8 декабря, 2024

“Сапаттуу жемиш ɵстʏрɵ билсек, капчыктуу кардарлар ɵзʏ издеп келет”

Айыл чарбасы ɵлкɵбʏздʏн приоритеттʏʏ багыттарынын бири. Демек, сапаттуу продукцияларды ɵндʏрʏʏ, ички жана сырткы базарда ɵтʏмдʏʏлʏгʏн жогорулатуу учурдун талабы. Багбандар менен дыйкандар ɵз продукцияларын канткенде кымбат сатат, дегеле Кыргызстан кайсы продукцияларды масштабдуу тʏрдɵ экспорттой алат, багбанчылыкты жакшы жолго коюуда кай жеринен аксап жатабыз? Алдыда кенен айтып беребиз.

Манас Саматов, “Бай багбан” ассоциациясынын тɵрагасы, техника илимдеринин кандидаты, фермер.

-Манас агай, бʏгʏнкʏ кʏндɵ жер иштетʏʏ тармагыбыз кандай абалда, багбандар менен дыйкандар кирешени жогорулатуунун жаңы ыкмаларын колдонуп жатышабы?

-Ɵлкɵбʏздɵ айылды ɵнʏктʏрʏп, айылдардын ажарын ачуу ʏчʏн ар бир ʏй-бʏлɵнʏн туруктуу киреше булагын калыптандыруу керек. Демек, рентабелдʏʏлʏгʏ жогору ɵсʏмдʏктɵрдʏ ɵстʏрʏʏгɵ басым жасоо зарыл. Айыл-чарбасын уюштуруу, мобилизациялоо жагын туура багытта аныктап, кыска жолду тандабасак бул сапарабыз ɵтɵ узап кетиши мʏмкʏн. Мисалы, кɵпчʏлʏгʏ ʏлʏш жерин туура пайдалана албай, жер иштетʏʏдɵн кɵɵнʏ калып, айыл жергесинен кɵчʏп, ички-сырткы миграция  кʏчɵгɵн учурлар да болду. Азыр колдон келишинче Айыл чарба министрлиги менен биргеликте иш-аракеттерди жасап жатабыз. Мисалы, 2-июнда Кадамжай районунда “Багбандар кʏнʏ” мааракесин ɵткɵрдʏк. Башка ɵлкɵдɵн фермерлерди, ɵкмɵт мʏчɵлɵрʏн, депутаттарды, журналисттерди чакырып, жаңы технологиялар менен ɵстʏрʏлʏп жаткан бакты кɵрсɵтʏп, маалымат бердик. Биздин бийик бойлуу бактар бʏгʏнкʏ кʏндɵ моралдык жактан эскирди. Адамдар улам жаңы моделдеги машиналарды минип жатышпайбы, ошол сыяктуу багбанчылык да бир орунда турбайт. Мисалы, эски узун бойлуу алма багынан бир жумушчу бир кʏндɵ 250-300 килограмм алма терет. Полукарлик же кыргызча айтканда орто бойлуу алма багынан бир кʏндɵ бир жумушчу 2 тоннага чейин алма тере алат. Тактап айтканда, орто бойлуу кɵчɵттɵр коопсуздугу, тʏшʏмдʏʏлʏгʏ жагынан айырмаланып турат. Эски бактарды бутоо иштери да ɵтɵ татаал. Жаңы технология дегенде биз кɵчɵттʏн агротехникалык нормада белгиленген азыктарын берип, курт-кумурскадан, илдеттерден сактоо ʏчʏн профилактикалык иштерди аткаруубуз керек. Ошондой эле негизги жумуштардын бири аны сугаруу. Сугарууну эрежеге ылайык тамчы сугат системасын колдоно баштадык. Биринчиден, бул кол эмгегин кескин кыскартат. Экинчиден, сууну ʏнɵмдɵйт.

-Бак чоңоюп кеткенде тамчы сугат системасы ɵзгɵртʏлɵбʏ?

