19 сентября, 2024

Кутурма оорусунан кантип сактануу керек?

Эзелтеден бери адам баласы кутурма оорусунан айыкпастыгы жана сɵзсʏз ɵлʏмгɵ алып келʏʏсʏ бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин кайгылуу окуялардын себеби болууда. Ɵтɵ оор, коркунучтуу, зооноздук вирустук жугуштуу оору болуп саналат. Кутурма дартына ит, мышык жана ʏй жаныбарларынын кармоо эрежелерин сактабагандан, малды жана башка жандыктарды убагында эмдебей жана ʏй жандыктары, жапайы жаныбарлар тиштеген мезгилде, медициналык  жардамга кайрылбагандар жана кеч кайрылгандан чалдыгышат.

Оору негизинен кутурма менен ооруп калган жаныбарлар адамдарды тиштегенде жугат, ошондой эле иттин шилекейи менен вирус теридеги  кɵзгɵ кɵрʏнбɵгɵн жаракаттар аркалуу адамдардын денесине кирип калганда жугуп калышы мʏмкʏн.

 Кутурма оорусу адамга жуккандан тартып, анын биринчи белгилери пайда болгонго чейин (инкубациялык) мезгили 7 кʏндɵн 1 жылга чейин, кээде 1 жылдан кɵбʏрɵɵк мезгилге созулушу мʏмкʏн. Бул мɵɵнɵт адамдын башын, бетин, мойнун жана колдун, буттун  бармактарын тиштеген учурда, ошондой эле жаш балдарды, кары-картаңдарды тиштегенде кыска болот, мындан сырткары бул мɵɵнɵт жапайы айбанаттар  тиштеген учурларда кыска болот.

 Кутурма кантип жугушу мʏмкʏн?

Оорулуу ит-мышыктардан, тʏлкʏ-карышкырлардан, айыл-чарба жандыктарынан жана башка жылуу кандуу жандыктардан, оорулуу жаныбарлардын тиштешинен, тытып алышынан, шилекейинен, ошондой эле анын шилекейи чачырап калган буюмдардан.

Биринчи белгилери: Тиштеген жердин жарасы толук айыкса да, ачышып (ооруп, дʏʏлʏгʏп, тери сезгенчээк тартып) калат. Тиштеген жери сезгенип, кызарып, шишийт, дене табы 37,3 градуска чейин кɵтɵрʏлɵт. Негизги белгилери суудан, желден, жарыктан коркуу, ошондуктан кутурманын алдын алуунун жалгыз гана жолу – ɵз убагында бул ооруга каршы эмдɵɵ алуу болуп саналат жана 100 пайыз кепилдик берилет.

Тиштеген учурда биринчи жардам кɵрсɵтʏʏ: Оорулуу жаныбардын шилекейи менен кошо дартты козгогучту жууп салыш ʏчʏн жараны же шилекей тийген жерди дароо жылуу суу менен самындап жууш керек. Канды соруп чыгарууга такыр болбойт. Жара болгон жерди жууп-тазалап коюу кутурма оорусунан сактабайт. Ɵз убагында медициналык жардам алыш ʏчʏн мʏмкʏн болушунча тезирээк жакынкы саламаттыкты сактоо мекемесине кайрылыңыз. Ал жерден жараны жууп тазалап, зарылчылыгына жараша кутурмага каршы эмдɵɵ сайышат.

Кутурма менен ооруган айбанаттар сɵзсʏз 10 кʏндʏн ичинде ɵлɵт

Жаныбарлар бул ооруну негизинен жапайы жырткыч айбанаттардан жуктурушат жана оорунун клиникалык белгилери пайда болорго чейинки 8-10 кʏн мурда шилекей менен кутурманын вирусу бɵлʏнʏп чыга баштайт жана оорулуу айбанат ɵлгɵнгɵ чейин уланат. Кутурма менен ооруган айбанаттар сɵзсʏз 10 кʏндʏн ичинде ɵлɵт. Ошондуктан тиштеген жаныбарларды 10 кʏн байлап багып, анын ден соолугун кɵзɵмɵлгɵ алуу мааниге ээ. Бирок элдин арасында тʏшʏнбɵстɵн тиштеген итти, мышыкты жана айыл-чарба жандыктарын дароо эле ɵлтʏрʏп, жок кылып жиберʏʏ фактылары кɵп кездешʏʏдɵ.

