27 апреля, 2024

“Бала кезде кыялдангандай врач болсом деп турам”

Быйылкы ЖРТнын жыйынтыгы менен алтын сертификат ээлеринин аты аталды. Алардын арасында Ош шаарынын окуучусу эң кɵп упай алган.

Кызжибек Жээнбекова, №4 С. Киров атындагы мектеп-гимназиясынын бʏтʏрʏʏчʏсʏ:

-Кызжибек, куттуктайбыз. Толкунданып турсаң керек?

-Рахмат. Эң жогорку балл алганымы укканда ишенбей толкунданып кеттим. Сʏйʏнгɵндɵн кɵздɵн жаш кетти. Жыйынтык мен кʏткɵндɵн да жогору болуп жатпайбы. Бул жаңылыкты апама, атама айттым. Анан бардык туугандарга сʏйʏнчʏлɵдʏк. Негизи мектепте бардык сабактарды жакшы кɵрʏп окуйм. Ɵзгɵчɵ химия, биология сабактары жагат болчу. Жалпы мамлекеттик тестирлɵɵдɵ да кошумча предмет катары химия, биологияны жана математика менен англис тилин тандаган элем.

-Эми кесип тандап баштасаң керек?

-Тест тапшырууга келгенде эч качан толкунданбай, ɵзʏңʏ эркин кармаш керек экен. Бир чети мындай жогорку балл алганыма китеп окуганым жардам берди деп ойлойм. Анткени адабий, илимий китептерди окуганда маалыматты кɵп аласың жана эс тутум жогорулайт.

Учурда ʏйдɵгʏлɵр каалаган окууңа тапшыр деп жатышат. Мен университеттерди караштырып жатам. Бала кезде кыялдангандай врач болсом деп турам.

Биринчиден, менин ушул даражага жеткирген ата-энеме, ʏй-бʏлɵмɵ рахмат айткым келет. Мектептеги мугалимдериме терең ыраазычылык билдирем. 11 жылдан бери окутуп, окууну мындан ары улантуума чоң мʏмкʏнчʏлʏк ачып отурушат.

“Кыргыз мектептерден болгону 5 окуучу “Алтын сертификат” алды. Бул коомчулукка чоң коңгуроо”

Ошондой эле бул жолку жалпы республикалык тестирлɵɵнʏн жыйынтыгы бир топ талаштуу пикирлерди жаратты. Ага ЖРТдан эң жогорку балл алган ТОП-7нин баары орусча билим берген мектептердин окуучулары экени себеп болду.

Нургʏл Тайыр кызы, мугалим:

-Кыргыз мектептерден болгону 5 окуучу “Алтын сертификат” алды. Бул коомчулукка чоң коңгуроо. Мында эки гана маселе бар: биринчи, кыргыз классты окуткан мугалимдер, биз начар даярдап жатабыз, экинчи ЦООМОнун даярдаган тестти татаал. Чынында кыргыз тилдʏʏ мектептептерде деле кʏчтʏʏ даярдаган мугалимдер жана окуучулар толтура да. Республика боюнча алганда жыйынтык эмнеге мындай? Жооп таппай жаттам. Мындай кɵрсɵткʏч ата-энелердин балдарын орус класстарга берʏʏ учурун дагы да кɵбɵйтɵт деп ойлойм. Анткени эл арасында орусча ОРТ жеңил болот, бат тʏшʏнɵсʏң, кыргызча ɵтɵ татаал, ойлоно албайсың деген шыбыр бар. Ата Журтуңда жашап, ɵз тилиңде ийгилик жарата албасаң, анда эне тилдин кереги эмне? Кыргыз тилибиздин келечеги мына кɵрʏнʏп калды.

Тезинен оорулууну таап дарылабаса, кыргыз тилдʏʏ мектептердин жок болгон кадырын дагы жок кылабыз го, бул кетиште… А сиздер кандай ойдосуздар?

Иманбек Азизилла уулу:

-ЖРТнын негизги бɵлʏгʏн математика жана кыргыз тили тʏзɵт. Прдеметтик тестирлɵɵлɵр ɵзʏнчɵ эсептелет. Негизги тестте математикадагы туура жоопко 3 балл, кыргыз тили боюча туура жоопко 2 балл берилет мен билгенден. Албетте, шаардагы орус тилдʏʏ же аралаш тилдʏʏ билим берʏʏ мекемелеринде математикалык билим жогорку деңгээлде берилет. Кыргыз тилдʏʏ мектептин бʏтʏрʏʏчʏсʏ катары муну моюндайм. Бирок! Кыргыз тилинин табиятын, касиетин, рухун, кɵркɵмдʏгʏн, кооздугун башка тилдегилер, башка тилде билим бергендер эч качан жетик ʏйрɵнɵ/ʏйрɵтɵ албайт. Айрыкча мамтилди жарытпаган башка этностор. Билсе да кыргыз тилдʏʏ окуучуларга жетпейт. А «киргиздер» боюнча айтар сɵз жок. Экинчи жагынан кыргыз тилдʏʏ мектептегилердин баары эле сабатсыз эмес! Андай болсо орус тилдʏʏ мекемедегилер кандайча космостук ийгиликтерди жаратып жатты экен? Мен ушуну тʏшʏнбɵйм да.