-Системанын ɵзʏ бактын берешен ɵмʏрʏ канча болсо ошого жараша эсептелинет. Сугаруу графиги кɵчɵт 3 жашка толгондо кандай болот, 20 жашка толгондо кандай болуусу керек, баары долбоордун жʏрʏшʏндɵ багбандарга тʏшʏндʏрʏлɵт. Негизи сугаруу режимин ɵзгɵртʏп коюуга болот, бул чечиле турган агротехникалык маселе, бирок, кɵчɵттʏ туура тандоо негизги кɵйгɵй бойдон калууда. Багбандардын ɵнʏгʏшʏнɵ тоскоол болгон эки эле фактор бар. Биринчиси айрым фермерлердин консервативдʏʏ кɵз карашы. “Менин бир гектар кɵчɵтʏм бар, 10 жылдык жаш алма кɵчɵттɵр” деп калышат. Канча тʏшʏм алдың десең 2 же 5 тонна деп жооп беришет. Бирок бул аз, биз гектарынан 70 тонна алма бере турган ыкмаларга карай аракет кылып жатабыз.

-Тʏштʏк региондорунун багбандары кокон гиласка басым жасашат эмеспи, кɵпчʏлʏгʏ кирешелʏʏ тармакка айлантып алса, айрымдарынын багы 12-14 жылдап тʏшʏмгɵ кирген эмес, бул боюнча пикириңиз кандай?

-Кокон гиластин тарыхы ɵзʏнчɵ бир икая. Балким, жаштар билбеши мʏмкʏн, чоңдор арасында “кашкар гилас” деп да айтылып жʏрɵт. “Кашкар гилас” Кокон хандыгы учурунда келген ʏчʏн “кокон гилас” атка конгон. Ошол учурдагы бийликтин колу жеткен жерге чейин кокон гилас тарайт. Кыргызстандын тʏштʏк аймагындагы эң отурукташкан жери Баткендин Кадамжайы болгон. Эски гилас кɵчɵттɵрʏ таза келип, кийинчерээк жерлер жеке менчикке ɵткɵндɵн кийин тракторчусу, суучусу деле кɵчɵттʏ туш келди тамырга улап, ар кандай калемче менен жаңы кɵчɵт чыгара баштаган. Ошентип илимге тɵп келбеген, сапатсыз кɵчɵттɵр пайда болду. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ багбанчылыктагы ушул башаламандык кɵпчʏлʏк багбандардын ишин артка тартууда. Айрымдары тиккен кɵчɵтʏн 5-10 жылдап кʏтʏп, тʏшʏм бербей акыры куурап калгандары да бар. Сапатсыз кɵчɵттɵрдʏ жɵн сатпай карлик, полукарлик деп сатышкандыктан багбандар “жаңы кɵчɵттɵр болбойт экен” деген тыянакка келишʏʏдɵ. Эл карликти бак деп тʏшʏнʏп алган, карлик бул технология. Эгер жаңы технология жɵнʏндɵ кеп кылсак муну интенсивдʏʏ багбанчылык деп айтышыбыз керек. Негизи, ɵндʏрʏштʏн эки тʏрʏ бар. Экстенсивдʏʏ жана интенсивдʏʏ. Экстенсивдʏʏ ыкмасында улам аянтты кеңейтип отуруп, кɵп тʏшʏм аласың. Интенсивдʏʏ багбанчылык аз жерден кɵп тʏшʏм алуу. Интенсивдʏʏ багбанчылыкта кɵчɵттɵр орто бойлуу (полукарлик) жана жапыз бойлуу (карлик) болуп бɵлʏнɵт. Бизге аз каражатты талап кылган полукарлик кɵчɵттɵрʏ ыңгайлуу. Карлик кɵчɵттɵрʏн тигип, бак кылуунун алгачкы капиталдык кɵлɵмʏ аябай чоң. Аны эл кɵтɵрбɵшʏ мʏмкʏн.

-10 жылдан ашкан 1 гектар кокон гилас багы канча тʏшʏм берʏʏсʏ керек?

-Мисалы, Баткендин ʏч-Коргонунда эң кɵп тʏшʏм алгандар гектарынан 6 тонна алып жатышат. Дʏйнɵ жʏзʏндɵ бактын тʏшʏмдʏʏлʏгʏ гектарына карата эсептелет. Жаңы технология менен эгилген гиластар 12-14 тонна берʏʏсʏ мʏмкʏн. Кокон гиластин бир сырын эске алуубуз керек, ал чаңдатуучуга карата ɵтɵ назик келип, чаңдатуучусу жакшы болмоюнча тʏшʏмгɵ толук кирбейт. Ошондуктан чаңдатуучу сорт менен аралаштырып эгʏʏ сунушталат.

-Учурда багбандар гиластин кɵчɵтʏн Ɵзбекстан Республикасынын питомниктеринен да алып чыгышат, негизи сырттан келтирилген кɵчɵттɵр ишенимдʏʏбʏ?

