Ош шаарынын мэриясында 2024-жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу болду.
Коомдук угууда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош финансы башкармалыгынын башчысы К. Абдыкадыров Ош шаарынын 2024-жылга бюджетинин долбоору боюнча кенен маалымат берди.
Андан кийин “Юз оф Ош” коомдук бирикмесинин жетекчиси А. Сатинбаева жарандык коомдун өкүлдөрүнүн атынан бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча сунуштарды киргизип, баяндама жасады.
Андан соң Ош шаарынын тургундары, жарандык коомдун өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, бюджеттин долбоору боюнча өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышып, сунуштарын беришти.
Марс Исаев үстүбүздөгү жылдын бюджетин бекитүүдө шаардыктардын кайрылуулары жана сунуштары эске алынаарын билдирди.
Белгилей кетсек, Ош шаарына быйылкы жылга карата 2 млрд 884 млн 956 миң 200 сомго бюджет долбоору каралган.




Окшош макалалар
«ЭКИ ДОС» ТАНДЕМИ: Президент бардык суроолорго жооп берди
ООГАН СОГУШУ — УНУТУЛГУС САБАК
Тʏзʏлгɵнʏнɵ эки жыл боло элек ишкананын бюджети эки эсеге ɵсʏʏнʏн алдында турат