Быйыл алтын сертификат алган 54 окуучуга кɵз сыдырсак, бир нече башка этностогулар кɵзгɵ урунат. Былтыр 57 окуучу алтын сертификат алса, анын дээрлик тɵрттɵн бири башка улуттагы окуучулар. Календарды артка карай тʏрсɵк, башка жылдардагы жыйынтыктар жогоркудан кɵп деле айырмаланбайт. Эң эле таң калычтуусу, 2015-жылы В. Курочкин деген окуучу 236 балл менен республика боюнча эң жогорку балл алган болсо, 2012-жылы М. Лукина аттуу карындашыбыз 238 балл менен ɵлкɵ боюнча биринчиге чыккан. (Булардын баары кыргыз тилин укмуш ɵздɵштʏргɵн деп жакшы кʏмɵн кылалы). Мында сɵз тɵркʏнʏ этностук иденттʏʏлʏккɵ карай эмес, орус тилинде билим берген мекемелердин ийгилик формуласына карай жʏрʏʏдɵ.

Бул жерде кайсы бир этносторго ичтардык кылуу эмес, болгону ЖРТ жыйынтыктары боюнча рационалдуу акыл калчоо, анализ жʏргʏзʏʏ.  ЖРТны жоюш керек дегенден да алысмын. ЖРТ аркылуу таанышы, акчасы жок карапайым букарлыктын зирек балдары бюджетке окууга ɵтʏп келет. Эгер ЖРТ жоюлса, ЖОЖдордо экзамен болот. Бул дегени окууга кабыл алууда коррупция гʏлдɵйт дегенди тʏшʏндʏрɵт. Ошондуктан ЖРТны ɵнʏктʏрʏп, мектеп программасына айкалыштырып, кʏчтɵндʏрʏп, адилеттʏʏ ɵткɵрʏш керек. Кайсы бир мекемелердин жоопту алып алуу ыктымалдыгын нɵлгɵ(!) тʏшʏрʏш керек. Жыл сайын эле шагыратып алтын ала берген мектеп же кайсыдыр мекемелерге мониторинг жʏргʏзʏп, изилдеп, иликтеп, «ийгилик сырын» калыстык элегинен ɵткɵрʏш керек. Эгерде эле коррупциянын жыты билинсе, тиешелʏʏлɵрдʏ мыйзам алкагында аёосуз жазалаш керек!

Тургунбай Алдакулов, журналист:

-Ошентип, ЦОМОнун директору Чынара айым “иттин ɵлʏгʏ каерге кɵмʏлгɵнʏн” кɵрсɵтʏп берди. Кɵрсɵ, иттин ɵлʏгʏ кыргыз тилдʏʏ мектептердин “коридорунда” экен.

Бул жɵнʏндɵ Шекербек Нишанов агай да жазган эле.

Эми ушул жерде эки логикалык суроо туулат: 1. Эмне ʏчʏн мектеп бʏтʏрʏʏчʏсʏ билим берʏʏ системасындагы ɵксʏктʏн айынан жапа чегиши керек. Кыргыз тилдʏʏ билим берʏʏнʏ кɵтɵрʏʏ ʏчʏн 10 жыл керектелсе, 10 жыл бою абитуриенттер бюджеттик жана гранттык орундардан, айрыкча алтын сертификаттардан кол жууп кала береби?

Экинчи логикалуу суроо: деңгээли тɵмɵн боксёр менен кʏчтʏʏ боксёрду рингке чогуу чыгаруу адилеттʏʏлʏккɵ жатабы? Кыргыз тилдʏʏ билим берʏʏнʏн сапаты начар экенин билсек, анда эмнеге эки тилдин бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏ ʏчʏн ɵз ɵзʏнчɵ квота каралбай атат? Кыргыз, орус тилинде билим алган абитуриенттерди ЖРТга ɵзʏнчɵ киргизип, кʏчтʏʏлɵрʏн ɵзʏнчɵ аныктап, ɵзʏнчɵ алтын сертификаттарды берсек эмне ʏчʏн болбосун?

Албетте, кыргыз тилинде билим берген мектептердин абалына астейдил кɵңʏл бурулушу керек. Мугалимдердин педагогикалык чеберчилиги, даярдыгы текшерилип, тууганчылык же тааныш-билиштик менен кирип алган сапатсыз кадрлар тез арада иштен четтетилиши керек.