27 июля, 2024

Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн алдын эми атайын кызматкерлер тазалап-шыпырат

  Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыктын жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында аймактык башкармалыктын башчысы 2023-жылы Ош шаарынын мэриясы тарабынан берилген тапшырмалардын негизинде аткарылган иштер, жетишкендиктер боюнча маалымат берди. Жолугушуунун алкагында жашоочулар “Манас-Ата” аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды, экология боюнча көйгөйлөрдү айтып, мэрдин чечип берүүсүн суранышты. Жерлерди менчиктеп алган адамдар көбөйүп, таштанды маселесинен улам аба булганып жатканын билдиришти. Мэр Бакытбек Жетигенов жарандардын көтөргөн маселеси боюнча жеринде жоопторду берди. Аны менен бирге тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилерине иш алып баруу боюнча талаптарды койду. Ошондой эле мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев: “Эми шаардагы ар бир үйдүн алдын атайын кызматкерлер тазалап-шыпырат, “Тазалыктын” 100 кызматкерди бөлүп жатабыз. Сиздерден болгону ар бир жанга10 сомдон гана төлөө жетиштүү болот, мурдагыдай ишембиликке чыккыла дебейбиз. Өзүңүздөр үчүн деле, балдарыңар үчүн да короо таза болгону жакшы эмеспи”,-деп билдирди. Жашоочулар бул демилгени колдоп- кубатташты.