 Кутурма оорусуна чалдыккан ит-мышыктар, жапайы жана ʏй жаныбарлары ɵтɵ айбаттуу келишип, эч кандай себептери жок эле адамдарга жана жаныбарларга асылып, тиш салышат. Оору андан ары кʏчɵгɵндɵ оорулуу айбанат карышып, калтырап-титиреп, шал болуп шилекейлери агат. Ошонтип, кутурма оорусунун биринчи белгилери пайда болгондон тартып 8-10 кʏндɵн кийин жаныбарлар ɵлʏмгɵ дуушар болушат. Жаныбарларда кутурма оорусу 2 тʏрдɵ болуп ɵтɵт, башкача айтканда «тынч» жана «айбаттуу» (агрессивдʏʏ) тʏрʏндɵ болот.

 Агрессивдʏʏ тʏрʏндɵ айбанаттар ɵтɵ дʏʏлʏккɵн, адамдарды жана жаныбарларды тиштɵɵгɵ ынтылат, тиштеген жерлеринде ɵзгɵчɵ кычышууну пайда кылат, оозунан шилекей куюлуп, кɵзʏнʏн кареги чоноюп, жутунуусу оорлошот. Оорунун тынч мезгилинде, мезгил мезгили менен дʏʏлʏгʏʏлɵрдʏн ортосунда айбанаттар ɵтɵ тынч болуп, булчуңдары, кулактары, куйруктары жана кɵздʏн кабактары кыймылдаганы байкалып турат. Чочуп кеткен учурда, агрессивдʏʏ процесс кайрадан башталат. Адаттагыдай эмес башын артка карай чалкалатып, тамактын жана буту, колдорунун  булчуңдары паралич болуу белгилери менен ɵлɵт.

Кандай жаныбар тиштесе да дароо тɵмɵндɵгʏ кɵрсɵтмɵнʏ аткарыңыз:

1. Эгер капкан ит-мышык, айыл-чарба жандыктары жапайы айбандар  тиштесе алар сизге белгилʏʏ болсо, жараланган жердин канын сыгып таштап, самындап жууңуз;

— убакытты ɵткɵрбɵй тез арада жакынкы дарылоо мекемесине кайрылыңыз.

— дарыгердин берген кɵрсɵтмɵсʏн так аткарыңыз.

— ит-мышык, ʏй жаныбарларын байлап коюп, 10 кʏн бою байкоо жʏргʏзʏңʏз, аны ɵлтʏрʏп коюу жарабайт.

-эгер ит-мышык, ʏй жаныбарлары 10 кʏндʏн арасында ɵлбɵсɵ анын дени сак болот.

— эгер капкан, тиштеген жаныбарлар ɵлʏп калса, ɵлʏгʏн диагноз коюу ветеринардык лабораториясына жɵнɵттʏрʏңʏз, ал жɵнʏндɵ дарыгерге кабар кылып, кутурма оорусуна каршы эмдɵɵ алыңыз.

2. Эгер сизди белгисиз жолбун ит-мышык же жапайы айбанат тиштесе, же аны бирɵɵ ɵлтʏрʏп койсо же болбосо алар качып жоголуп кетсе, анда тез арада дарыгерге кайрылып, ал жɵнʏндɵ билдирип кутурмага каршы эмдɵɵ алыңыз.

3. Дарыгердин айткан кеңештерин толугу менен аткарыңыз.

 Кутурма  оорусуна каршы вакциналар Ош облусунун бардык райондорунда, Ош шаарынын бардык ДПМлеринде   жетиштʏʏ ɵлчɵмдɵ бар жана бекер эмдɵɵ жасалат.

Кутурмага каршы эмдɵɵ   жасалып жаткан учурда жана жасалып бʏткɵндɵн кийин тɵмɵнкʏ режимдерди сɵзсʏз сактоо зарыл:

1. Ар дайым айтылган кʏнʏ ɵз убагында эмдɵɵгɵ келʏʏ.

2. Тери гигиенасын сактоо.

3. Алкоголдук ичимдиктерди эмдɵɵ алып жасалып жаткан учурда жана жасалып бʏткɵндɵн кийин 6 айга чейин ичпɵɵ.

4. Денеге суук жана ысык ɵткɵрбɵɵ, оор жумуштарды аткарбоо жана денеге кʏч келтирбɵɵ керек.

    С. Халматов