-Кɵчɵт саткандар кɵп, бирок тандоо мʏмкʏнчʏлʏгʏ аз. Мурдагы Советтер союзунун территориясында, тагыраагы, биздин коңшу ɵлкɵлɵрдɵ заманбап, сапаттуу кɵчɵттɵрдʏ ɵстʏргɵн питомниктер ɵтɵ сейрек. Биздин багбандар интернетте кɵбʏрɵɵк реклама болуп жаткан арзан кɵчɵттɵрдʏ алып алышууда.

-Сиздер багбандарга туура кɵчɵт тандап берʏʏгɵ жардам бере аласыздарбы?

-Албетте, кɵчɵт ɵстʏрʏʏ – илимий жумуш, жардам беребиз. Биз 10 жылдан бери буюртма менен гана чет ɵлкɵдɵн, бир питомниктен, бир колдон сапаттуу, сертификаттары бар кɵчɵттɵрдʏ алып келʏʏдɵбʏз. Кɵчɵттʏ берип эле тим болбостон агрономиялык коштоо болот. Алгач адамдын ɵзʏн даярдайбыз, анан жерди даярдаганды, кɵчɵт тандоону, кантип тигʏʏнʏ, кантип дарылоону, азык берʏʏнʏ ʏйрɵтʏп, акысыз онлайн консультацияларды берип, бир жылдык программасын тʏзʏп, тамчы сугат системасын жасап беребиз.

-Айыл-чарба продукцияларынан кайсынысын масштабдуу тʏрдɵ экспорттой алабыз?

-Мисалы, мен багбан болсом, мага айырмасы жок. Кай жерден келип албасын кымбат сураганына сата берем. Эң жакшы рынок бул ички рынок. Оңой, эркин сатылат. Экспорт темасына келсек, колубузда экспортко ылайык товар барбы? Бизде азыр айыл чарба продукцияларын сапаттуу ɵндʏрʏʏнʏн ɵзʏ аксап жатат. Эгер улуттук масштабда сапаттуу жемиштерди ɵстʏрɵ билсек капчыктуу кардарлардын ɵзʏ издеп келет. Ошондо гана экспортко жол ачылат. Мына быйыл алма сатылбай жатат деп даттанышууда. Эски бактагы алмаларга ички базарда да, сырткы базарда да суроо-талаап жок болууда. Анткени стандартка туура келбейт. Айталык, той-мааракелерге алма алган киши 30 сомдук майда алманы албай, 150 сомдук кɵрʏнʏшʏ жакшы Польшанын алмасын сатып алат. Дʏң баада алгандар да сапаттуусуна карайт. Бизге ɵкмɵт сатып бербей жатат, башка ɵлкɵлɵр менен келишим тʏзбɵй жатат деген тʏшʏнʏктɵн алыс болушубуз керек. Баары ɵзʏбʏздʏн аракеттен, жаңы технологияларды колдоно билип, сапаттуу продукция ɵндʏрʏʏбʏздɵн кɵз каранды.

Ар тʏрдʏʏ ɵсʏмдʏктɵрдʏ 15 сотик тамаркада ɵстʏрʏʏнʏн кирешелʏʏлʏгʏн чагылдырган таблица.

ƟсʏмдʏкТʏшʏмдʏʏлʏгʏТʏшʏм/15 сБаасы, сом/кгДʏң киреше/15 сДʏң киреше, $/га
Кулпунай16т/га2400 кг150 сом/кг360 000 сом27 900 $/га
Алма40т/га6000 кг60 сом/кг360 000 сом27 900 $/га
Гилас10т/га1500 кг200 сом/кг300 000 сом23 200 $/га
Гʏрʏч4т/га600 кг220 сом/кг132 000 сом10 230 $/га
Сабиз40т/га6000 кг17 сом/кг102 000 сом7 907 $/га
Картошка30т/га4500 кг22 сом/кг99 000 сом7 675 $/га
Жʏгɵрʏ10т/га1500 кг27 сом/кг40 500 сом3 100 $/га
Беде600 таңгак/га 400 сом/тангак40 000 сом2 790 $/га
Буудай6т/га900 кг20 сом/кг18 000 сом1 395 $/га
Тɵɵ буурчак3т/га450 кг150 сом/кг67 500 сом5 200 $/га

Айжылдыз Тойчиева