27 июля, 2024

Жаш балдар арасындагы жол, унаа кырсык фактылары боюнча маалымат

         2023-жылдын 12 айында шаардын аймагында жол унаа кырсыктары боюнча жалпысынан Ош шаардык ИИБнин МЭЖне 812 материал катталган, текшерилгени 743 материал жол унаа кырсыгы катталып, анын ичинен денелеринен түрдүү жараат алган фактыларга байланыштуу 376 жабыркагандардын саны 519, ал эми автоуналарга материалдык зыян келтирүүгө байланыштуу 367 факты катталган.

         2023-жылдын 12 айында жол унаа кырсыктарынан каза болгон 14 факты катталган жана каза болгондордун саны 14 (былтыр 9 адам +5 учурга көбөйгөн).

         Жол унаа кырсыгы фактылары боюнча 10 кылмыш иши козголуп, (каза болгон фактылар боюнча, 6 кылмыш иши козголгон, 8 материал кылмыш иш козгоодон баш тартылган), 6 кылмыш иши соттук кароого жиберилген, 4 кылмыш иши Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 27-бер. 1-б. 13-п. менен өндүрүштөн кыскартылган.

         Ал эми жаш балдар катышкан жол унаа кырсыгы 121 катталып, анын ичинен каза тапкандар 6 учур, аталган 6 учур боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 312-бер. негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп, иштер соттук кароого жиберилген.

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жаш жете элек балдардын арасында жол унаа кырсык фактыларын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү көзөмөлгө алынып, текшерүүлөр жүргүзүлүп келүүдө, 2023-жылы Ош шаардык ИИБнын башчысынын наамына мыйзам бузууларды четтетүү тууралуу сунуштама келтирилип, мыйзам бузуучулуктар четтетилген.