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Акылбек Бекишов катышып, жашоочулардын кызыктырган суроолоруна жооп берип жатат. Иш чара өткөн жерге милициянын коомдук кабылдамасы дагы иштеп, элден түшкөн арыз-даттанууларды, сунуштарды кабыл алууда. Жолугуу учурунда Акылбек Бекишов элге милиция дайыма эл менен биргеликте иштегенде гана ийгиликке жете аларын белгилеп, коомдук коопсуздукту бекемдөөдө дайыма кызматташууга чакырды: “Милиция менен элдин өз ара биргеликте иштеген учурда гана кылмыштуулукка бекем бөгөт коюуга болот. Сиздердин бүгүнкү жыйында айтып жаткан ар бир сунушуңар биз үчүн маанилүу. Эгерде ой-пикириңиздер, арызыңыздар болсо-милициянын көчмө кабылдамасына кайрылсаңыздар дагы болот. Азыр дагы сыртта эки ушундай кабылдамаларыбыз турат”,-деди Акылбек Бекишов

Учурда Ош шаарынын эли менен жолугушуулар уланууда. Бүгүн жолугушуу Манас-Ата районунда өтөт.